Туураны үйрөнүү


 Даанышман заттар айтышат:

Бул диндин негизи - үйрөнүү жана үйрөтүү. Бул болсо улууларыбыз билдиргендей Ахли сүннөт акидасын жана илмихал маалыматтарын үйрөнүп, аны болсо башкаларга эч өзгөртпөстөн өткөрүп отуруу менен болот.

Аллаху таала эч бир нерсени максатсыз жана хикматсыз жараткан эмес. Ар нерсенин бир хикматы (сыры), максаты бар. Раббибиздин жараткан нерселеринде албетте, бир хикмат бар. Аллаху таала да адамды максатсыз жараткан эмес. "Силерди бир максат үчүн, ибадат үчүн жараттым”, - деп буюрду. Ибадат кылууда максат – Аны таануу жана Анын улуктугун түшүнүү, ал эми өзүндө болсо жаман напси бар экендигин билүү. Өзүн өзү таануу бир адамда канчалык арта турган болсо, Аллаху тааланын улуктугу ошончолук түшүнүктүү боло баштайт. Өзүн жакшы көргөн адам мусулмандарды жакшы көрбөйт, Исламиятты жакшы көрбөйт, мына ушундайча ширкке чейин барат.
Динди үйрөнүү жана үйрөтүү күчүнүн жетишинче баарына парз. Бизден мурдагылар бизге үйрөтүү үчүн аракет кылышпаганда биз бүгүн мусулман боло албайт элек. Биз дагы бизден кийинкилерге ушундай таза бойдон жеткирүүбүз керек. Үстүбүздөгү аманат жүгү өтө чоң.
Кимдин билеги күчтүү болсо ташты алысыраак ыргытат. Ахли сүннөт акидасынын жайылуусу, бүгүнкү күнгө чейин келүүсү Ахли сүннөт аалымдарынын күчү менен, кызматы менен болду, башкалар эмес!

Аллаху тааланын бир кулун жакшы көргөндүгү же жакшы көрбөгөндүгү каерден белгилүү болот? Эгер, Аллаху таала бир кулун жакшы көргөн жана тандаган болсо, ага сүйгөн кулун таанытып аны да сүйдүрөт. Муну Аллаху таала бул кулун куткарууну каалагандыгы үчүн кылат. Пайгамбарыбызга баш ийгендер сыяктуу...

Пайгамбарыбыз менен бирге болуп, анын мубарек сөздөрүн тыңдап Асхабы кирам болгон бир адам кандай гана сүйүктүү жана тандалган адам! Пайгамбарыбыздын окуучусу, шакирти болуу насип болду. Андай болсо, Пайгамбарыбызды бизге тааныткан мурасчыларына да шакирт болуу, аларды таануу керек. Шакирт болуудагы максат анын кадырын билип, ал көрсөткөн жолго өзүн тапшыруу дегендикте жатат.

Мусулмандын белгиси берген сөзүндө тургандыгында. Момун экендигибиз эки нерседен белгилүү болот:

1-Колунан ишеничтүү болгон адам.

2-Тилинен ишеничтүү адам.

Чыныгы момун адам эч качан харамга колун узатпайт, харамды кармабайт, харамды ичпейт, харамды жебейт, харамды жазбайт жана сүйлөбөйт. Колуна да, тилине да ишениле турган адам.

Өмүр бою жашап атып айланасындагылардын өлгөндүгүн көрүп жаназаларына катышып жүргөн адам дайыма ушинтип улана берет деп ойлойт. Кимдин жаназасын көтөргөн болсок ал дагы убагында далай адамдын жаназасын көтөргөн, бирок, бүгүн келип өзү дагы жаназа болду. Бир күн келет биз дагы жаназа болобуз, муну унутпайлы!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш