Ислам дини » Аалымдардын маектери » Берген кол алган колдон жогору




Берген кол алган колдон жогору


Адам колу ачык, берешен болууга үйрөнүүсү керек. Анткени, бир күнү эң кымбат нерсеси болгон жанын, рухун берет. Эгер адам жоомарттыкты адатка айландырса жан тапшыруусу оңой болот. Динибиз алууну эмес берүүнү буйрук кылууда. Адамдардан келүүчү зыяндарга сабыр кылуу, алардын көрсөткөн кысымдарына чыдоо, адамдарга көмөк көрсөтүү, ооруларын жеңилдетүү жана ушул сыяктуулардын бардыгы өз ырахатын өзгөлөр үчүн курмандык кылуу, тактап айтканда, берешендик болуп саналат. Хадиси шарифте мындай делет: «Бул үч нерсе үчүн ант кыламын: Садага берүү менен дүнүйө-мүлк эч качан кемибейт. Мындай болгон соң садага бергиле! Зулумдук кылган адамды Аллах ыраазылыгы үчүн кечирген адам дүнүйөдө да, акыретте да жогору болот. Андай болгон соң кечиргиле! Тилемчиликтин эшигин ачкан адамга Аллаху таала кедейлик эшигин ачат.»

Бийик мартабага, бийик даражаларга жеткен адамдар ал даражаларга колундагыны берүү аркылуу жетишкен. Динибиздин негизи өзгөгө жүк болуу эмес өзгөнүн жүгүн көтөрүү. Башкалардын оорчулугун, жүгүн көтөргөн адам – жетилген, адамкерчилик кесиеттерге ээ боло баштаган адам дегенди билдирет. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам”: «Берген кол алган колдон жогору», - деген.

Хазрети Абу Али Журжани мындай деген: "Ариф (камил адам) – көңүлүн (жүрөгүн) толугу менен Аллаху таалага, денесин элине кызмат кылуу жолуна тапшырган адам.”

Бардык нерсени жаратуучу, бардык нерсени ихсан кылуучу, берүүчү жалгыз – Аллаху таала. Адам баласы Ага каршы чыгып буйруктарын аткарбаса да Ал ырыскы берүүсүн токтотпойт. Хазрети Имам Раббани мындай дейт:

"Бүткүл макулуктарга бардык ниматты, жакшылыктарды берүүчү жалгыз гана Аллаху таала. Бардык нерсени жоктон бар кылган, бар болуу ниматын берген – Аллах. Бардык нерсенин ар убакта бар болуп туруусун да Аллаху таала камсыз кылууда. Камилдик, жакшы касиеттердин бардыгы адамдарга Анын мээримдүүлүгү менен берилген. Өмүр сүрүү, илим үйрөнүү, угуу, көрүү, күч-кубат жана сүйлөө сыяктуу аракеттерибиздин бардыгы Аллаху тааладан берилген. Сансыз ниматтардын бардыгын жалгыз Аллах берүүдө. Адамдарды кыйынчылыктардан куткаруучу да - Аллаху таала. Анын мээримдүүлүгү ушунчалык, күнөө кылса да кулдарынын ырыскыларын токтотпойт. Кечирими менен мээриминин көптүгү ушунчалык, күнөө кылгандардын беттерин ачып жарыя кылбайт. Хилминин (сабыры менен жумшактыгынын) көптүгү да ушунчалык, кулдарын жазалоого ашыкпайт.”

Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам” хадиси шарифинде: «Аллаху тааланын ахлагы мененахлактангыла!» - деп айткан. Мисалы, Аллаху тааланын сыпаттарынын бири – Саттар. Тактап айтканда, күнөөлөрдү жабуучу (жашыруучу). Мусулман адам да диндеш бир туугандарынын айыбын, кемчиликтерин жашыруусу керек. Аллаху таала кулдарынын күнөөлөрүн кечирүүчү. Мусулмандар да бири-биринин кемчиликтери менен күнөөлөрүн кечирүүлөрү керек. Аллаху таала – карим, рахим, камкордугу менен мээрими мол. Мусулман адам дагы жоомарт жана мээримдүү болуусу керек. Хазрети Рислан Димашки: "Мүнөздөрдүн эң көркөмү – күчү жетип туруп кечирүү жана өзүнө керек болгон нерсени жоомарттык кылып берүү”, - деген.

Хазрети Абдуллах Ансари мындай дейт:

"Бирөө жакшылык кылса анын кулундай болосуң. Анын алдында ийилип, урмат көрсөтүп жүрөсүң. Ал эми сен бирөөгө жакшылык кылсаң мунун тескериси болот. Ошол үчүн ар дайым адамдарга жакшылык жасап, аларга пайдалуу болууга аракеттенүү керек. Бир хадиси шарифте: «Берген кол алган колдон жогору турат», - деп айтылат.”

Берген адам ар дайым таасирдүү, кадырлуу болот. Алууну, суроону (тиленүүнү) адат кылган адам кор болот. Анткени, Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам”: «Канааттанбагандан, сурануудан (тиленүүдөн) сактангыла! Ачкөздүк дегенибиз кедейликтин дал өзү», - деп айткан.

Көрө албаган адамдар тарабынан Хазрети Абулхусейн Нуринин жана аны менен замандаш болгон бир нече олуялардын үстүнөн халифага жалаа жапкан арыз түшөт. Иштин чоо-жайы аныкталбастан аларды өлүм жазасына тартууга буйрук кылынат. Башын алууга биринчи болуп арасынан бирөөнү чакырат. Ушул убакта Хазрети Абулхусейн Нури алдыга атып чыгып:

-Биринчи болуп менин башымды кескиле,- дейт.

-Мынчалык умтулгудай кылыч жакшы нерсе эмес. Эмнеге шашасың? Сенин кезегиң али келе элек, - дейт баш кесер.

-Биздин жолубуз исар жолу. Досуңдун амандыгын өз башыңдын амандыгынан жогору койуу жолу. Эң таттуу жана эң кымбат нерсе – жан. Мен өз жанымды курмандык кылып бул турган бир туугандарымдын бир нече көз ирмем болсо да өмүр сүрүүлөрүн каалайм, - деп жооп берди Хазрети Абулхусейн Нури.

Бул абалды көргөн халифа булардын иштерин кайрадан текшертет. Натыйжада бул адамдардын Аллах адамдары экендиктерин түшүнүп, кечирим сурап боштондукка чыгарат.

Мусулман нан сыяктуу болуусу керек. Ар дайым ага болгон муктаждык байкалып туруусу керек. Адамдарга берүүнү, таратууну адат кылып, башканын жүгүн өз мойнуна алуучу адам нан сыяктуу керек болот. Ал эми дүнүйөлүгүн ойлогон, адамдардан алууну гана көздөгөн адамдын башы уруш-талаштан чыкпайт. Максаты акырет болгон инсан адамдардын оорун жеңилдетүү жолунда болот, алардын жүгүн көтөрүп, ар дайым кандай да болсо бир көмөк көрсөтүүнү ойлойт, эл менен таттуу мамиледе болот.

Адамдардан келүүчү оорчулуктарга, кыйынчылыктарга сабыр кылуу чыныгы көркөм мүнөз болуп саналат. Ошол үчүн ар бир мусулман өзү тууралуу: "Кандай гана жакшы адам” деп айттырууга умтулуу керек. Кимде-ким өзү туурасында айланасындагыларга ушундай айттыра алса ага сүйүнчү болсун!!!

Кимде-ким өзүн таарынткан адамдарга жакшылык жасай алса, аларга кайрымдуу боло алса жаны ырахаттыкка бөлөнүп, бактылуу болот. Дин улуктары: "Жүрөктү эң көп нурландыруучу нерсе – таарынткан адамыңа дуба кылуу”, - дешкен.

 

Футувват же марттык – сени жактырбаган адамга сый-сыяпат көрсөтүү жана сага жакпаган адамга жылуу мамиле көрсөтүү. Бир нерсе берүүнү билбеген, жоомарттык кыла албаган, колу тар сараң адам башкалардын урматына эч качан ээ боло албайт. Сөздүн негизи дин даанышмандары айтышкандай: "Башкага жүк болгон адам кор болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш