Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Сүйүү улуудан, жогорудан келет




Сүйүү улуудан, жогорудан келет


Даанышман заттар мындай дешкен:

Олуя заттарды сүйгөн адам соңунда олуя болот. Себеби, туш келди адам аларды сүйө албайт. Бирөө мубарек бир заттан келип: «Устаз, сиз Аллахтын сүйүктүү кулусуз, Аллах мени да сүйөт болду бекен?» - деп сурайт. Ал зат: «Сен Аны сүйөсүңбү?» - деп сурайт. Ал: «Ооба, өтө сүйөм», - дейт. Анда тиги даанышман зат мындай дейт: «Андай болсо АЛлах дагы сени сүйүүдө. Себеби, Ал сени сүйбөсө сен Аны ансыз деле сүйө албайсың. Сүйүү улуудан, жогорудан келет. Ошондой эле, устаз шакиртин жакшы көрбөсө шакирт дагы устазын жакшы көрө албайт. Ата баласын жакшы көрбөсө бала дагы атасын жакшы көрө албайт», - деп жооп берет.

Дүнүйөдө эң таттуу нерсе – Аллах сүйүүсү жана дин боордошун сүйүү. Эч бир сүйүү булардын ордуна боло албайт. «Аллах бес, баки хевес», б.а., Аллах үчүн болгондор таттуу жана сулуу, калганы бош кыял.

Бир хадиси шарифте: «Эки салих мусулман бир мусулманга күбөлүк кылышса, «Бул салих мусулман», - деп айтышса Аллаху таала ал мусулманды отто күйгүзбөйт, азап кылбайт», - делген. Дагы да Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Бир мусулман келип сизден кечирим сураса, сиз дагы аны кечирбесеңиз Кавсар көлүнөн иче албайсыз», - деген.

Ошондуктан, бизди таарынткан ким бар болсо, кечирим сураса кечирели.

Мубарек бир заттан: «Устаз, сизди тааныган же сиз менен биринчи жолу жолуккан ар ким сизди жакшы көрүп баштайт, мунун сыры эмне?» - деп сурашканда мына бул жоопту берет:

«Мен көргөн ар момунду же досумду Аллахтын мага ниматы деп көрөм. Мен Аллахымды сүйөм, ошондуктан, жаратылганды жараткандан улам сүйөм. Адам баласы сүйүктүүсүнө тийиштүү бир эмгекти каерде көрсө сүйүктүүсү үчүн аны да сүйөт. Ошондуктан, каршы тараптан келген сүйүүнүн негизги булагы – биздин ал жерге карата болгон сүйүүбүз. Мен өтө сүйөм, мен сүйгөндүктөн алар да мени сүйүшөт. Адамдардын жаман жактарын, кемчиликтерин издөө эч оюма дагы келбейт. Баары тең - Раббибиздин улуу кудурети. Аллаху таала жараткан бардык кулдары үчүн «Баары менин ыйалим сыяктуу», - деп буюрууда. «Ыйал» бул бала-чака, үй-бүлө мүчөлөрү дегенди билдирет. Бир эне-атанын баласы канчалык жаман болсо болсун башка бирөө тарабынан жектелүүсү же кордолуусу эне-атаны капа кылат. Ал эми адамдар Аллахтын кулдары болгон болсо Анын кудуретинен жаралган эмгек болуп саналат. Аллахты сүйгөн адам Анын кулдарын капалантпайт.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш