Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Куулук кылуу берекени кетирет




Куулук кылуу берекени кетирет


Куулук - жалганчылык, көз бойоочулук, алдоо, жаңылтуу деген маанилерге келет. Бир нерсени башкача көрсөтүп адамдарды алдоо деген сөз. Бул өз кезегинде жаман мүнөзгө жатат жана арам болуп эсептелет. Расулуллах алейхиссалам буудай сатып отурган бир кишинин буудайына мубарек манжаларын салды да төмөнкү жагынын сууланганын көрүп: «Мунуң эмне?» - деп сурады. Сатуучу адам: «Жамгыр суулап жиберген го», - дегенинде: «Эмне үчүн сууланган жерин жашырып көрсөтпөй жатасың? Куулук кылган адам бизден эмес», - деди. Хазрети Имам Газали «Кимия-и саадет» китебинде мындай деген: «Куулук менен ырыскынын көбөйбөй турганын жакшылап билип алуу керек. Балким, мал-мүлктүн колдон чыгуусу мүмкүн. Куулук менен аз-аздап жыйналган нерсе күтпөгөн бир балээ менен толук жок болуп, артында жалгыз гана күнөөлөрдү калтырат. Бир сүт сатуучу адам сүтүнө суу кошчу эле. Бир күнү күтпөгөн жерден суу ташкын болуп, уйу сууга агып кетет. Алиги адам шашкалактап, ойлонуп турганда баласы: «Ата, сүткө кошкон сууларыбыз жыйналып, сел болуп уйду алып кетти», - деди. Расулуллах алейхиссалам да: «Соодага кыянат аралашса берекет кетет», - деп айткан.

Береке – аз мүлктүн көп пайда алып келүүсү, көп ишке жароосу деген сөз. Аз гана мүлк берекелүү болсо көптөгөн адамдардын ырахатына, көптөгөн жакшы амалдардын ишке ашуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйө менен акыретте жамандыкка учуроосуна себеп боло турган көптөгөн берекесиз дүнүйө-мүлктөр бар. Мындай болгон соң мал-мүлктүн көп болушун эмес, берекелүү болуусун тилөө керек.

Береке ишенимдүү, адилеттүү адамдарда болот. Көбүнчө ишенимдүү соодагерлерде болот. Анткени, ар бир кардар (сатып алуучу) ишенимдүү сатуучуга барат. Кыянат кылуучуларга (куулук кылгандарга) эч ким барбайт. Өмүрү жүз жылдан ашпай тургандыгын ар бир сатуучу ойлоосу керек. Ал эми акыреттин соңу жок. Бир нече күндүк өмүрдө алтын менен күмүшүн көбөйтүү үчүн түбөлүк өмүрүн ким эле зыянга түшүргүсү келет. Мындай ойлогон сатуучу кыянат кыла албайт. Расулуллах алейхиссалам мындай деди: «Ла илаха иллаллах дегендер дүнүйөнү дининен жогору койбосо Аллахтын азабынан (каарынан) кутулган болот. Динди таштап дүнүйөгө жабыша турган болсо, бул тавхид калимасын айтканында Аллаху таала аларга: «Жалган айтасын», - деп буюрат».

Куулук кылбоо – парз. Куулук кылуу жана аны жашыруу - харам. Өлчөгөндө, таразага тартканда куулук кылбай, туура өлчөө керек. Мутаффифин сүрөсүнүн биринчи аятында: «Бергенде кем кылып, алганда артыгы менен өлчөгөндөргө оор азаптарды кыламын», - деп айтылган.

Дин аалымдары ар алгандарын бир аз кемитип, бергендерин бир аз ашыгы менен өлчөшкөн. «Бул аз гана айырмачылык тозок менен арабыздагы парда» дешкен. Муну дал өлчөй албоо коркунучунан жасашчу. «Жети кабат жер менен жети кабат асмандын аймагындай Бейишти бир нече тыйынга саткандар эмне деген акмак, жана бир нече арпа даны үчүн Тозок азабына дуушар болгондор эмне деген акмак!» дешчү эле. Расулуллах алейхиссалам эмне сатып алса да акчасын бир аз ашыгыраак берчү. Фудайл бин Ийад хазреттери уулунун соодада колдонулган алтындарынын кирин тазалап отурганын көрүп: «Эй уулум, Бул жасап жаткан ишин сага эки нафил ажылыктан жана эки умрадан да пайдалуу», - деди.

Дин улуктарыбыз мындай дешкен:

Жамандын эң жаманы – алганда көп, сатканда аз кылып өлчөгөндөр. Кездеме алганда бошотуп, сатканда тартып өлчөгөндөр да ушундай. Сөөгүн адаттан тыш көп салып жиберген касапчылар да ушундай болот. Дан эгиндеринин ичине топурак аралаштырып саткандар да ушуга жатат. Товардын жакшысы менен жаманын аралаштырып бардыгы жакшы деп саткан соодагерлер да ушуга кирет. Булардын бардыгын жасоо арам. Соода-сатыкта бардык адамдар менен туура (адил) катнаш кылуу важип болуп саналат. Жада калса, өзү уккусу келбеген сөздү башкаларга сүйлөбөө керек. Мындай арамдардан оолак болуу үчүн өзүн дин бир туууганынан жогору көрбөө керек.

Жыйынтыктап айтканда, эч кимге калп айтпоо керек, куулук кылбоо керек, өлчөө аспаптарын туура колдонуу керек, жумушчунун эмгек акысын, маңдай терин кургатпай туруп берүү керек. Калп айтуу менен, куулук кылуу менен мал-мүлк көбөйбөйт, берекеси кетет.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш