Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Тараткандарың биздики болду




Тараткандарың биздики болду


Даанышман заттар айтышат:

Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Йа, Аиша, курмандыктын этин эмне кылдың?” – деп сураганда: "Йа, Расулаллах, эки колун өзүбүзгө калтырдым, калгандарын кедейлерге тараттым”, - дейт. "Демек, эки колдон башка бардыгы бизге калды, ошол тараткандарың биздики болду”, - деди. Демек, берилгендердин сообу көбүрөөк болот.

Ашыкча бар-дар болуу, өтө бай болуу ар качан жана ар жерде жакшылыктын белгиси болбошу мүмкүн. Эгер динибиздин буйрук жана тыйууларын бекем кармансак ал мал-мүлк адамды Жаннатка алып барат. Хазрети Османдын эсеп-суроосуз Жаннатка кирүүсүнө мал-мүлкүн Аллах жолунда эсеп кылбастан берүүсү себеп болгон. Аллах үчүн көп берди, бардык нерсеге жетти.

Дин улуктарынын жолунда болгон бир адам кайтыш болгондо алар аны "кош келдиң” деп тозуп алышат. Бир адам чет жерге барганда бирөө аны кош келдиң деп тозуп ала турган болсо кандай кубанат, ошол сыяктуу эле адам көз жумганда, мисалы, Имам Раббани хазреттери бизди кош келдиң деп тозуп алса кандай сүйүнүчтүү, бүт дүйнө биздики болот! Бул ниматка, бул мамилеге жетүү үчүн адам бул дин улуктарын көп эстеп, китептерин сүйүү менен көп окуусу керек.

Дүнүйөгө болгон сүйүүнү көңүлдөн чыгаруу качан гана көңүлдөн дүнүйө сүйүүсүн чыгаргандар менен бирге болгондо жана бул улуу олуя заттарга моюн сунуу менен мүмкүн болот.

Эң кыйын иш – Исламиятка кызмат кылуу. Себеби, Аллаху таала эң кыйын ишти эң ишеничтүүлөргө, эң көп сүйгөндөрүнө, б.а., Пайгамбарларга жана алардын мурасчылары болгон Ахли сүннөт аалымдарына берген.

Дүнүйөдө Аллаху тааланын динине дурус кызмат кылгандар, Аллаху тааланын кулдарынын мүшкүлдүктөрүн чечкендер махшарда тактын үстүндө, күрсүлөрдө көлөкөдө отурушат. Аллаху таала алар менен мекенсиз сүйлөшөт. Алар үчүн эсеп дагы, азап дагы жок...

Аллахтын динин Анын кулдарына үйрөтүүгө бара жатканда басылган жерге периштелер канаттарын жайышат. Бир нече мусулман Аллах үчүн жыйналып сухбат кылган жерге көктөгү периштелер суктанышат. Кызмат кылган жерлерине болсо бардык макулуктар суктанышат.

Бир жамияттын ичинде ким аларга көбүрөөк кызмат кылса Аллаху таала ошол кулун сүйөт. Дүнүйөлөрүнө кызмат кылуу дагы баалуу, бирок, акыреттерине кызмат кылуу, динин туура үйрөнүүлөрүнө себепчи болуу андан да баалуу.

Эмгектенүү, себептерге жармашуу - динибиздин буйругу. Биз буйруктарды орундап, себептерге жармашалы. Андан арысы Аллаху таалада. Кааласа ихсан кылат, кааласа ихсан кылбайт. Натыйжаны Аллаху тааладан эмес себептерден деп билүү куфур. Кулдун иши буйрукка баш ийүү жана себептерге жармашуу, тагдыр Аллаху тааланыкы.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш