Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дин бир тууганын сындоо




Дин бир тууганын сындоо


Асхаб-ы кирамдын эч бири эч бир сахабаны жамандаган эмес. Аллаху таала Асхаб-ы кирамды башка жакшы өзгөчөлүктөрүн эмес жакшы мүнөздөрү менен бири-бирин сүйүшкөндүктөрүн мактоодо. "Алар бири-бирин өтө сүйүшөт, бири-бирине өтө мээримдүү, бирок, Аллах душмандарына каршы өтө катуу жана бекем болушкан”, - деп айтууда.

Бир шакирт устазына келип досторунун кемчиликтерин айтып жатканда ал мубарек зат айтат:

Сен досторуңду мындай сындасаң нифак жолунда болосуң. Өзүңдү бул коркунучтан сакта, тообо кыл! Сен кылган бул сын убакыт өткөн сайын бизге келет. Акыретте мага муну айтпадың дебешиң үчүн сени эскертип жатам.

Нифак кыйынчылыктардан, жаңылыштыктардан туулат. Ал сын акыры барып нифакка, андан кийин ал жолдон чыгууга жол ачат.

Дин улуктары: "Өзүн Франк капырынан, таз иттен жогору көргөн адам Аллаху тааланы тааный албайт”, - деп айтышкан. Ыйман келтирген, жихад кылган, дин улуктарын тааныган жана сүйгөн адам дин бир тууганына бир канча кемчилигинен улам душмандык кылууга болобу!?

Бир муршиди камилдин шакиртине эмне кылынса ал анын устазына тийет. Себеби, улуу заттар: "Ар бир шакиртибиз биздин балдарыбыз”, - дешкен. Балага кылынган иш атага карата кылынган болот. Алардын шакирттерине болгон жакындыгы балдарына болгон жакындыктарынан да артык болот.

Дин бир тууганын сүйбөгөн адам устазын дагы сүйбөгөн болот. Ахли сүннөт аалымдарын же Асхаб-ы кирамды сүйбөгөн адам Расулуллахты сүйө албайт, Расулуллахты сүйбөгөн адам Аллаху тааланы сүйө албайт.

Ниматка шүгүр

Курани каримде: "Берген ниматыма шүгүр кылсаңар көбөйтөм, шүгүр кылбай турган болсоңор колуңардан алып ачуу азап тарттырам”, - деп айтылууда.

Аллаху тааланын бул дүйнөдө бир пендесине бере турчу эң чоң ниматы - Имам Раббани хазреттери сыяктуу бир сүйгөн кулун ага таанытуусу. Бул таануу деген нимат кантип көбөйөт? Эки нерсе менен көбөйөт:

Биринчиси: ал мубарек заттын китептерин окуу жана окутуу үчүн аракет кылуу. Себеби, Пайгамбарыбыз: "Менден укканыңарды башкаларга түшүндүргүлө”, - деп буюрууда.

Экинчиси: дин бир туугандарын, айрыкча ал заттын калган шакирттерин өтө сүйүү. Жада калса, өзүнөн да артык сүйүү. Сүйүктүүнүн сүйүктүүсү болуш үчүн өзүнөн да артык сүйүүсү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш