Ислам дини » Аалымдардын маектери » Ахли сүннөт акыйдасы өтө баалуу казына




Ахли сүннөт акыйдасы өтө баалуу казына


Ким дүйнөдө бири-бирин жакшы көрсө, бирге болсо, акыретте да бирге болот. Акыретте кимдер менен бирге болууну, кайда болууну кааласак муну дүнүйөдө тандап, ошого карап чечим чыгаруу керек. Тактап айтканда, ким болгонубуз эмес кимдер менен бирге болгонубуз маанилүү.

Бир жакшылыктын аткарылуусуна себепчи болуу ал жакшылыкты аткарган менен бирдей болот. Бир адамдын хидаятына (ыйман келтирүүсүнө) себепчи болуу, бир адамга көмөкчү болуу эң баалуу ибадат. Кээ бир адамдарга Аллаху таала өзгөчө жөндөм берген. Аларды өзгөчө милдет менен жараткан. Бул адамдар жылуу жүз, жылуу сөз менен башка адамдардын хидаятына (туура жолду табуусуна) себепкер болот, элге дин улуктарын, аалымдарды таанытат...  Алар "түбөлүк оттон бир адамды болсо да кантип куткара алабыз” деп аракеттенишет, элге ахли сүннөттү үйрөтүүгө аракеттенишет, кимди жакшы көрүү керек экенин, кимди жаман көрүү керек экендигин айтышат, миңдеген мусулмандардын "Силсилеи алиййа” деп аталган улуу улама, олуялардын жолун таанууларына себепчи болушат. Көптөгөн мусулмандардын акыйкатты көрүүлөрүнө  себепкер болушат.

Дин аалымдары мындай дешкен: «Ахли сүннөт акыйдасы өтө баалуу казына. Аллаху таала бул баалуу казынаны таштандыга таштабайт... Бир гана кадырлуу көңүлдөргө орнотот. Ошондуктан, ушундай баалуу казынага ээ болгон мусулмандар өтө баалуу болушат.»

Аллаху тааланын динине кызмат кылууга умтулуу ар бир мусулмандын моюнунда милдеттүү түрдө болуусу керек. Эгер андай болбосо ыйманында кемчилик бар дегенди билдирет. Анткени, ыймандын толук болуусу же болбоосу аны башкаларга жеткирүүгө байланыштуу. Мисалы, Абу Бакр Сыддык "радыйаллаху анх” ыйман келтирип оозунан чыккан алгачкы сөзү «Йа, Расулаллах, менин дагы алты досум бар, алып келейин алар да мусулман болушсун» деген сөз болгон. Адам эмнеден ырахат алса башкалардын да ошол ырахатты алуусун каалайт. Адам эмнени жакшы көрсө башкалардын да ошону жакшы көрүүсүн каалайт. Шексиз, Аллаху таала бизге мубарек адамдарды жана ахли сүннөт аалымдарын жакшы көрүүнү насип кылды. Биздин да жакшы көргөн динибизге кызмат кылуубуз жана динибизди башкаларга да жакшы көрсөтүүбүз негизги милдетибиз болот. Булардын сообун өлчөө мүмкүн эмес...

Мусулманга эң биринчи керек болгон нерсе – ыйман. Ыймандан кийинки керек нерсе – илим. Илим үйрөнүү - аял-эркек бардык мусулмандарга парз. Адамдардын өзүн куткара ала тургандай өлчөмдө илим үйрөнүүсү парз. Үйрөнгөндөн кийин үйрөнгөндөрүн башкаларга үйрөтүү да парз, ошону менен катар үйрөнгөнү боюнча амал кылуу да парз. Бир мусулман бир ибадатты кылбаса күнөөгө кирет, ал эми ошол ибадаттын кандай кылына турганын билбесе экинчи күнөөгө дагы кирет. Илим үйрөнбөө балээ, үйрөтпөө да балээ, илим менен амал кылбаган болсо эң чоң балээ.

Дин аалымдары айтышат: «Динге байланыштуу бир маселени үйрөтүү же үйрөтүүгө себепчи болуу жүз жолу умра кылуунун сообунан да көп. Ахли сүннөт акыйдасы жазылган бир китепти (мисалы, сайтыбыздагы намаз китебин) алып башкаларга берүү өтө баалуу иш. Китеп окуганда да өтө кылдат болуубуз керек. Китептин ичиндеги маалыматтардан мурда китептин жазуучусу маанилүү. Көңүлдөн чыккан нерселер көңүлгө таасир берет. Акыйдасы бузук адамдардын жазган китептерин окуган адамдардын жазуучудан таасирленип, акыйдасы бузулуусу мүмкүн. Дин аалымдары: "Кир кудуктан шыпаа келбейт”, - дешкен. Денебизге кирген тамактын таза болуусуна маани бергенибиз сыяктуу рухубуздун да азыгына этият болуубуз керек, жада калса, жеген тамактан да бетер сак болуубуз керек. Рухтун азыгы  - илим, дин, ибадат. Денеге бузулган тамак берген убакта дене өлүүсү мүмкүн, бирок, рухуна бузулган азык кирген адам ыйманын жоготот. Тамактардын тазалыгына кандай маани берип жүргөн болсок дал ошол сыяктуу окуган китептерибизди да жакшы тандообуз керек. Мындай болгон соң, ар түрдүү королдуктардын этегин өөп жүргөн акыр заман шейхтери менен мазхабсыз эки жүздүүлөрдүн сандырактарын ислам китеби экен деп окуп алданып калбоого аракеттенүү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш