Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аллахтын хабиби (сүйүктүүсү)




Аллахтын хабиби (сүйүктүүсү)


Даанышман заттар айтышат:

Бардык пайгамбарлар Аллаху таалага ашык. Пайгамбарыбызга болсо Аллаху таала ашык. Улул-азм пайгамбарлардан Ибрахим алейхиссаламга (Халилуллах = Аллахтын досу), Муса алейхиссаламга (Калимуллах = Аллах аны менен сүйлөшкөн зат), Адам алейхиссаламга (Сафийуллах = Аллах ихсаны менен тандалып жараткан зат), Нух алейхиссаламга (Нежийуллах = Дайым Аллах менен алек болгон, илахий фейздерге ээ болгон зат) деген сыяктуу көркөм ысымдарды берген, Пайгамбарыбызды болсо «Хабибуллах» деди. Жада калса: «Сен болбогондо ааламды жаратпас элем», - деди. Хабибин өтө баалагандыктан өз затына карата кылынгандарды кечирет, бирок, Ага кылынгандарды кечирбейт. Пенде Расулуллахка болгон сүйүүсүнчөлүк Аллахка сүйүктүү боло алат. Жанабы Хак Хабибине моюн сунулбастан кылынган ибадатты да, ыйманды да кабыл кылбайт. Ортодо Ал болбостон Аллахтын сүйүүсүнө жана ыраазылыгына жетип болбойт.

Пайгамбарыбыз Миражда: «Үммөтүм, үммөтүм», - деп көз жашын төгүп жатканда Жанабы Хак: «Алар ылайдан жаратылды. Бул бир ууч топурак үчүн төгүлүп жаткан көз жаштарың эмне үчүн? Сага ашык болгон Раббиң сен үчүн эмне гана кылбасын? Сенин кадырың үчүн бардыгын кечирет», - деп нида кылды. Ихсан кылынган бул чоң ниматка жана сүйүнчүгө көп шүгүр кылышыбыз керек.

Бир күнү кээ бир христиандар Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттеринен: «Биздин пайгамбарыбыз өлгөндөрдү тирилтчү. Силердин пайгамбарыңардын мындай нерсесин уккан жокпуз. Ошондуктан, биздин пайгамбарыбыз силердин пайгамбардан жогору», - дешет. Гавс-ы азам: «Мен пайгамбар эмесмин. Бир гана Ага моюн сунган мусулманмын. Эгерде кылган дубам менен өлгөн киши тириле турган болсо мусулман болосуңарбы?» - деди. Алар: «Ооба», - дешет. Мазарлыктан өтө эски бир кабырды көрсөтүшөт. Христиандарга: «Бул кабырда жаткан адам дүнүйөдө ырчы экен. Аны ыр ырдап жаткан абалда тирилтейинби?» - деп сурайт. Алар: «Макул», - дешкенден кийин колдорун ачып: «Йа, Рабби, Пайгамбарың Мухаммед алейхиссаламдын урматына бул кабырдагыны тирилт!» - дейт. Өлгөн адам ыр ырдаган абалда турат. Хазрети Гавс христиандарга карап: «Мен пайгамбар эмесмин, Анын үммөтүнөн биримин. Аллаху таала Анын үммөтүнө муну насип кылды, анда өзүнө эмне үчүн бербесин?» - дегенде ал жердеги Христиандар Расулуллахтын бийиктигин түшүнүшүп мусулман болушту.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш