Ислам дини » Аалымдардын маектери » Өзүнүкүн бербестиктин, талашып-тартышуунун зыяны




Өзүнүкүн бербестиктин, талашып-тартышуунун зыяны


Хакты, туура нерсени түшүндүрүү ниети менен болсо дагы башкаларды жеңүү үчүн кылынган тартышуулар зыяндуу. Кимде бул тартышуудан жеңип чыгуу арзуусу хак нерсени каршысында турган адамдын оозунан угуудан дагы жакшы сезилсе бардык жамандыктын ичине кирген болуп саналат. Талашып-тартышуудан утуп чыксам деген калоо калган жамандыктарга себеп болот.

Имам Газали «куддиса сиррух»: «Бир гана атак-даңк үчүн алек болгон адам тартышууну жактырат. Атак-даңк болсо - апаат», - деген. Тартышуу достун достугун азайтат, душмандын душмандыгын көбөйтөт. Салих момун текебердүү болбойт, айбаттуу, оор басырыктуу болот, дүнүйө иштеринде жеңилдик көрсөтөт. Дин иштеринде бекем болот. Эч талашып-тартышпайт!

Жаман менен тартышпа, сени таарынтат,

Жакшы менен тартышпа, сага таарынат.

Энес бин Малик хазреттери айткан: «Биз бир күнү дин тууралуу тартышып жатканда Расулуллах алейхиссалам жаныбызга келди. Бизге ушундай ачууланды, эч мындай көргөн эмес элек. Ошондо буюрду:

«Тартышууну таштагыла! Силерден мурдагылар дал ушундан курушту. Тартышуунун пайдасы жок, тартышуу зыяндуу. Момун тартышпайт. Тартышканга шафаат кылбайм.» [Таберани]

Өзүнүкү туура болуп турса дагы тартышуудан баш тартуу сооптуу.
Тартышуу достордун ортосундагы бири-бирине болгон сүйүүнү кетирет. Тартышуу – бул каршыңда турган адамды жахил деп эсептеп, сен билбейсиң, мен билем деген сөз. Жахилдик менен күнөөлөнгөн ар адам аздыр-көптүр ачууланат. Хадис-и шарифте: «Аллаху таала эң көп душмандык кылган кул – тартышуудан алдыга кеткен кул», - деп айтылган. Тартышуу достордун азайуусуна, жек көрүүчүлүккө себеп болот. Хасан-ы Басри хазреттери айткан: «Миң кишинин достугуна бир кишинин душмандыгын сатып алба!»

Тартышуу – өзүн акыл жана илимде үстөмдүгүн далилдөөгө аракет кылуу. Ал каршыда турган адамды сабатсыз деп эсептегендик болот, бул болсо душмандык. Хадиси шарифте айтылды:

«Тартышпаган, эч кимди таарынтпаган Жаннатка кирет.» [Тирмизи]
«Сүйлөп жатканда каршы чыкпаганга же өзүнүкү туура болсо да тартышуудан баш тартканка Жаннатта бир сарай берилет.» [Таберани]
«Өзүнүкү туура болсо да тартышуудан баш тартпаган адам нагыз ыйманга ээ боло албайт.) [Ибни Эбиддунйа]
"
Күрөшүүдө көшөргөн адамды Аллаху таала сүйбөйт .» [Бухари]
"
Фитнасына ишенич болбогон күрөшүүдөн баш тарткыла.» [Таберани]
Төрт топтогу адам бар
Билим жагынан адамдар төрт топко бөлүнөт:
1-
Билгендигин билген,
2-
Билгендигин билбеген,
3-
Билбегендигин билген,
4-
Билбегендигин билбеген.
Билгендигин билгенМындай адамдар жакшы адамдар. Ишенимдүү адамдар. Эр жүрөк, батымдуу, бир канча иште ийгиликтүү болот. Бир адам «Компьютер баш болуп бардык техникаларды иштете алам, себеби, муну да мен сыяктуу адам жасаган» деп өзүнө ишене алгандыктан аткара алууда.
Билгендигин билбегенМындай адамдар бираз түртмөлөөгө муктаж. Тартынчаак. «Мен бул ишти кылалбайм» деп коркот. Ал айтат: «Мен компьютерди түшүнбөйм, ал мага сүйлөбөй». «Отур, бир сынап көр. Мунун билим менен, маданият менен катышы жок. Бираз гана батымдуулук жетет», - деп түркү кылынса кийин эркин колдонуп кетүүсү мүмкүн.

Билбегендигин билгенМындай адамдар өз чегин билет. Ар нерсеге колун тыга бербейт. Өз иши менен алек болот. Мындай адамдар ар качан мактоого арзыйт.
Билбегендигин билбегенМындай адамдар өзүнө да, коомго да зыян алып келет. Билбейт, бул аз келгенсип билбегендигин да билбейт. Ар нерсеге колун тыгат. Ошентип, колу дагы ыпластан кутула албайт.
Мамиле куруу жагынан адамдар төрткө бөлүнөт:
1-
Коёндун кыгы сыяктуулар.
2- Азык зат сыяктуу
лар.
3- Дары сыяктуу
лар.
4-
Оору сыяктуулар.
Коёндун кыгы сыяктууЖыттанбайт, жукпайт. Эч кимге зыяны да, пайдасы да тийбейт. Бары-жогу билинбеген адамдар.
Азык зат сыяктууларАр ким ар качан ага муктаж. Мындай адамдарды издеп табуу керек, тапкандан кийин да жоготуп албоо үчүн аракет кылуу керек.
Дары сыяктууларБир гана муктаж болгон кезде ишке жарайт. Мындай адамдарды дагы өткөрүп албоо керек.
Оору сыяктууларМындай адамдарга эч муктаждык болбойт. Бирок, алар өздөрү келип башкаларга жабышат, жугат. Булардан кутулуу үчүн мудара кылуу керек. (Б.а., душмандыкка себеп болбой тургандай ымала кылуу керек).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш