Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Динде өзүңдөн жогоруну кара




Динде өзүңдөн жогоруну кара


Адам напсине багынган сайын эч нерсеге канааттанбайт, эч нерсеге ыраазы да болбойт. Анткени, адамдын напси кудай болууга умтулат. Өзү менен тең даражалуу адамдын болуусун да көтөрө албайт. Ошол үчүн колдогу бар нерсеге канаат кыла албайт. Көзү ар качан өзгөнүн мал-мүлкү менен мансабында болот. Дүнүйө-мүлк, мансап, даражасы боюнча өзүнөн жогоруларды көрүп-көрө албоочулуктун айынан кыжыры кайнайт. Аларды кызганып, жамандап, ушак кылат. Каталык артынан каталык кетирет. Өзүнүн да өзгөнүн да жанына тынчтык бербейт. Бул туурасында Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи васаллам» мындай деп айткан: «Динде (дин иштеринде) өзүңдөн төмөн болгон адамга караба, анткени, менменсинип өзүңдү курутасың. Дин жагынан өзүңдөн жогору болгон адамга кара, анткени, ал сенден да кайырлуу. Дүнүйө-мүлкү көп болгон адамга караба, Аллаху тааланын берген насибине нааразылык кылган болосуң. Азыгын кыйналып, маңдай тери менен таап жүргөн адамга кара, ошондо Аллаху тааланын сага берген ниматына шүгүр кыласың.»

Динибиздин аалымдары шакирттерине ар дайым мындай деп насыят айтышкан: «Дүнүйө-мүлкү силердикинен аз, абалы төмөн болгондорго карагыла. Ошондо колуңардагыга жана ушул абалыңарга шүгүр кыласыңар. Ал эми акырет үчүн буга тескерисинче жасагыла. Акырет үчүн мээнет кылып бергенине шүгүр кылуу менен бирге андан да көбүн тилегиле. Акырети бизден жогору, үстөм болгондорго карап ошолор сыяктуу болууга тырышкыла. Алар (акырети жогору болгондор) – Ахли сүннөт аалымдары. Ушундай кылганда өзүнөрдү менменсинүүдөн куткарып текеберликке түшпөйсүнөр жана да туура жолдогулардын изи менен жүргөн болосунар.»

Мал-мүлктүн, акчанын көп болуусу, даражанын, мансаптын жогору болуусу адамды бакытка алып барбайт. Түбөлүк азаптан куткарбайт. Булар Аллаху тааланын ыраазылыгына жараша колдонулса эсеби болот, болбосо азабы болот. Анткени, Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи васаллам»: «Дүнүйөсү тынч болгон адамдын дининде кемтиги болот», - деген. Ислам аалымдары бул хадиси шарифти: «Дүнүйө лаззаттарына жетишүү үчүн Исламдын чегинен сыртка чыккан адам акырет лаззатына жете албайт», - деп түшүндүрүшкөн.

Хазрети Абдуррахман бин Махди: «Кимде ким илим жагынан өзүнөн жогору адам менен кезиксе муну бир олжо деп билүүсү керек. Анткени, анын илиминен пайдаланат. Өзү менен илими тең адам менен кезиксе, билгендерин бири-бирине үйрөтүп, бири-биринен пайдаланышат. Өзүнөн илими төмөн болгон адам менен кезиксе карапайымдыгын көрсөтүп, билгендерин ага үйрөтөт», - деп, адамдын ар-кандай абалдан пайдалана ала тургандыгын жана ушундайча бакытка жетише ала турганын билдирген.

Хазрети Вахб бин Мунаббих: «Бул үч нерсе зулумдук болуп саналат: Өзүнөн жогору адамдарга каршы чыгып, буйруктарын орундабоосу. Өзүнөн төмөндөргө күчүн колдонуп акыларын тебелөө. Заалымдарга жардам кылуу», - деген.

Хазрети Абу Бакир Варрак мындай дейт: «Кул жашыруун болсун, ачык болсун бардык убакта Аллаху тааланын буйруктарына багынат. Анын буйругунан чыкпайт. Жамандык кылганга жакшылык менен жооп берет, напсинин каалоолорун ээрчибейт, нимат берилген убакта шүгүр кылат, кыйналганында сабыр кылат. Өзүнөн төмөндөргө ызаат көрсөтөт. Акыл сурап келгендердин сөзүнө кулак салат.»

Хазрети Абу Сулейман Дарани: «Дүнүйөнү кууган адамдан дүнүйө качат, андан качкан адамды кууйт. Качкан адамды кармап алса жаралайт. Дүнүйөнү каалап ага байланган адамды өлтүрөт. Анткени, дүнүйө менен күрөшүүгө болбойт. Күрөшкөн адамды жеңет, далысын жерге тийгизет. Дүнүйөгө байлануу – Аллаху тааланын ыраазылыгына жетүүгө кедерги боло турган парда. Ал эми акыретти ойлоо көңүлдүн жандануусуна себеп болот. Дүнүйө махабаты орун алган көңүлдөн акырет ойу көчүп кетет», - деген.

Дүнүйөгө кол жеткизүү үчүн динин берүү акылдуу адамдын жасай турган иши эмес. Дин аалымдарыбыз: «Сухбати агниядан, тактап айтканда, дүнүйөгө берилген адамдын кеп-сөзүнөн качуу керек», - дешкен. Андай болгон соң аларга окшошуп өзүн бактысыз кылуу акылдуу адамдын иши эмес. Хазрети Абу Сулейман Дарани: «Акыретти ойлоо акылдуулуктун жана көңүлдүн тирүү экендигинин белгиси. Аял, бала-чака, мал-мүлк сыяктуу айланадагылардын кайсы-бири сени Аллаху таааланы эске алуудан алаксыта турган болсо ал кайырсыз (жакшы эмес). Аллаху тааланы таанып билгенден кийин башкага моюн сунбагыла!» - деп буюрган.

Хазрети Жалаледдин Давани жүрүм-турум адептерин жана адамдардын арасында орундалуусу керек болгон адептерди түшүндүрүп жатып: «Бир жыйынга барганда өзүнөн төмөн же жогору болгондордун ордуна отурбоо керек. Бирок, ал жыйналыштагылардын эң улуусу болсо каалаган жерине отурса болот. Бул орундарга байкабай отуруп алган болсо эсине түшкөн кезде ыңгайлуу бир орунга алмашып алуусу керек. Ал жерде бош орун болбосо, эч кимди ынгайсыз абалга калтырбай артка кайтуусу керек», - дейт.

Хазрети Мухуммед бин Алийан: "Жоомарт адам өзүнүн жоомарттыгын төмөн деп санамайынча жана өзүн кабылдап жаткан адамды жогору деп санамайынча сопу боло албайт", - деп жасагандарыбызды көп деп билүүнүн жана өзгөлөрдүн мал-мүлкүнө, мансабына көзү тигүүнүн жаман нерсе экендигин түшүндүрүүдө жана жан ырахатынын, чыныгы бакыттын кайда экендигин бизге көрсөтүүдө.

Хазрети Имам Шафии мындай деген: "Илим үйрөнүүнү өзүн жогору саноо үчүн каалагандардын эч кимиси кутулган эмес. Бирок, илим үйрөнүүнү карапайымдык үчүн жана адамдарга кызмат кылуу үчүн каалагандар албетте кутулат."


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш