Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Тууралык, ишеним жана сүйүү




Тууралык, ишеним жана сүйүү


Даанышман заттар айтышат:

Дин улуктарынын өмүрүндө, адамдарга карата мамилелеринде ишенимдүүлүк бар, түз жолдон тайышпайт. Б.а., эч бир адамга каршы иш аракетте болушпайт, эч бир адамга каршы ойдо болушпайт. Тескерисинче, дайыма "Адамдарга канткенде пайдалуу боло алам, кантип жакшылык кыла алам?” деген ой менен жашашат. Өмүр-баяндары дайыма ушундай өрнөктөргө толгон.

Динге кызмат кылган ар бир адам бул улуу инсандарга, дин боордошторуна жана кылган иштерине ишенүүлөрү керек. Б.а., жумушта иштегендердин "мен бул ишти эмне үчүн кылып жатам?” деген суроолоруна жообу дайын болуусу керек. Бул иштин негизинде ишеним бар. Адам ишенген кезде бактылуу болот. Эгер бир адамга карата, бир ишке карата ишеними бар болсо бул аны сүйүүдөн улам болот. Сүйүүгө муктаждык бар. Бирок, жаңы сүйүүнүн бар болуусу үчүн ишенимдүүлүк камсыздалуу керек. Бир адам бир адамга ишенсе аны сүйөт, сүйүүсү бар болсо дагы да артат. Эгер шектене турган болсо сүйбөйт, сүйүүсү болгон болсо азаят. Ошондуктан, ишенимди кетире турчу бир кыймыл-аракет ал ишке болгон сүйүүнү азайтат. Өзүм билемдик менен мамиле кылган адам мындай ишенимге зыян берген адам кызматтарга да, дин улуктарына да тил тийгизилүүсүнө себепчи болгон болот. Бул болсо ал адам үчүн өтө жаман.

Ар иште ар качан туура болуу керек. Адамдарга карата сый-урмат, таза, жөнөкөй, көркөм мүнөздүү болууга көңүл бөлүү керек. Аларды эч качан алдабоо, өзү дагы алданбоосу керек. Акчаны кайра табууга болот, бирок, жоготулган ишеним кайра оңой-олтоң колго тийбейт. Ошондуктан, үч тыйындык пайда үчүн Мусулмандыктын жана дин улуктарынын кадырына бир зыян келүүсүнө себепчи болбоо керек. Тууралык, чынчылдык сыяктуу чоң байлык жок. Бул байлык эч качан акчага окшобойт. Колдонулган сайын азайбайт, кайрадан көбөйөт, эч качан азайбайт.

Адамдарга бир нерсе берип жатканда алгач дубаларын алуу керек. Кардарлар сатып алган буюмдарды жактырып: "Аллах ыраазы болсун” деп айта алуулары керек. Кардар дайыма акылуу экендиги унутулбашы керек. Эгер ыраазы эмес болсо ага жаңысын берүү керек. Эч качан талашып-тартышпоо керек. Себеби, дос менен да, душман менен да талашуу зыяндуу, достун достугун азайтат, душмандын душмандыгын көбөйтөт.

Бир жолу буюм сатып кардардан акча алуу марифат эмес. Маанилүү болгон нерсе ишенимине ээ болуп, аны дайыма кардар кылып, мындан да маанилүүсү анын дубасын алуу. Негизги марифат мына ушу. Дуба алган адам болсо көп нерселерге жетет. Дүнүйөсүн да акыретин да табат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш