Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бир сөзгө сабыр кыла албаган адам көп сөз угат




Бир сөзгө сабыр кыла албаган адам көп сөз угат


* Жакшы сөздөр тамчы-тамчы бал сыяктуу. Булар адамдын рухуна даам берет.

* Аллаху таалага каршы чыкпаган тил менен дуба кылган адамдын дубасы кабыл болот.

* Адамды зыянга учуратчу үч мүнөз бар: Сөзүндө турбоо, куулук кылуу жана зулумдук кылуу.

* Эсепке тартыла турганын билип турса да харам оокат жыйноону уланткан адамга таң калууга болот.

* Мусулмандардын жакшысы адамдарга жардам кылган жана пайдалуу болгону.

* Ахли сүннөт аалымдарынын Аллах ыраазылыгы үчүн жазган китептерин окуу – чоң саадат.

* Шүгүрдүн негизи жакшылыктын ээсин билүү, муну көңүл менен кабылдоо жана тил менен дагы айтуу.

* Илимдин башы ниет, кийин түшүнүү, кийин орундоо, андан кийин коргоо, эң акыры жайуу.

* Илим мал-мүлктөн жакшыраак. Илим сени коргойт, сен болсо мал-мүлктү коргойсуң. Мал-мүлктүн кароолчулары өлөт, илимдин кароолчулары болсо көңүлдөрдө жашайт.

* Ар ким сени Аллахты канчалык сүйсөң ошончолук сүйүшөт. Аллахтан канчалык корксоң сенден ошончолук коркушат. Аллахка канчалык баш ийсең, сага ошончолук баш ийишет, Аллаху таалага канчалык кызмат кылсаң, сага ошончолук кызмат кылышат. Ар бир ишиң Аллах үчүн болсун! Андай болбосо эч бир ишиңдин пайдасы болбойт. Бир гана өзүңдү ойлобо, Андан башкага ишенбе, көп ибадат кылсаң да амалың менен мактанба!

* Акыретте азаптын жана сыйлыктын бүтпөй тургандыгын билген адам чексиз ырахаттыкка себеп болгондугу үчүн бир нече күндүк балээ жана кыйынчылыктар ага жеңил сезилет.

* Бир сөзгө сабыр кыла албаган адам көп сөз угат.

* Илим тамак сыяктуу. Ага дайыма муктажбыз. Бардыгына пайдалуу.

* Көздү харам нерсени кароодон жана башкалардын кемчилигин көрүүдөн сактоо керек!

* Ибадаттын эң баалуусу - напсиге баш ийбөө.

* Кыяматта каерге барууну кааласаңар даярдыкты ошого карап кылгыла!

* Аллахтан коркуу – бул ибадаттардын кооздугу.

* Эмгектенбестен колго тийген нерселер туруктуу болбойт.

* Денесине харам нерсе аралашкан адам намаздарынан даам тата албайт.

* Аллаху тааланын мээрими бар деп Ага каршы чыга турган болбо!

* Халал-харамдан ар тапканын ылгабастан, коркпостон жегендерден болбо!

* Йа, Рабби! Досторуңду жана олуяңды ушунчалык жашырдың, аларды тапкан Сени табууда жана Сага жете албаган адам аларды тааныбоодо.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш