Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бир ишке толук берилмейин ал иште ийгиликтүү боло албайсың




Бир ишке толук берилмейин ал иште ийгиликтүү боло албайсың


* Колуңарда турган жакшылыктын кадырын билгиле, шүгүр кылгыла. Шүгүр кыла турган болсоңор ошол жакшылыктар андан да көбөйөт. Шүгүр кылбай турган болсоңор колуңардан алынат. Колуңардан алынып гана тим калбайт, ошол кезден баштап сизде Аллаху тааланын азабы башталат. 

Жакшылыктар куш сыяктуу. Аларды шүгүр деген жип менен байлагыла, болбосо учуп кетишет.

Бир ишке толук берилмейин ал иште ийгиликтүү боло алабайсың.

Ийгиликтин сыры – сурап билүү.

Мусулман адамдын бардык иштери динине ылайык болуусу керек. Динине баш ийген адам дүнүйөлүк нерселерди жана арам нерселерди сүйбөй турган болот. Көңүлүндө арам иш кылууга болбогон каалоо калбаган кезде ага Аллах сүйүүсү толот. Ичиндеги суу төгүлгөн идишке абанын өзүнөн өзү толуусу сыяктуу.

Дүнүйөдө ким кимди жакшы көрсө акыретте аны менен бирге эсепке тартылат.

Ахли сүннөт жолунда болгондорду, Аллахтын динине кызмат кылгандарды сүйүү хубби филлах болуп саналат. Ыймансыздарды, бидатчыларды сүйбөө – бугди филлах. Бул сүйүү жана сүйбөө көңүл аркылуу болот, урушуп, талашып-тартышуу аркылуу эмес. Дос менен дагы, душман менен дагы талашпоо керек.

Ахли сүннөттөн эч кимге зыян келбейт.

Акыл баалуу, бирок, жалгыз боло албайт. Өз акылына карап кыймылдабоо керек. Акыл жалгыз өзү туураны таба албайт, андай болгондо Пайгамбарлар жиберилмек эмес.

Дүнүйөдө эң маанилүү нерсе ахли сүннөт ишенимин үйрөнүү, өзү аны аткаруу жана башкаларга үйрөтүү.

Бардык адамдар менен жашы мамиледе болгула, эч кимдин көңүлүн оорутпагыла.

Шереф-ул мекан бил мекин. [Бир жердин кадыры ошол жердегилер менен өлчөнөт]

Дос деген ким? Дос – сени Аллаху таала ыраазы болгон нерселерге үндөгөн адам.

Муктажсыздык кутурууга себеп болот.

Жөнөкөй адам бирөөнү даттанбайт, аны да бирөөлөр даттанбайт.

Чыныгы сүйүү жакшылык көргөнүндө көбөйбөгөн, жамандык көргөндө дагы кемибеген сүйүү.

Каалаган нерсесин берген кезиңизде ачууланган, таарынган адам чыныгы дос эмес.

Ийгилик деген эмне? Ага тоскоол эмне? Ийгилик – өлгөндөн кийин акыретте ишке жараган нерсе. Акыретте ишке жарабаса ал ийгилик эмес. Ага тоскоол адамдын өзү, б.а., өз акылына жана напсине баш ийүүсү.

Кайгылар жана кубанычтар бөлүшүлгөн кезде адамдар ырахат болушат.

Силсиле-и алиййе улуктарын таануу жана сүйүү дүнүйө жана акырет бактысына жеткирет.

Ибадаттар – адамдын милдети. Көркөм ахлак болсо ошондон тапкан сулуулугу.

«Ахли сүннөт ишеними» деген жакшылык күн сыяктуу. Кыйынчылыктар жылдыздар сыяктуу. Албетте, жылдыздар бар, бирок, көрө албайсың! Күн болгон кезде жылдыздар жок болот. Жылдыздардын аты болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш