Ислам дини » Аалымдардын маектери » Туура жолдо болуунун өлчөмү




Туура жолдо болуунун өлчөмү


Даанышман заттар мындай деген:

Имам Раббани хазреттери:«Аллаху тааланын ыраазылыгын алуу үчүн Анын буйруктарын Ал буюргандай орундоо керек. Ушундай кылган адам Раббына кулчулук кылган болот. Ал эми Анын буйруктарын өзү каалагандай орундаган адам өз напсине кул болгон болот. Напсине кул болгондор Тозокко, ал эми Раббына кул болгондор Бейишке кирет», - деген.

Мамлекеттер стандарттуу система түзөт. Эгер бардык жарандар ошол стандарттуу системага баш ийсе баары тынч өмүрүн сүрүшөт. Ал эми Аллаху таала ыраазы болгон туура жолдун стандарты, өлчөмү – ыраазы болгон олуялары көрсөткөн жол менен жүрүү. Хадиси шарифте билдирилген 73 агымдын ар бири өзүнүн туура жолдо экенин айтууда. Бирок, туура жолдо болуунун, тактап айтканда, кутулуу жолунун белгиси – Асхабы кирамдын (сахабалардын)Адам көңүл менен ыйман келтирет, көңүл менен жакшы көрөт, көңүл менен ниет кылат. Булардын баары көз менен, кулак менен аткарылбайт. Демек, көңүлдө ыйман, ниет жана махабат сакталуу. Ибадатта парз, важип, сүннөт жана мустахабдарды аткарганда мүчөлөр көнүлгө багынат. Көңүл болсо Раббынын ыраазылыгына ниет кылса Раббыбызга кулчулук кылган, ибадат кылган болот. Ыймандын алты шартында өлчөм көңүл, ал эми Исламдын беш шартында өлчөм дене мүчөлөрү. Көңүлдүн мүчөлөр менен байланышы бар. Ибадат ыймандын бир бөлүгү болбосо да ыйманга байланышы бар. Мисалы, намаздын, орозонун парз экендигине ишенүү ыймандан. Бирок, намаз окуу, орозо кармоо – ибадат.

Убайдуллах Ахрар хазреттери мындай деген:

«Бүткүл кереметтер, адаттан тыш жагдайлар бизге берилсе, бирок, көңүлүбүз Ахли сүннөт ишеними менен кооздолбогон болсо өзүбүздү куруган жана ишибиз бүткөн деп билебиз. Бүткүл кыйынчылыктар менен балээлер үстүбүзгө жааса, бирок, көңүлүбүз Ахли сүннөт ишениминде болсо анда эч кайгырбайбыз.»

Ушундай үстөмдүк менен бирге өлчөм катары Ахли сүннөт ишенимин алып жатат. Антпесе ал « Менин өз ыңгайыма ылайык бир ыйман өлчөмүм бар, мен ушундай ыйман келтиремин» дебеди.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш