Ислам дини » Аалымдардын маектери » Руханий оорлардын башы




Руханий оорлардын башы


Руханий оорулардын башы – дүнүйөлүк нерселерди жакшы көрүү. Жамандыктардын бардыгы дүнүйөлүк нерселерге болгон сүйүүдөн башталат. Адамдарды көрө албастыкка, бири-бирине өчөшүүгө жана текебердикке тартат. Адамдарга күмөндүү нерселерди, жада калса, харам болгон нерселерди да кылдырат. Андан да жаманы куфурга түшүүгө да себеп болот.

Пайгамбарлардын көбүнө ыйман келтирбегендер дүнүйө-мүлкүнөн, кадыр-баркынан айрылып каламын деген коркунучтан улам куру калышкан. Антпесе, алар пайгамбарлардын акыйкатты айтып жатканын билишчү. Фараон ыйман келтиргенинде Мысырга башчылыгын жүргүзө алмак эмес. Намруд момундардын бирине айланганда Намруддугун кантип ишке ашырмак?!

Бир күнү Сахабалардын бири сүйүктүү Пайгамбарыбыз "алейхиссаламга” келип: «Мага бир амал үйрөтүңүз, мен ал амалды аткарганда Раббим да, адамдар да мени жакшы көрүшсүн», - дейт.

Пайгамбарыбыз мындай деп жооп берет:

«Дүнүйөнү жакшы көрбө, ошондо Раббибиз сени жакшы көрөт...»

Раббибиз дүнүйөнү да, дүнүйөнү сүйгөндөрдү да сүйбөйт. Дүнүйөдөн башка эч бир жерде Ага каршы чыгуу, багынбастык болбойт. Ошол үчүн да дүнүйөнү жакшы көрбөйт.

«Бирөөнүн колундагы нерсеге көз артпа, ошондо адамдар сени жакшы көрүшөт...»

Адамдар өзүнөн бир нерсе сураган адамды жактырышпайт.

Кандай гана акмактык!...

Дүнүйөгө болгон сүйүү акыретти унуттурат. Кандай гана акмактык! Адам таштап кете турганы айдан ачык болгон бул дүнүйөгө ушунчалык маани берет да, ал эми ал жакта түбөлүк кала турганы айдан ачык болгон акыретке кайдыгер карап унутат. Байлыгынын, мал-мүлкүнүн көбөйгөнүнө кубанат, бирок, өмүрүнүн кемип жатканына өкүнбөйт... Бул байлык өлгөндөн кийин эмнеге жарайт?...

Касиеттүү динибиз иштеп акча табууну, бай болууну жаман деген эмес. Тескерисинче, бай болууну колдойт. Зекет менен садака берүүнү буйрук кылууда. Бергендердин чоң ниматтарга, түбөлүк бакытка жете тургандыгы билдирилүүдө. Булардын бардыгын акча менен аткаруу мүмкүн болот. Адамды жаңы туулгандай күнөөсүз кылуучу ажылык ибадаты да акчасыз ишке ашпайт. Ажылык байларга парз болуп саналат. Орозо кармаган адамга ооз ачырган адамдын орозо кармагандай соопко ээ болоорун да баарыбыз билебиз.

Муса алейхиссаламдын заманында кедей бир адам бар эле. Муса алейхиссаламга келип: «Сен Калимуллахсың, Раббибиз менен сүйлөшөсүң. Раббибизге менин абалымды билдир, көп мал-мүлк берсин», - дейт. Муса алейхиссалам ал адамдын жагдайын Раббибизге билдирет. Раббибиз: «Ал кулума айт, кааласа бул дүнүйөдө, кааласа акыретте берейин», - дейт. Тиги адам бул дүнүйөдө берилүүсүн каалайт. Муса алейхиссалам ага: «Үч күндүк дүнүйөнү эмнеге каалап жатасын? Бир күнү бардыгын таштап кетесин да. Сен акыретти танда, ал жакта түбөлүккө каласын», - дейт. «Раббим мага тандоо укугун берди, а мен бул байлыктын дүнүйөдө берилүүсүн тандаймын», - дейт ал адам. Ошентип ал аз убакыттын ичинде бай болот. Байлыгы бир жагынан агылып келип жатты, ал да бир жагынан бул байлыгын Аллах жолунда жакшылыктарга жумшап жатты. Кез келген кедейге жардам кылат, карызга баткандардын карыздарын төлөйт. Жетимдерди бооруна басып, кубанычка бөлөйт. Ошентип жүрүп бир күнү кайтыш болот...

Муса алейхиссалам ал адам үчүн Бейиште бийик сарай дайындалганын көрдү да, Аллаху тааладан мунун хикматын сурайт:

«Йа Раббим, бул кулуң мал-мүлктүн дүнүйөдө болуусун тандады, сен болсо бердиң. Ал бул сарайга кандайча жетти?»

«Туура айтасың, ал бул дүнүйөдө сурады, биз болсо бердик. Бул сарайды ал акчасына сатып алды».

Акчаны көңүлдө сактабоо керек!

Касиеттүү динибиз "беш убакыт намаз окуу” шарты менен кайсы адамга болсо да кол алдындагылардын (үй-бүлөсүнүн) нафакасын камсыздоо үчүн жумуш кылуусун ибадат деп билдирген жана ошол иши үчүн чоң сооптор убада кылынган.

Ар бир кызматчы кызмат кылган үйүндө, ар бир жумушчу жумуш ордунда, ар бир сатуучу дүкөнүндө иштеп жатып ары акча табат, ары соопко да ээ болот...

Дүнүйө үчүн иштөөнү, акча табууну ибадатка теңеген динибиз дүнүйө табууну эмес, дүнүйөгө деген сүйүүнү, көңүлдү дүнүйөгө байлоону жамандаган...

Кеме суусуз сүзбөйт. Сүзүү үчүн алдында суу болуусу керек, ичинде эмес. Ичине суу кире турган болсо чөгөт. Суу кеменин алдында болгон кезде гана пайдасы тийгениндей акча дагы адамдын жүрөгүндө эмес чөнтөгүндө болгон кезде гана пайдасын тийгизет. Хазрети Абдулкадир Гейлани бир сухбатында мындай дейт:

"Халал жол менен тапкан акчаларыңарды сандыкта да сактагыла, чөнтөктө да сактоого болот. Болгону көңүлдө (жүрөктө) сактабагыла.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш