Аллах үчүн берүү


Даанышман заттар айтышат:

Бир гана Аллах жолунда сарпталган мал-мүлк өз мал-мүлкүңөр болот. Берген мал-мүлкүбүз биздики, алгандарыбыз биздики эмес. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты:

- Эй, Аиша! Курмандыктын этин эмне кылдың?

- Эй, Расулаллах! Баарын тараттым, эки колу гана бизде калды.

- Эй, Аиша! Демек, эки колунан башка бардыгы бизде калыптыр.

Устазын аябай сүйгөн бир бай соодагер шакирт муктаждарга жардам берүүнүн толук маанисин түшүнчү эмес экен. Муршид-и камил болгон устазы ага боор ооруп, бул жагдайдан кутулуусу үчүн мындай дейт:

- Жашоомдо абдан көп сараңдарды көрдүм, бирок, сен сыяктуусун көргөн жокмун.

Шакирт абдан таң калып, өңү саргайып сурайт:

Эмне кылдым устазым?

- Карачы, улуу Аллах сени кандай көркөм кылып жараткан! Сен сыяктуу миңдеген адам ушу тапта ооруканаларда ар түркүн кыйынчылык ичинде. Сен ооруканада да, абакта да эмессиң. Көзүң, кулагың, бардык дене мүчөлөрүң өз ордунда. Буларды сага ким берди?

- Албетте, Аллаху таала берди устазым.

- Макул, сени жоктон бар кылган, ар дайым ушул жашоодо кармап турган, ыйман берген, улууларды тааныткан, дагы канча-канча ниматтарды ихсан кылган Аллаху таалага эмне бердиң?

- Аллаху таалага эмне берилмек эле?

- Раббибиз акыретте бир кулга: "Мен ачка болчумун, эмне үчүн мага нан берген жоксуң, мени тойгузган жоксуң?” - деп айтат. Кул: "Эй, Рабби! Сени кантип тойгуза алам?” "Кедейлерди тойгузсаң, мени тойгузган болмоксуң, б.а., ыраазычылыгымды тапмаксың.” Дагы: "Мен оорулуу болчумун, мени зыярат кылган жоксуң” - деп айтат. "Эй, Рабби! Сени кантип зыярат кыла алам?” – деп сураганда: "Ооруп жаткан кулдарымды зыярат кылсаң менин ыраазычылыгымды ал жерде тапмаксың”, - деп айтат. Сен Анын кулдарына бир нерсе бербесең акыретке кантип барасың, Анын алдына кандай жүз менен чыгасың? Ал сага бүт нерсени берди, сен болсо ушул бардык жакшылыктардын жообу катары сараңдык кылып, Аллахка бербей жатасың. Адамдар бидат жана куфурга баткан заманда ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен канчасын алып тараттың же таралуусуна себечи болдуң?

- Устазым, маселенин маанисин түшүндүм.

Шакирт колундагыларды Аллах жолунда сарптайт, устазынын жанына келгенде бош чөнтөктөрүн көрсөтүп: "Баарын бердим устазым”, - дейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш