Ислам дини » Аалымдардын маектери » Кийин кылам дегендер




Кийин кылам дегендер


Даанышман заттар айтышат:

Дүнүйө өткүнчү. Адам бул дүнүйөдө кыйынчылык тартса кайгыруунун кереги жок. Тескерисинче, кооз сарайларда жатып, төгөрөгү төп келген жыргал ичинде өмүр сүрсө кубанып кереги жок. Укмуштай сарайларды салдырган адамдар болот, бир карасаң ал сарайлары калган, бирок, өздөрү жок, акыретке көчкөн. Имам Абу Юсуф Халифа Харун Рашидге карата кылган насыятында айтат:

"Бүгүнкү ишти эртеңкиге таштаба, болбосо, иштериңди бекерге жумшаган болосуң. Ажал келгенден кийин иш менен ибадат кылууга болбойт. Эки иштин кайсынысы акырет үчүн болсо ошону танда! Себеби, акырет түбөлүк, дүнүйө болсо өткүнчү. Бул дүнүйө да, анда жашап жаткандар да жок болушат. Акырет болсо түбөлүк кала турчу жер. Эртең Аллахтын алдына Ага каршы чыккан болуп чыкпа! Ушул нерсени жакшы бил, Аллаху таала кулдарын бийлик-мартабаларына карай эмес амалдарына карай эсепке тартат. Аллаху таала эскертүүдө, андай болсо дыкаттуу бол! Себеби, сен бош жерге жаратылган жоксун, ушул себептен улам башың бош ташталбайсың. Кылгандарың менен эсепке тартыласың, мында шек жок. Пайгамбарыбыз: "Кыяматта ар ким ушул төрт суроого жооп бермейинче эсептен кутула албайт: Өмүрүн каерде кантип өткөрдү? Илими менен кандай амал кылды? Мал-мүлкүн каерде жана кантип тапты жана каерге сарптады? Денесин каерде эскиртти?” – деп айткан. Бул суроолордун жоопторун даярда!”

Адам өлгөн кезде дүнүйөлүк тапкан нерселеринин бардыгы дүнүйөдө калат. Чоң ооруга чалдыкканда деле мал-мүлк, бала-чака дебестен бир гана "Менин акырым эмне болот?” – деп өзүн ойлонот. Өлүм сөзсүз болуп турса эмне үчүн акыбетибизди ойлоонууну эң соңуна калтыруудабыз?

Акыркы демде ыйман менен кетүүнү каалайбыз. Акыркы демибизди болсо качан чыгара турганыбызды дагы билбейбиз, каалаган убакта болушу мүмкүн. Анда эмнени күтүп жатабыз? Азыртадан Аллах дегенди, бардык нерсени Аллах үчүн кылууну баштайлы. Пайгамбарыбыз: "Халакал мусаввифун”,б.а., "Кийин кылам дегендер куруду”, - деп айтууда. Бул "Диндин буйрук жана тыюу салган нерселерин кийинкиге таштагандар куруду” деген мааниде. Мал-мүлк, бийлик-мартаба эгер Аллаху тааланы унуттура турган болсо мунун бардыгы дүнүйөлүк болот, бирок, Анын ыраазылыгына ылайык түрдө таап колдонула турган болсо дүнүйөлүк болбойт. Дүнүйөлүк нерселердин кандай баасы болмок эле? Тилекке каршы азыр адамдар дүнүйөлүк иштерди биринчи планга коюп, акыреттик иштерди эң акыркы планга таштап коюшууда. Ал эми бардык нерсенин башы биринчи даражада маанилүү болгон Аллаху тааланын сүйүүсүн, ыраазылыгын табуу жана Анын буйрук жана тыюу салган нерселерине баш ийүү болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш