Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Береке жана берекесиздик




Береке жана берекесиздик


Береке – бул аз оокаттын көп пайдага жароосу. Аз оокат берекелүү болгондо көп адамдын ырахат болуусуна, жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйөдө жана акыретте жамандыкка кирүүсүнө себеп болчу берекелүү болбогон көп оокат болот. Ошондуктан, мал-оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек!

Ырыскы эч өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Эч ким өз ырыскысын жеп бүтүрмөйүн өлбөйт. Ким эгер Аллаху таала буйрук кылгандыгы үчүн эмгек кылып, ырыскысын халал жолдон издесе эзелде белгиленген ырыскысына жетет. Бул ырыскы ага берекелүү болот. Эгер ырыскысын Аллаху таала тыйуу салган жерден издесе анда деле эзелде белгиленген ырыскысына жетет. Бирок, бул ырыскы ага кайырсыз, берекесиз болот. Ырыскысына жетүү үчүн тапкан күнөөлөрү дагы аны жамандыкка тартат.

Ислам аалымдары айтышкан:

"Үйгө мусхаф койуу – береке. Жакшылык кылган адамдын мал-мүлкү берекелүү болот. Асхабы Кахфтын жана Асхабы Бадрдын ысымдары жазылган кагазды үйдө жана өзү менен алып жүрүүдө береке бар. Талааны дааратсыз айдоо берекесиздикке себеп болот. Устазына урмат кылбагандын дагы тапканында береке болбойт. Сахур маалында туруу береке.”

Хадиси шарифтерде айтылган:

"Тамакты чогулуп жегенде береке бар.” [Ибни Маже]

"Бисмиллах менен желген тамак берекелүү болот.” [Ибни Маже]

"Береке тамактын ортосуна түшөт. Ошондуктан, четинен алып жегиле, ортосунан жебегиле!” [Тирмизи]

"Сахурда жана сахур тамагында береке бар.” [Таберани]

"Тамактан мурда жана кийин колун жууган адамдын үйүнүн берекеси көбөйөт!” [И.Э.Шейбе]

"Ысык тамакта береке болбойт.” [Дайлами]

"Балда береке жана шифаа бар.” [Таберани]

"Сиркеде(уксуста), хурмада, сүттө береке бар.” [Ибни Маже]

"Ырыскысына ыраазы болгондун берекеси көбөйөт, ыраазы болбогондуку берекесиз болот.” [Ахмед]

"Соода-сатыкта көп ант ичүү товардын берекесин кетирет.” [Муслим]

"Соодада береке бар, соодага жалган, кыянаттык аралашканда берекеси кетет.” [Бухари]

"Береке улууларыңарда.” [И.Рафии]

"Эки баласынын кыз болуусу аялдын берекесинен.” [Ибни Асакир]

"Кыз бала – береке.” [Дайлами]

"Баласыз үй берекесиз болот.” [Эбушшейх]

"Үйүңө киргенде үй калкына салам бер, үйүңдүн жакшылыгы жана берекеси көбөйсүн!” [Хараити]

"Дуба өмүрдүн берекесин арттырат.” [Тирмизи]

"Куран окулган үйдүн берекеси көбөйөт. Куран окулбаган үй берекесиз болот.” [Дарими]

"Конок миң береке жана миң рахмет менен келет.” [Нисаб-ул ахбар]

"Үйүнөн эрте чыккан адамдын иши берекелүү болот.” [Беззар]

"Жолго чыгып жатканда достору менен коштошкон адам алардын дубалары менен берекеге ээ болот.” [Дайлами]

"Эне-атасына кызмат кылган адамдын өмүрү берекелүү, аларга каршы келгендердики берекесиз болот.” [И.Ахлагы]

"Мухаммед ысымдуу адам болгон үйдө жана жерде береке болот.” [Дайлами]

"Багымдаттын сүннөтүн үйдө окуу ырыскынын берекесине себеп болот.” [Имад-ул-ислам]

"Намаз окуган адамдын ырыскысы берекелүү болот.” [М. Жанна]

"Мөөнөттүү соода-сатыкта, карыз берүүдө жана арпа аралаш нанда береке бар.” [Ибни Маже]

"Үйдө мусурдун болуусу берекесиздикке себеп болот.” [Дайлами]

"Ырчы жана пайызчылардын тапканында береке болбойт.” [Дайлами]

"Бир жамиятта бири сүйлөп жатканда экинчиси үн чыгарбай отурбаса ал жер берекесиз болот.” [Байхаки]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш