Дуба дартта


Дүнүйө ырахат үчүн, лаззат үчүн жаратылбады. Ырахаттануу, лаззат алуу үчүн жаратылган мекен – акырет. Дүнүйө менен акырет бири-биринин каршысы. Бирин кубантуу экинчисин таарынтууга себеп болот. Тактап айтканда, биринен ырахат издөө, экинчисинде кыйынчылык тартууга себеп болот. Дүнүйөдө ниматтары, лаззаттары көп болгондор булардын шүкүрүн аткарбаса акыретте катуу азап чегет. Дүнүйөдө коркунучтардан сактанып, көп эмгек кылганы менен көп кыйынчылык тарткан мусулмандар акыретте көптөгөн лаззаттарга жетет. Ошондуктан, пайгамбарлар жана алардын жолунда жүргөндөр дайыма дарт жана балээлер ичинде өмүр сүрүшкөн. Жада калса: "Балээлер, кыйынчылыктар эң көп пайгамбарларга, анан олуяларга, анан буларга окшогондорго келет”, - деп айтылган.

Ыйман ниматы менен сыйлангандар дүнүйөдө бир нече күн дартка, балээге чалдыкпаганында Жаннат лаззаттарынын кадырын түшүнө алышпас эле жана түбөлүк ниматтардын кадырын билишмек эмес эле. Ачкалык көрбөгөн адам тамактын лаззатын түшүнө албайт. Кыйналбаган адам болсо жыргалчылыктын кадырын биле албайт.

Дарт, балээлер, кыйынчылыктар жахил адамдар үчүн кыйынчылык болуп көрүнгөнү менен пайгамбарларга жана алардын жолунда болгондорго кыйынчылык эмес. Анткени, сүйгөн адам сүйүктүүсүнөн келүүчү бардык нерсени жактырат. Дин аалымдарына сүйүктүүсүнөн келүүчү бардык нерсе таттуу болуп сезилет. Алар ниматтардан лаззат алган сыяктуу балээлерден да лаззат алышат. Дүнүйөдө дарт, балээ болбогондо алардын көзүндө дүнүйөнүн эч кандай кадыры болмок эмес. Дүнүйөнүн ачуу кубулуштары болбогондо аны бош, куру-бекер деп билишмек эле.

Хазрети Абдуллах Дахлевинин бир нече оорусу бар эле. Ошол ооруларынын азабынан намаздарын үзүр менен окучу. Муну көрүп жүргөн шакирттеринин бири чыдай албай: «Устаз! Адамдар ооруларынан айыгуу үчүн сизден дуба сурап келип жатышат. Аллаху таала дубаларыңызды кабыл кылууда. Келген ар бир адам алдыңыздан шыпаа таап кетип жатат. Бирок, сиздин ооруларыңызды көрүп жүрөбүз. Дуба кылып ушул илдеттериңизден кутулсаңыз болбойбу?» - деп сурайт. Хазрети Абдуллах Дахлеви: «Алар оорудан кутулуу үчүн дуба сурашууда. Ал эми биз Аллаху тааланын берген бул дарт, балээлерине Ал жибергендиги үчүн ыраазыбыз. Дарт жана балээлер "кеменди махбух” болгондуктан Аллаху таала бул дарттарды сүйүктүү кулдарынан каалагандарына берет. Ошол үчүн дарттардын бизден кетүүсүн эмес, бизге жиберилүүсүн каалайбыз», - деп жооп берет. (Кеменди махбух - Аллаху тааланын сүйүктүү кулдарын өзүнө тартуу үчүн жиберген себептери, дарт жана балээлери.)

Хазрети Хаммад бин Муслим мындай деген: «Аллаху тааладан башка бардык нерсеге деген сүйүүсүн жок кылгысы келген адам Андан келүүчү бардык нерсеге, дарт жана балээлерге ыраазы болуусу керек.»

Хазрети Сейфеддини Фаруки да: «Эгер Аллаху таала кулдарына эч кандай дарт, кыйынчылык бербегенде же өтө аз бергенде адамдар ага ибадат кылуудан жана Аны зикир кылуудан гафил болушмак эле. Адамдын дүнүйө жана акырет бакытына, Аллаху тааланын мээримине жетүүсү үчүн ибадат жана жакшылык кылуудан жана зикирден кайтпоолору шарт. Бардык адамдар Аллаху тааланын мээримине муктаж. Жакшылап ойлоно турган болсо дарт жана кыйынчылыктар чындыгында нимат экендиги, Аллаху таалага тартуучу себеп экендиги ачык болот», - деп айткан.

Бул дүйнө – сыноо. Мында тууралык менен каталык, чындык менен жалган аралаш. Аллаху таала дүнүйөдө досторуна кыйынчылыктарды, балээлерди бербегенинде, балээни бир гана душманына бергенинде дос менен душман ажырап, белгилүү болор эле. Сыноонун пайдасы болмок эмес. Жада калса, бир хадиси шарифте: «Жасалма алтынды от менен текшерген сыяктуу Аллаху таала адамдарды дарт, балээлер менен сыноого алат. Кээ бирлери балээ отунан таза болуп чыгышат. Кээ бирлери болсо бузук болуп чыгышат», -деп айтылган.

Муса алейхиссалам катуу кыйналып жүргөн оорулуу адамды көргөндө «Йа Раббым! Бул кулуңа мээрим кыла көр!» деп дуба кылды. Аллаху таала: «Мээримиме жетүү үчүн жиберген себептеримдин ичинде турган кулума кандай мээрим кылайын. Анткени, анын күнөлөрүн үшүл оору менен кечиремин. Жаннаттагы даражасын ушундай көтөрөмүн»,- дейт.

Аллаху таала мээрим кылган кулдарына дарт, кыйынчылык жиберүү аркылуу гафилдиктен ойготот. Анткени, адамдын ден-соолугунун дайыма жакшы болуусу Аллаху тааланы унутууга, ага каршы чыгууга, харам иш кылууга себеп болот. Ошондуктан, хадиси шарифте: «Мусулмандарда бул үч нерсенин бири болот: Кыллет, б.а., айтканда кедейлик, иллет, б.а., оору-дарт, зыллет, б.а., кадыр-баркынын тебеленүүсү», - деп билдирилген.

Муса алейхиссаламдын заманында өмүр сүргөн Фараондун адамдардын өзүнө сыйынуусун каалаганына, 400 жыл өмүр сүрүүсү жана ушул мезгил ичинде бир да жолу башынын оорубаганы, дене температурасынын көтөрүлбөгөнү себеп болгон. Бир гана жолу башы ооруганында мындай адепсиздик оюна да келмек эмес. Ошондуктан, дин улуктары: «Мусулманга кырк күн ичинде сөзсүз түрдө бир таарыныч, оору, коркунуч же мал-мүлкүнө зыян келет» - дешкен.

Бардык нерсе Аллаху тааланын тагдыры менен болууда. Досторуна дүнүйөдө да, акыретте да ырахаттык берүүсү мүмкүн эле. Бирок, адаты андай эмес. Дүнүйөнү сынак мекени кылып жараткан жана бардык адамдар ушул сынактан өтүшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш