Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дүнүйөнүн өткүнчү даамына алданба!




Дүнүйөнүн өткүнчү даамына алданба!


Ниматтар бул ырахаттык, лаззат берген нерселер болуп эсептелет. Адам үчүн калуучу болбогон лаззаттарда жакшылык жок. Бул ырахаттыктын эң баалуусу – акылдын жана көңүлдүн алган ырахаттыгы. Эң аз болгон да мына ушул. Илим жана хикматтан беш сезүү органыбыз эч нерсе түшүнө албайт. Калган мүчөлөрүбүз дагы ырахаттык ала албайт. Эң аз болгону да мына ушул. Илимден бир гана аалымдар, хикматтан болсо бир гана анын даамын таткандар билет. Башка лаззаттар (даамдар) өткүнчү, бул болсо калуучу. Башкалары тажатат, буга болсо тоюлбайт. Адам канча ачка болсо болсун белгилүү бир өлчөм жеген соң тойот, тойгон соң жегиси келбейт. Жеген тамактарыбыздын даамын оозубуздагы тил менен сезебиз, руханий лаззаттарды болсо «көңүлүбүздү тили» менен сезебиз. Көңүлүбүздү тилинин бар экендиги хадиси шариф менен бекемделген. Айтылат: «Ыймандын даамын таткан бирөө Аллаху тааланы Раб деп билет. Ислам динин дин деп тандайт. Мухаммед алейхиссаламды Расул деп кабыл кылат.»

Бул даам такыр башкача даам. Мунун даамын таткандар айтышат: «Эгер Жаннатта ушунчалык лаззат бар болсо - табылбас нимат.» Башкалар уйкуга чөмүлгөндөн кийин түндүн кеч саатында Рабби менен бир өзү жалгыз калгандардын, ага кайрылуу сыймыгына жеткендердин алган лаззатын бир гана аны таткандар билет.

Мына ушунчалык сонун жана калуучу лаззатты сезе алуу мүмкүнчүлүгү болуп турса дагы муну талап кылбоо, аны колго тийгизүү үчүн умтулуп эмгектенбөө акылдуу кишинин кыла турчу иши эмес.

Оюнчуктары менен ойногон балага: «Оюнчуктарыңды бизге бер, сага кооз имараттын ачкычын берели!» дешсе, же «Сени бир шаарга башчы кылалы!» - дешсе бала буга макул болбойт. Албетте, баланын оюнчуктары ал имараттын ээси болуу же бийлик-мансап ээси болуудан дагы баалуу эмес. Бирок, бала муну ойлоно албагандыктан буга макул болбой жаткандыр....

Акыл кемелдикке жеткенде «көңүлдүн тили» менен даам сезип баштайт, мына ошондо лаззат деген эмне экендиги түшүнүлөт.

Илим жана хикматтан алынган лаззаттар дайыма калуучу болуп саналат... Өткүнчү болгон лаззаттар бүткөндө ордун кайгыга жана азапка калтырат. Кайгылардын бүтүүсү – лаззат. Ооруган бирөөнүн шыпаа табуусу, камактагы бирөөнүн эркиндикке чыгуусу аларды канчалык сүйүнүчкө бөлөйт.

Хадиси шарифте мындай деп айтылган: «Дүнүйө жашоосунда өмүрүн ниматтар ичинде өткөргөн, бирок, акыретин ойлонбогон бир адамды Жаханнамга ыргытышып, андан сурашат: «Сен дегеле ырахаттык көрдүңбү? Ал болсо: « (дүнүйөдө кылгандарын унутуп койгон болот) жок, эч бир ырахаттык көргөн жокмун», - деп жооп берет... Дүнүйөдөгү өмүрү кыйынчылык менен, оору-сыркоо менен алпурушуп өткөн бир адамды болсо Жаннатка алып барышып, андан да: «Сен дегеле кыйынчылык чектиңби?» - деп сурашат. Ал дагы (баарын унуткан болот) жок», - деп жооп берет.»

Калуучу болбогон ниматтар дагы, кыйынчылыктар дагы толук унутулат. Айтылгандай «Адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат.»

Ооба, дүнүйө жашоосу кыял жана уйку сыяктуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш