Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Фыкх илимин үйрөнбөө - адашуунун белгиси




Фыкх илимин үйрөнбөө - адашуунун белгиси


Фыкх – Исламды билүү, түшүнүү дегенди билдирет. Ислам өкүмдөрүн билген аалымдар факих деп аталышат.

Фыкх илими адамдардын кылуусу керек болгон нерселерди кылууга болоорун же болбой турганын үйрөтөт. Фыкх илимдери Курани каримден, Хадиси шарифтен, ижма-и үммөттөн жана кыястан куралат. Хадиси шарифте: «Фыкх илими үйрөтүлүүчү мажилисте болуу бир жылдык ибадаттан да пайдалуу болот», - деп айтылат.

Хазрети Ибни Абидин: «Фыкх аалымынын мусулмандарга келтирген пайдасынын сообу жихад сообунан да көп болот», - деген.

Хазрети Имам Малик: «Фыкхты үйрөнбөй туруп тасаввуф менен алектенген адам динден чыгып, зындык болот. Фыкхты үйрөнүп, тасаввуфтан кабарсыз калгандар бидатчы, адашкан агымдарга түшөт. Экөөнү тең өздөштүргөн акыйкатка жетет», - деп айткан. Хазрети Абу Бакр Варрактын да ушундай дегени китептерде жазылган.

Фыкхты туура үйрөнгөн жана тасаввуфтун даамын алган адам камил, жетик адам болот. Хазрети Ибн Абидин мындай деген: «Фыкх илими нан сыяктуу баарына керек. Бул илимдин данын эккен Хазрети Абдуллах ибни Масуд эле, сахабалардын эң улууларынан жана эң улуу аалымдарынан эле. Анын шакирти Алкама бул дандарды сугарып бышкан абалга келтирди жана анын шакирти Ибрахим Нахаи бул эгинди орду, же бул илимдерди бир жерге жыйнады. Хаммад Куфи данын ажыратты жана анын шакирти болгон Имам Азам Абу Ханифа тегирменден өткөрдү. Абу Юсуф камыр кылып, имам Мухаммед бышырды. Ушундай жол менен даярдалып бизге жеткен азыктар менен адамдар азыктанууда. Тагыраагы, бул илимдерди үйрөнүп дүнүйө жана акырет бакытына жетүүдө.»

Фыкхты үйрөнбөй жалгыз гана хадис жаттоо - адашуунун белгиси. Анткени, парздарды, харамдарды аалымдардан же алардын жазган китептеринен окуп үйрөнүү парз болуп саналат. Өзү аткарып жана башкаларга да үйрөтүү үчүн фыкх китептерин окуу нафил намаз окуудан да чоң сооп болот. Хадиси шарифте: «Илим үйрөнүү бүткүл нафил ибадаттардан да көп сооп болот. Анткени, өзүнө да, үйрөткөн адамына да пайдалуу болот», - деп айтылат.

 Хазрети Абдулгани Наблуси мындай деген: «Ахли сүннөт акыйдасын, парздарды жана харамдарды үйрөнүү парз болуп саналат. Буларды үйрөтүү, өзүнө керектүү өлчөмдөн ашыгы менен үйрөнүү жана Курани каримдин тафсирин, хадис илимин үйрөнүү фарз-ы кифая болот. Намаз окугандай өлчөмдө Курани каримден сүрөлөрдү жаттаган адамдын бош убактарында андан да көп жаттоосу нафил намаз окугандан да көп сооп болот. Ал эми  ибадаттарында жана күнүмдүк иштеринде керектүү болгон фыкх илимдерин үйрөнүү андан да көп сооп болот. Керегинен ашыкча фыкх  үйрөнүү нафил ибадаттардан артык сооп болот. Керегинен ашык фыкх илимин үйрөнгөндө тасаввуф илимдерин же Аллаху тааланын марифатына ээ болгондордун сөздөрүн жана өмүр баянын окуу, үйрөнүү да мустахаб болот. Буларды окуу адамдын көңүлүндө динге болгон ыкыласын көбөйтөт. Ислам аалымдары фыкх илимдерин, өкүмдөрүн аяти карималардан жана хадиси шарифтерден чыгарган. Ошондуктан, буларды фыкх китептеринен жана фыкх аалымдарынан гана үйрөнүү керек.»

   Хазрети Жалаледдин Руми баласы Султан Валадга мындай деп насыят айткан: «Балам! Дайыма илим, адеп жана такыбаалыкты карманууңду осуят кылам. Ар дайым өткөн дин аалымдарынын эмгектерин окуп, үйрөнүп, Ахли сүннөт вал-жамаат жолунан айрылбоону өзүңө милдет деп бил. Фыкх жана хадиси шариф үйрөн, сабатсыз сопуларга окшобо. Намазды ар дайым жамаат менен оку. Атак-даңкка кумар болбо, анткени, атак адамды оопатка түртөт. Мансапка байланба, көп сүйлөбө. Аз сүйлө жана адамдардын жаманынан, бузукуларынан арстандан качкандай кач, алыс тур. Халал тамактанып, кумөндүүлөрдөн оолак бол. Дүнүйө мүлкүнө кызыкпа. Дүнүйө кумарлыгы диндин бошко кетүүсүнө себеп болот. Сыртыңды кооздобо. Анткени, сырттын кооздугу ичтин, көңүлдүн, рухтун төмөндүгүн көрсөтөт. Адамдар менен талашып-тартышпа, эч кимден эч нерсе сураба. Эч кимге  жүк болбо, эч кимди өзүңө кызмат кылдырба. Аалымдарга, олуяларга жан дилиң менен, мал-мүлкүң менен кызмат кыл. Алардын олуялык даражаларына сен мункир (ишенбөөчү) болбо. Анткени, ишенбегендер эки дүнүйөдө тең кутула алышпайт.»

Фыкхтын ибадат бөлүмүн кыскача үйрөнүү - ар бир мусулманга парз. Мунакахат жана муамалат бөлүмдөрүн үйрөнүү - фарз-ы кифая. Тагыраагы, ошол жагдайлар башына келген адамдардын үйрөнүүсү парз болот.

Тафсир, хадис жана калам илимдеринен кийинки эң баалуу илим фыкх илими болуп саналат. Хадиси шарифте мындай делинет:

"Ар бир нерсенин таянган бир тиреги болот. Диндин негизги тиреги - фыкх илими.” (Байхаки)

"Ибадаттардын эң баалуусу – фыкх үйрөнүү жана үйрөтүү.” (Ибн Абдилбарр)

Хазрети Имам Раббани мындай деген: «Дүнүйө жана акырет бакыттарына жетүү үчүн дүнүйө жана акыреттин султаны Расулуллах алейхиссаламга моюн сунуу керек. Ага моюн сунуу үчүн Ахли сүннөт аалымдарынын билдиргендери боюнча акыйданы, ишенимди түздөө керек. Андан кийин бул аалымдардын Курани каримден жана хадиси шарифтерден түшүнүп бизге билдирген халал, харам, парз, важип, сүннөт, макрух, мубах илимдерин үйрөнүп, бүткүл аракеттерибизди ушуларга ылайык кылуубуз керек.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш