Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кабарчы келбедиби?




Кабарчы келбедиби?


Эгер адам баласы өлө турган убактысын билгенде акылынан адашмак. Өлүм маалынын бизден жашыруун болгондугу да жакшы. Эгер гафилдик болбогондо эч ким бир дагы ишин карамак эмес. Гафилдик жана узак эмел-максат артынан жүгүрүү жаман болуу менен бирге эки чоң нимат болуп да саналат. Эгер бул экөө болбогондо мусулман көчөдө баса албай турган абалда болмок. 

Дүнүйө өзүндөгү курулуштарды акмактардын гафилдигине карыз. 

Кандай кызык, өлүм сенин артыңан кубалайт, сен дүнүйөнүн артынан кубалайсың. 

Захит болуу жаман кийим кийинүү эмес узак эмел максаттарды таштоо. 

Өлүм моюнда асылуу, дүнүйө болсо аркаңа жүктөлүү. Адам баласы кылыч мойнуна чабыла тургандай өлүмгө даяр болуусу керек. 

Азраил алейхиссалам менен бир туугандарча көрүшкөн Якуб алейхиссалам айтат:

Сага бир өтүнүчүм бар. Ажалым жакындаган кезде мага кабар бер!

Сага бир нече кабарчы келет.

Бир нече мезгил өтпөй Азраил алейхиссалам кайра келет. Хазрети Якуб сурайт:

Мени зыярат кылууга келдиңби?

Жаныңды алуу үчүн келдим. 

Бир нече кабарчы келиш керек эмес беле?

Сага кабарчы келбедиби? Чачтарың агарбадыбы? Дене-башың алсырабадыбы? Типтик турган белиң бүкүрөйбөдүбү?

Бир тикмечи улуу бир заттан сурайт:

Өлүм төшөгүндө жатканда да тообо кабыл боло турган болсо ошол маалга чейин тообону кечиктирсе болобу? 

Өлүм төшөгүндө жатканда да тообо кабыл болот, бирок, тообону кечиктирүү туура эмес. 

Эмне үчүн?

Сенин кесибиң эмне?

Тикмечимин, кийим тигем.

Тикмечиликте эң жеңил иш эмне?

Кездемени кайчы менен кесүү.

Канча жылдан бир тикмечисиң?

Отуз жылдан бери.

Жаның кекиртегиңе келген кезде кездемени кесе аласыңбы?

Жан кыйналган кезде кездеме менен алек болмок белем? Кесе албайм, албетте.

Отуз жыл бою оңойлук менен кылган ишиңди ошол кезде кыла албасаң анда өмүрүңдө эч кылбаган тообоңду жаның кекиртекке таяган кезде кантип кыласың. Азыр алы-күчүң бар кезде тообо кыл! Кийин кылуу кыйын болот. Азыр тообо кылсаң ошол маалда да тообо кылуу насип болот. 

Тикмечи өлүм төшөгүн күтпөстөн дароо тообо кылып, салих адамдардан болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш