Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аалымдарды таануунун баасы




Аалымдарды таануунун баасы


Даанышман заттар айтышат:

Маселенин бардыгы ыйман менен өлүүдө. Ыйман менен өлгөн болсо күнөөлөр тоодой болсо дагы кутулуусу жеңил болот. Себеби, көптөгөн шапаат бар. Эң башта Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” күнөөсү көп болгондорго да, чоң күнөө кыландарга да шапаат кылат. Андан кийин Анын мурасчылары шапаат кылышат. "Аалымдар пайгамбарлардын мурасчылары” жана "Шакирттеринин арасындагы аалым Үммөтүнүн арасындагы пайгамбар сыяктуу” деген хадиси шарифтер аалымдардын жана шапааттын маанисин көрсөтүүдө.

Бир жигит өлөт, эсепке тартылат. Күнөөлөрү тоодой, сообу бир ууч. Жаханнамга алынып бара жатканда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Бул кулуман төрт нерсе сурайм. Бере турган жообуна карата мамиле табат”, - деп буюрат:

1-"Ал кулум дүнүйөдө жашап жатканда бир Ахли сүннөт аалымын тааныдыбы, анын сухбатында болдубу?” деген суроого жаш жигит: "Жок, мындай сыймыкка ээ боло албадым”, - дейт.

2-"Жарайт, анда ушундай бир аалымдын дасторконунда отурдуңбу, аны менен тамак жедиңби?” деген суроого "Жок” дейт.

3-"Ал жашаган үйгө жакын жашадыңбы?” деген суроого дагы "Жок” дейт.

4-"Мындай заттын уулун жакшы көрдүңбү, аны менен достук курдуңбу?” деген суроого жаш жигит: "Ооба, коңшу айылда ушундай аалым бар болчу, анын уулу менен дос болчумун, абдан жакшы көрчүмүн, ал дагы мени абдан жакшы көрчү”, - дейт. Ушундай дегенде Аллаху таала буюрат:

"Балага кылынган нерсе атага кылынган болот. Анын баласын жакшы көргөн дагы анын шапаатына ээ болот. Ал жаш жигит аалымдын шапаатына ээ болду. Бардык күнөөлөрүн кечирдим. Аны Жаннатыма алып баргыла!”

Имам Раббани хазреттери сыяктуу дин улуктарынын китептерин, шакирттерин сүйгөн адамдар дагы ушундай жакшылыкка ээ болушат. Себеби, бул дин улуктары: "Шакирттерибиздин бардыгы биздин балдарыбыз”, - дешүүдө. Ошондуктан, бул дин улуктарынын шакирттерине болгон сүйүүсү эң жакындарына болгон сүйүүлөрүнөн дагы артык болот.

Расулуллахтын бул мурасчыларын таануу жеке өздөрүнө болбосо дагы китептерине жана аларды тааныган адамдарга кол жеткирүү болуп эсептелет. Ошол заманда Силсиле-и Алиййа улуктарынан Абдулхалык Гонждувани хазреттеринин бир шакирти болгондо Халлаж-ы Мансур өзүнүн асылуусуна себеп боло турчу сөз сүйлөмөк эмес. Себеби, дин улуктары сыяктуу алардын шакирттери дагы фитнага себеп боло турчу иш жана сөздөн сактанышчу. Бир муршиди камилге жана бир шакиртине же болбосо бир китебине жолукпаган адамдын кутулуусу өтө кыйын.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш