Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Өлүүдөн мурда өлүү




Өлүүдөн мурда өлүү


Расулуллах алейхиссалам: «Муту кабла ан тамуту», башкача айтканда, «Өлүүдөн мурда өлгүлө», - деп айткан. Аяти карималарды Пайгамбарыбыз чечмелеп түшүндүргөндөй Пайгамбарыбыздын сөздөрүн да мужтахид болгон Ислам аалымдары чечмелеп түшүндүрүшкөн. Бул хадиси шарифти Ислам аалымдары мындай деп ачыкташкан:

«Дүнүйөдө ишенген, ыйман келтирген нерселер өлгөндөн кийин көрүнөт. Адам өлүп, акыйкаттарды көргөндө кандай абалда боло турган болсо, тирүү кезде кайсы амалдарды орундап койгон болууну каалай турган болсо анда азыртадан орундоосу "өлүүдөн мурда өлүү” деп аталат.

Амалдардын, ибадаттардын баасы ыймандын даражасы менен өлчөнөт. Ибадаттардын нурдуулугу ыкыластын чени менен өлчөнөт. Ыйман канчалык камил, жетик болсо, ыкылас да ошончолук көп болот. Амалдар да ошончолук даражада нурдуу болуп кабыл болот. Ыймандын камил болуусу жана ыкыластын толук болуусу марифатка, башкача айтканда, Аллаху тааланы таанууга байланыштуу. Ал эми марифат менен чыныгы ыйман өлүүдөн мурда өлүүгө байланыштуу. Бул абал кимде көп болсо анын ыйманы ошончолук камил, жетик болот. Ошондуктан, Хазрети Абу Бакрдын ыйманы бардык мусулмандардын ыймандарынан жогору болду. Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакр тууралуу: «Кимде ким жер үстүндө тирүү өлүктү көргүсү келсе Абу Кухафанын уулун карасын!» - деп айткан.

Өлүүдөн мурда өлгөн адам эч ким менен талашып картышпайт, жалган жана ушак айтпайт, эч кимди капалантпайт, эч кимдин мал-мүлкүнө, мансабына көз артпайт. Акыретте берүүчү эсебин, ал күнү кандай абалда боло турганын ойлойт жана дүнүйөдө туруп өз эсебин көрөт. Ансыз да Пайгамбарыбыз: «Өлүүдөн мурда өлгүлө. Эсепке тартыла электе өзүңөрдү эсепке тарткыла!» - деп буюрган.

Өлгөндөн кийин болуучу нерселерди ойлогон адамдан жана ал күнү кор болбоо үчүн өзүн Исламга ылайык алып жүргөн адамдын үстүнөн эч ким арызданбайт. Бул адам да эч кимди арызданбайт. Эч кимден арыз келбейт, эч кимге да арыз түшпөйт. Анткени, өлгөн кишиден эч кимге зыян келбейт... Пайгамбарыбыз: «Өлүмдү көп эстегиле. Өлүмдү эстөө адамды күнөө кылуудан коргойт жана акыретте зыяндуу болгон нерселерден сактанууга себеп болот», - деп айткан.

Хазрети Имам Раббани мындай деген:

«Жаханнамдан кутулгусу келген адам «халал» жана «харам» эмнелер экендигин жакшы үйрөнүүсү керек, ырыскысын адал жолдон таап, арамдардан качуусу керек. Дин ээсинин тыюу салган нерселеринен сактануусу керек. Исламдын чектөөлөрүнөн сыртка чыкпоосу керек. Гафлет (караңгылык) уйкусу качанкыга чейин созулмак, кулактагы кебез качан алынмак? Ажал келгенде адам ойгонот, көздөрү, кулактары ачылат. Бирок, ал кездеги өкүнүчтүн пайдасы болбойт. Кордуктан башка колго тийер нерсе болбойт. Баарыбызга өлүм жакындап келе жатат. Акыреттин сансыз азаптары адамдарды күтүүдө. Адамдын өлгөнү анын кыяматынын келгенин билдирет. Өлүм ойгото электе, эшик кагыла электе ойгонолу! Аллаху тааланын буйруктарын жана тыюуларын үйрөнүп, бир нече күндүк өмүрүбүздү буларга ылайык өткөрөлү. Өзүбүздү акыреттин азаптарынан куткаралы! Тахрим сүрөсүнүн 6-аятында: "Эй ыйман келтиргендер, өзүңөрдү жана бала-чакаңарды оттон коргогула, ал оттун отуну адамдар менен таштар”, - деп айтылат.»

Ыймандуу, акылдуу жана балакат жашына толгон эркек менен аял «мукаллаф» (жоопкер) деп айтылат. Мукаллаф адамдардын өлүмдү эске алуусу сүннөт болуп саналат. Анткени, өлүмдү көп эске алуу, Аллаху тааланын буйруктарын жакшылап карманууга жан тыюуларынан сактанууга себеп болот. Харам кылууга болгон батылдыкты азайтат. Пайгамбарыбыз мындай деген: «Лаззаттарды, оюн-зоокту токтоткон өлүмдү көп эстегиле!»

Бул дүйнө адамдын конок үйү. О дүйнө менен салыштырганда зындан сыяктуу. Дүнүйө фани (өткүнчү), убактылуу көрүнүш. Көлөкөгө окшоп акырын-акырын өчүп жоголот. Хадиси шарифте мындай делинет: «Адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат!»

Дүнүйө өмүрү түш сыяктуу. Өлүм ойготкондо түш бүтөт, чыныгы өмүр башталат. Мусулмандын өлүмү – өмүр. Болгондо да чексиз өмүр!

Бир адамга:

- Сен өлөсүң - дешкен экен.

- Өлгөндөн кийин кайда барамын? - деп сурайт:

Аллаху таалага - дешет. Ошондо алиги адам мындай дейт:

- Андай болсо жакшылыктар жалгыз гана Өзүнөн келүүчү Раббиме жеткирүүчү өлүмдөн эч коркуум калбады.

Адамдын алектенип жаткан иштери ага негизги максатын унуттурбоосу керек. Негизги максатыбыз байлык, мансап, атак-даңк ээси болуу эмес, акыретти колго алуу болуп эсептелет. Ар убакта соңку демдин убайы менен өмүр сүрүү керек. Коркпостон, убайымсыз өмүр сүрүү кооптуу. Негизи суунун аккан багытына карай баруучу жери белгилүү болот. Бирок, миллиондо бир ыктымалы болсо да мунун тескериси да болуусу мүмкүн. Ошондуктан, коркуу керек. Анткени, Пайгамбарыбыз: «Акылдуу адам өлүүдөн мурда эсебин көргөн, өлүмдөн кийин өзүнүн пайдасына жароочу нерселерди кылган адам», - деп айткан.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш