Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Сыр сактаган муратына жетет




Сыр сактаган муратына жетет


«Ибадат он бөлүк, тогузу – унчукпоо, бири болсо – жаман достон узак туруу.»

«Тил – ирфан казынасынын ачкычы, көп сүйлөгөн көңүлдөгү кызмат гаухарын түгөтөт.»

«Аз сөз - адеп, жакшы амалдарды коргоого себеп.»

«Киши тилинин алдында сакталган. Сыр сактаган муратына жетет.»

Булбул ителги кушка айтат экен:

Экөөбүз тең куш болгонубуз менен сен падышанын сарайындасың, мен болсо бакчанын тикен баскан жериндемин. Сен түркүн куштарды кармап жейсиң, падышанын жанында кадырлуу болуп каалаганыңа жетесиң. Куштардын султаны болосуң. Мен болсо күн санап, ар түнү таң аткыча гүлдүн ачылуусун күтөм. Мен уктамайынча ал ачылбайт, ойгонгон кезде ачылганын көрөм. Ачылганын көралбайм, муратыма жеталбайм. Тикен арасында муратсыз ыйлап, жүрөгүмдү сыздатам.

Ителги минтип жооп берет экен:

Мен бир мурат алам, бирок, бирөөнө айтпайм. Сен бир мурат алалек жатып миң жолу сүйлөйсүң. Сөз сактаган мурат алат, сайраган муратсыз калат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш