Ислам дини » Аалымдардын маектери » Өз билгенин кылган өкүнүп калат




Өз билгенин кылган өкүнүп калат


Хазрети Шахи Накшибанддын бир шакирти устазынан напсинин жамандыктарын угуп, бир күнү тоонун түбүндөгү көздөн далдаа жерге келип: «Сенин жамандыктарың үчүн», - деп башын ар жерге ургулап, өзүн чапкылап баштайт. Ал жерге бир салих адам келип: «Эмне кылып жатасың балам?» - дегенде, өз напсин жазалоо үчүн өзүн кыйнап жатканын айтат. Ошондо ал киши: «Балам, напсиң сага эмес Аллахка душман, Пайгамбарга душман, динге душман! Эгер сен напсиңе душмандык кылгың келсе анын жолу бар. Напсиң сени кайсы жагынан алдап жатса сен да аны ошол жагынан карма. Сен алгач душмандын кайсы жерден чабуул кылаарын билип алып, ошого жараша чарасын камдашың керек! Анын душмандыгынан сактануу үчүн диниңди үйрөн! Сен өзүңдү уруу аркылуу аны андан да көбүрөөк күлдүрүп, кубантып жатасың», - дейт. Анан: «Менин бул айткандарымды Аллах ыраазылыгы үчүн аткара турган болсоң ошондо напсиң тарбияланат.

1-Ыйман келтирип, ахли сүннөт ишениминде бол!

2-Илим үйрөн, ушундайча напсиңдин чабуулунан коргон жана башкаларга диниңди үйрөт!

3-Харамдардан сактан!

4-Парздарды аткар!

5-Ар ишти акылдашпастан, кеңешпестен кылба! Анткени, напсини эң көп алсыратуучу нерсе - бирөөнөн акыл суроо. Себеби, напси ар дайым "мен билемин дейт», - деп сөзүн бүтүрөт. Шакирт: "Макул, ата”, - деп башын көтөрүп караса алиги салих адам ордунда жок болот. Ал мубарек адам Хызыр алейхиссалам экен. Шакирт медресеге кайтып келгенде Хазрети Шахи Накшибанд күлүмсүрөп, андан эмне болгонун сурайт. Шакирт болгондорду айтканда: «Хызыр алейхиссалам бизди өтө жакшы көргөндөй шакирттерибизди да жакшы көрөт. Сага келип акыйкатты айтыптыр», - деп, анан мындай дейт:

-Бешинчисинде сага эмне деген эле?

-Сурабай туруп эч нерсе жасаба деди.

-А сен өзүңдү уруудан мурда келип менден сурадыңбы?

-Жок.

-Андай болсо мындан кийин сурабай, кеңешпей туруп эч нерсе кылбайм деп мага убада бер...

Хак таала: «Эй, хабибим, бир чечим кабыл алардан мурда кеңеш, акыл сура жана сурагандан кийин чечимиңен кайтпа», - деп айткан. Хазрети Имам Абу Юсуф мындай деген: «Өз акылы менен иш кылган адам өкүнөт. Улуулардын жолунда "Устазымды таптым, акылымды таштадым” деген сөз бар. Сурабаган болсок сөзсүз түрдө өкүнөбүз. Өз акылы менен иш кылган адам бул дүйнөдө же акыретте шексиз зыянын көрөт. Олуялардын сөзү бекерге айтылган эмес.»

Хазрети Омар бин Абдулазиз куптан намазынан чыгып үйүнө барчу жолдо ырдап, теңселип келе жаткан бир масты көрөт. «Менин халифалыгымда алдыма мастын чыгып турганы кандай», - деп дароо тартип сакчыларына «камагыла муну» деп буйрук берет. Сакчылар аны кишендеп алып бара жатканда: «Аллах жана Мухаммеддин урматына мени Халифанын алдына алып баргыла, ага айтаар бир ооз сөзүм бар», - деп жалбарат. Сакчылар халифага келип: «Таксыр, алиги мас сизге айтаар сөзүм бар деп жатат, эмне кылалы?» - дешет. Халифа: «Келсин, айтсын!» - дейт. Мас киши Халифанын алдына келип жакындап, капилеттен жүзүнө түкүрүп жиберет. Муну көргөндөр: "Болду, мунун иши бүттү, эми кутулбайт”, - деп ойлошот. Бирок, Халифа: «Кечирдим, бошоткула!» - дейт. Ошондо жанындагылар: «Таксыр, буга эки эсе жаза берүүнүн ордуна эмне үчүн кечирдиңиз?» - деп сурашат. Хазрети Омар бин Абдулазиз мындай деп жооп берет: «Эртең акыретте амалдар Аллаху тааланын алдында эки түрдө коюлат. Аллах үчүн жасалгандар жана напси үчүн болгондор. Менин ал маска бермек болгон жазам Аллах үчүн болчу. Бирок, ал түкүргөн кезде напсим да аралашып өч алууга аракет кылды. Эгер өзүмдү кармабаганымда напсим үчүн жаза берген болмокмун, мунун эсебин акыретте бере алмак эмесмин. Адам эмне иш кылса да бардыгынын эсебин берет. Алардан бир гана Аллах үчүн жасагандары кутулат. Эми мен эмне үчүн бир мастын айынан Раббимдин алдында кыйынчылыкка түшөйүн?»

Аллахты таанып Ариф болгондор жалгыз Аллах тууралуу айтып, калган адамдарды да бакытка жеткирүү үчүн алектенишет. Андай Арифтердин башкалардан айырмачылыгы - алар бир адамдын көңүлүнө назар салганда анын салих же фасык экендигин дароо түшүнөт. Буларды ахи марифат дешет (марифат ээлери). Ал эми ахли керемет (керемет, ажайып касиет ээлери) болсо Аллахтан да макулуктарды көбүрөөк тааныганы үчүн сөздөрү да, иштери да макулуктарга, адамдарга жайылган болот. Башкача айтканда, алар дүнүйөлүк нерселер менен алектенишет, жоголгон нерселерди, келечектеги жана өткөн убактагы нерселерди билүүгө, ачууга аракеттенишет. Алар макулуктарга таандык сырларды билүү менен алектенишет. Ал эми ахли марифат болгон Арифтер мындай убактылуу нерселерди таптакыр ойлоруна да албайт. Ошол себептен адамдар Жаннатка жана Аллаху тааланын ыраазылыгына алып баруучу сырларды үйрөткөн марифат ээлерине маани беришпейт. Тескерисинче, макулуктардын, адамдардын сырларын билип айтуучу касиет ээлерине көбүрөөк маани беришет, ошолордун артынан ээрчишет. Андайлардын Аллаху таала менен болгон байланыштары анча жакшы болбогондуктан акыреттеги жагдайлары да эки анжы. Марифат ээлери дүнүйөгө жана дүнүйөнүн ичиндеги таң калыштуу нерселерге, атак-даңкка, байлыкка таптакыр маани бербегендиктери үчүн дайыма аз санда болушат. Таң калаарлык нерселерди көрсөткөн кишинин айланасында эл көп болот, эл аларды улуу адамдар деп ойлошот. Марифат ээлеринин айланасында ар дайым аз адам болот, алардын кадырын билгендер да аз болушат...

Хазрети Шахи Накшибанд: «Анык керемет – ахли сүннөт жолу менен жүрүү болуп саналат», - деп айткан. Андай болсо, Исламдан, такыбаалыктан, напсини тарбиялоодон, зикирден көздөлгөн максат макулуктардын сырларын билүү эмес, чыныгы мусулман болууну билүү деген сөз. Чыныгы мусулман болуу үчүн өз билгениндей амал кылгандар дүнүйөдө да, кыяматта да өкүнүшөт. Мусулмандар башы бош жаратылган эмес. Чыныгы аалымдардын китептерин окуп, алардын насыятттарына кулак салмайынча Пайгамбардын жолун кармануу мүмкүн эмес. Пайгамбардын айтканы боюнча жүрбөгөндөр болсо Аллаху таалага баш ийбеген болушат.

Аалымдардын булагына арык болгон адам чыныгы мусулман болуп саналат. А эгер өзү булак болууга тырышса ал булактан кир аралаш суу агат. Аалымдардын булагына арык болгондор таза болушат, ал сууда кир болбойт, микроп болбойт. Бул арыктын суусунун азайып-көбөйүүсү кол менен башкарылбайт. Аалымдарга болгон урматы, махабаты канчалык көп болсо бул арыктан суу ошончолук көп агат. Башкача айтканда, суунун агуусу күрөк себеби менен эмес, урмат себеби менен болмок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш