Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адам баласынын үстөмдүгү




Адам баласынын үстөмдүгү


СурооКуранга карата адам баласы ар тараптан үстөм жана төгөрөгү төп, кынтыксыз жаратылган. Бүгүнкү күндө маймылдын эске тутумунун адамдыкынан да кубаттуу экендиги билинди. Адамдын кынтыксыздыгы каерде?

ЖООП

Курани каримде: «Ар тараптан үстөм, ар тараптан кынтыксыз жараттык» делген жок. «Биз адамды эң жакшы шекилде жараттык», - деп айтылууда. (Тин 4) Бул аяти кариманын тафсири мына мындай: Биз адамды ахсен-и таквим, б.а., эң жакшы келбетте, бойлуу, келбети сулуу, органдарынын орду, саны, эң жакшы, колдонулууга ыңгайлуу абалда, ааламдын бардык өзгөчөлүктөрүн ичине камтый тургандай шекилде жараттык. (Байдави)

Аллаху таала жараткан ар нерседе сөзсүз бир сулуулук, чеберлик, төп келүүчүлүк бар. Мындан да мыктысын ойлоо мүмкүн эмес. Бир аяти кариманын мааниси: «Аллах бардык нерсени мыкты жаратты». [Сажда 7]

Бир канча мисал берели: Мүйүз кийик үчүн керектүү жана жарашыктуу болсо да эшек үчүн керектүү жана жарашыктуу эмес. Адамга да мүйүздүү болуу орундуу болбойт. Пилдин мурду ага керектүү, анын колу сыяктуу, бирок, адамдын же башка бир айбандын буга муктаждыгы жок, керексиз дагы болот.

Кенгуру балдарын курсагындагы баштыгына салып, ошол жерде эмизип чоңойтот. Баштыктын койдо же башка жаныбарда болбоосу бул жаныбарлардын баасын түшүрбөйт. Арстан - жырткыч жаныбар.Койдо, кийикте дагы бул өзгөчөлүктүн болбоосу алардын баасын түшүрбөйт. Шайтан бир заматта дүнүйөнүн бир четинен экинчи четине бара алат. Жиндер ар кандай келбетке кире алышат. Булар адам менен салыштырылбайт. Адамдар жиндерден дагы үстөм.

Балык деңиздин түбүндө сүзөт, бирок, кочкор сүзө албайт. Кочкорго сууда сүзө албоо кемчилик болуп эсептелбейт. Себеби, кочкордун деңизде иши жок. Бүркүт асманга көтөрүлүп уча алат. Аюу, түлкү уча албайт. Кырк бут деген жаныбардын буттары көп, жылан болсо бутсуз. Аары бал жасайт, жылан уу чачат. Ар жаныбардын өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөрү бар. Ал өзгөчөлүктөр өзү үчүн ылайыктуу. Керексиз эмес. Ошол эле өзгөчөлүктүн башка жаныбар үчүн керексиз болуусу мүмкүн. Төөнүн өркөчү адамдан бийик, маймылдын эске тутуусу адамдыкынан да кубатуу, иттин жыт сезүүсү, ителги куштун көрүүсү, жарканаттын туюму адамдыкынан да күчтүү болгону менен эч бири адамдын даражасына көтөрүлө албайт. Айбан айбан, адам адам.

Айбандарда эске тутум жана инстинг болгону менен акыл жок. Айбандарда жана адамдарда жандуулук берген айбаний рух бар. Каалоо менен кыймылдарды кылдырган мына ушул рух. Адамдарда айбандарда жок болгон айрыкча бир рух бар, рух деген кезде ушул рух түшүнүлөт. Акылды колдонуу, ойлонуу жана күлүү сыяктуу нерселерди аткарган, адамды үстөм кылган ушул рух. Ушул жагынан алып караганда канчалык үстөм өзгөчөлүгү болсо дагы айбан адам баласынан үстөм боло албайт. Адам менен айбандардын арасындагы эң чоң айырма – адамдын акылы жана руху. Адамдык кадыры ушундан келип чыгат. Айбандар адамдар сыяктуу сүйлөшсө дагы акыл жана рухтары болбогондуктан адамдардан үстөм боло алышпайт. Аллаху таала адамды башка макулуктарынан үстөм кылып жараткан.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш