Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Орозо кармаган ден-соолук табат




Орозо кармаган ден-соолук табат


Раббибиз бизге эмнени буйрук кылган болсо ошол нерседе биздин материалдык жана руханий пайдаларыбыз бар. Кайсыларын бизге арам кылган болсо эч күмөнсүз ошол нерселерде өтө көп зыяндарыбыз бар. Муну бүгүн түшүнбөгөн болсок дагы эртең, күн өткөн сайын түшүнөбүз. Биз билбейбиз, ал билет...

Бизди жараткан жана жашаткан, өз энебизден дагы биз үчүн мээримдүү болгон Раббибизди уксак, буйруктарын аткарып, тыйуу салган нерселеринен качсак дүнүйөдө, кабырда, акыретте ырахаттык, бактылуулук ичинде болобуз. Болбосо үч өмүрүбүз тең кыйынчылык, кайгы-азап менен өтөт.

Орозонун санап бүткүс пайдалары бар. Бирок, биз орозону бул пайдалары үчүн эмес динибиздин буйругу болгондугу үчүн кармоодобуз. Орозо кармай турган болсок ден-соолук табабыз.

АЗЫК ЖЫЙНАГЫЧТАР ЭЭРИЙТ!..

«Орозо кармагыла, ден-соолук тапкыла»

Орозо кармаган адам ден-соолук табат. Күнү бою иштеген жана чарчаган органдарыбызды түнү уктап жатканда дем алдырабыз. Дем алалбаган кээ бир органдар бар: Аш казаныбыз, ичегилерибиз жана тамак сиңирүү системабыз... Булар дем алуу эмне экенин билбейт, токтобостон иштеп турат. Тойо жеп жатсак дагы ойгонгон кезибизде ачыка болгонубузду сезебиз. Биз өзүбүздү жоготуп уктап калабыз, бирок, тамак сиңирүү системабыз уктабай дайым иштеп турган болот. Бул тынымсыз иштөө аларды чарчатат.

Уктап жаткан кезде көзүбүз, кулагыбыз, колубуз, бутубуз жана мээбиз дем алат. Дем алалбаган органдарыбызга дагы жок дегенде жылда бир ай бир гана күндүзү орозо кармоо аркылуу дем алдыруу мүмкүнчүлүгүн берген болобуз...

Ден-соолук жагынан дагы бир пайдасы – бул боордогу азык бириктиргичтердин ээрүүсү болуп саналат. Доктурлардын айтуулары боюнча боорубуз бир өлчөмдө азык кампасы болуп саналат. Денебиз муктаж болгон азыкты зарыл болор замат автоматтык түрдө керектүү өлчөмүн берүүдө. Орозо кармабагандар бул муктаждыктарын жеген азыктары менен камсыз кылып алгандыктары үчүн боорундагы бириккен азык козголбойт. Алар тура берип эскирүүдө, зарыл болгон кезде дагы керектүү натыйжа бере алышпайт...

***

Орозонун сабыр, шүгүр, напси тарбиясы сыяктуу башка ибадаттар менен дагы байланышы бар. «Орозо сабырдын, сабыр болсо ыймандын жартысы» деген хадиси шариф орозо кармаган адамдын сабырдуу болгондугун билдирүүдө... Сабыр кылууну буйрук кылган жана ага үндөгөн 70тен ашык аяти карима бар, эң чоңу: «Раббибиз сабыр кылгандар менен бирге» деген сүйүнчү. Сабыр кылуу адамдарга тийиштүү. Периштелер сбыр кылышпайт, себеби, алар жешпейт, ичишпейт, оорушпайт. Айбандарда сабыр тууралуу айтуу орундуу эмес, себеби, аларда акыл жок, жоопкер эмес. Адам уулу бул эки барлыктын ортосунда. Акылы бар периштелер сыяктуу, напси бар айбан сыяктуу. Акылын жогору кармай турган иболсо периштелер сытуу болуп көтөрүлөт, жада калса, аларды да өтөт. Себеби, периштелер каалайбы каалабайбы жакшы. Адам баласы болсо напси менен күрөшүү аркылуу көтөрүлө алат. Эгер аны напси жеңип ала турган болсо айбандашып төмөндөйт, жада калса, алардан да төмөнгө түшүшү мүмкүн. Себеби, айбандар жоопкер эмес.

Орозо кармоо менен периштелер сыяктуу болуудабыз. Белгилүү болгондой алар дагы жешпейт, ичишпейт.

Раббибизге шүгүрдү акысына жараша толук кыла алуубуз мүмкүн эмес. Жакшылыктардын Андан келип жаткандыгын билүүбүз жетиштүү.

Хазрети Хусейин айткан: «Йа, Рабби, бизге жакшылыктарды бердиң, ага шүгүр кылбадык. Кыйынчылыктарды, ооруларды, кайгыларды бердиң ага сабыр кылбадык. Шүгүр кылбадыңар деп жакшылыктарыңды токтотподуң, сабыр кылбадыңар деп кыйынчылктарыбызды дагы да узартпадың. Сен керимсиң, керимден керем пайда болот...» (б.а., Аллаху таала жоомарт, жакшылык кылуучу, жакшылык ээсинен жакшылык келет...)

САБЫР ҮЧ ТҮРДҮҮ

Кадырлуу китептерде жазылган: «Сабыр үч түрдүү. Бири – ибадатттарды орундоодо кездеше турчу кыйынчылыктарга сабыр. Намаз окууда, орозо кармоодо кээ бир кыйынчылыктарга туш келишибиз мүмкүн. Буларга сабыр кылабыз. Экинчиси – күнөө кылбоого сабыр. Күнөө кылбоого сабыр кылуу отто күйүүгө караганда алда канча жеңил. Үчүнчүсү – ооруларга, кайгыларга, жамакдыктарга сабыр кылуу.»

Оору, жамандык суралбайт, келсе кутулууга аракет кылуу керек, дарылануу керек, бирок, мунун бардыгы натыйжа бербей турган болсо сабыр кылуудан башка чарабыз калбайт. Бул үч сабырга бериле турчу сыйлыктын өлчөмү жок. Биз дүнүйөгө ушул үчүн келдик, бардыгыбыз сынак бере турчу бөлмөдөбүз. Раббин тааныган, Анын буйруктарын кадырлаган, арамдардан сактангандар менен өзүн жараткан жана жашаткан затты тааныбаган, буйрук жана тыйууларына кулак аспагандардын бири-биринен ажыроолору керек. Киши кылган нерселеринин акыбетин көрөт, жакшылар түбөлүк бакытка, жамандар болсо ылайык болгон азапка туш болот..


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш