Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жаннатка чакыруу кагаздагы кол




Жаннатка чакыруу кагаздагы кол


Даанышман заттар айтышат:

Бисмиллах айтылып желген тамактар денеге шифаа болот, бисмиллахсыз желген тамак болсо денеде мараз оорусун пайда кылат. Тамакты бисмиллах айтуу менен жеген адамдын денесине шайтан кире албайт, бисмиллахсыз желген тамак менен бирге шайтан денеге кирет. Дин улуктары ар биринде бисмиллах айтышчу.

Бисмиллах 19 тамгадан турат, Жаханнамда азап берчү периштелердин саны 19. Жаханнамда азап берчү 19 азап периштесинен кутулууну каалаган адам көп бисмилах окусун. Бисмиллахтын ар бир тамгасы азап периштесин алыстатат. Бисмиллахты көп айткан адам Сырат көпүрөсүн чагылгандай тез өтөт. Аллаху таала момун пендесин Жаннатка киргизет жана чакыруу кагазы берилет, анын алдындагы коюлган кол – Бисмиллах.

- Жоомарт адамдын берген даамында шифаа болот. Ооруп калган кезде жоомарт мусулмандын тамагын жеш керек.

- Намаз окуп жатканда ар бир рекетте "Алхамдулиллахи раббил алемин” деп айтуудабыз, "йа Рабби, мага намаз окууну ихсан кылгандыгың үчүн сага хамд кыламын” дегенди билдирет.

- Адам өз напсине эмне айтса аз. Анын жамандыгын айтып бүтүү мүмкүн эмес. Ар бир каалаган нерсеси өзүнө каршы. Тамагы дагы харамдар. Ичибиздеги бул акмак макулукка моюн сунуп адамдардын көңүлүн оорутпайлы. Көңүл Аллаху таалага өтө жакын, аны сындырууга болбойт. Аллаху тааланын коңшусу. Аны таарынткан адам Аллаху тааланы таарынткан болот. Ар бир көңүл (калб) жаратылыш табиятында Исламиятка ийкемдүү. Аны кийин душмандары бузуп, ооруга чалдыктырган. Ичиндеги душманы – напси, сырттагы душманы болсо – шайтан жана жаман адамдар. Ооруга чалдыккан көңүлгө туура нерселерди кабыл кылдыра албайсыз. Бир гана дарысы – бул үч душмандан сактануу. Муну адам өзү орундай албайт. Имам Раббани хазреттери сыяктуу Ахли сүннөт аалымдарынын китептери окулса, ал улуу заттардын кадыры үчүн шифаа келет, оорулардан сактанган болот.

- Соода турмушунда атаандаштарыңарды, дүнүйө турмушунда душмандарыңарды жеңилге албагыла дешкен.

- Өлүмдөн качуунун пайдасы болбойт, себеби, андан кутулуу жок. Каерге барсак да барган жерибизде өлбөйбүзбү, албетте, ал жерде дагы өлөбүз. Качууну таштап, даярдык көрөлү.

- Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Үммөтүмдүн азабы дүнүйөдө берилет”, - деп айткан. Акыретке бир нерсе калбайт. Күнөөлөрүбүздүн каршылыгын бул дүнүйөдө азап менен, кайгы менен тартабыз. Кандай чоң нимат! Акыреттеги азаптын жанында дүнүйөдө тартылган азап-кыйынчылыктар эсепке да кошулбайт.

- Илим өтө баалуу, бирок, мал-мүлк менен колдоо таба турган болсо андан да баалуу болот, себеби, илим мал-мүлк менен жайылат.

Аалымдын калем сыясы кыямат күнү шейиттин каны менен тартылат, аалымдын калем сыясы оордук кылат. Кайсы сыя менен китеп жазылган, басылган, таратылган, окулган болсо бул сыянын салмагы оор келет.

- Эң жакшы садага – илим үйрөтүү, андан кийин илим үйрөнүүсүнө себепчи болуу.

- Итикады (ишеними) Ахли Сүннөт болгондор Жаханнамга кирбейт.

- Аллаху таала кулум менден эмне кааласа ага ошол эшиктерди ачам, ага ошол жолду ачам деп билдирүүдө. Көңүлдүн багыты өтө маанилүү. Каерге багыт алганыбызга дыкат назар салалы. Эмнеге ниет кылдык ошону абдан жакшылап ойлонолу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш