Адамдын баасы


Даанышман заттар айтышкан:

Бул дүйнөдө ар адамдын баасы өзү баалаган нерсесинчелик болот. Динибизди, дин улуктарын баалаган адам кылымдар өтсө дагы сүйүүгө ээ болуп, унутулбайт. Ахли сүннөт аалымдарынын ушунчалык сүйүлүүсү, эскерилүүсү көңүлдөн келген сүйүүдөн улам болууда. Б.а., Аллах ыраазылыгы үчүн сүйүүдөн пайда болууда. Акыретти баалаган адамдар акырет түбөлүк болгондуктан дайым баалуу адам бойдон эскерилишет. Өткүнчү дүнүйөнү баалаган адамдар болсо унутулат. Мисалы, Кады Мухаммед Захид хазреттери Силсиле-и алиййа улуктарынан болуп саналат. Андай деле күмбөзү дагы жок. Үстүндө бир нече таш болгон кабыры бар. Миңдеген чакырым узак болушуна карабай кабыры зыярат кылынып фейз берүүдө.

Хасан Басри хазреттери Табииндин улуктарынан болот. Дин улуктарын таануудан мурда жаш кезинде абдан мыкты соодагер болгон экен. Көп аз пайда менен көп товар сатып кыска убакыт ичинде бай болот. Канаатчылдык жок. Дубан дубан кыдырып жүрүп бир күнү жолу Кайсериге түшөт. Ал жерде өтө кызык окуяга туш болот. Майданга сом алтындан төрт тирөөч тигилип, үстүнө дагы эле сом алтындан бир платформа жайгаштырылат. Абдан кооздолгон табыт алып келинип үстүнө коюлат. Ал жердин алдыңкылары жана эли жаназанын тегерегине чогулуп, табытты айланып, өздөрүн жерден жерге ташташат. Ушунчалык чоң аза күтүү бар. Хасан Басри ал жердегилерден: "Бул жерде эмне болуп жатат?” – деп сурайт. "Королдун уулу өлдү, бирок, ал катардагы бирөө эмес эле. Жаш, абдан сулуу, атка мыкты минген, өтө мыкты курал колдончу эле. Ооруп калды, байлыгынан, бийлигенен да чара таба албай акыры өлдү”, - деп жатышты.

Хасан Басри ойго батат. "Абдан бай, жаш, сулуу эле, бардык нерсеси бар эле, бирок, акыры өлүмдөн кача алган жок”, - деди. Басрага кайтат: "Ооруп калганымда мынчалык байлыгымдын, жаштыгымдын мага эч бир пайдасы болбойт. Ошондуктан, мага пайдасы боло турчу нерсеге жармашуум керек”, - деп ойлонот. Мал-мүлкүнүн бардыгын кедейлерге тараткандан кийин бир даргахка кирет, чыгып жатканда Хасан Басри болот. Дүнүйөнү таштаган кезде өзүнө хазрети делген улуу зат болот. Эгер дүнүйөгө берилген бойдон калганда эч качан, эч кандай, эч ким тарабынан эскерилмек эмес, унутулмак. Бирок, Хасан Басри хазреттери болгондо канча кылым өтсө дагы унутулган жок, сүйүү менен көңүлдөрдө орун алып эскерилүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш