Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Доссуз киши - карып (бечара) киши




Доссуз киши - карып (бечара) киши


Биз адам баласыбыз, бул өмүрдө биргелешип жашоого муктажбыз. Ошондуктан, жакшы досторду күтүүбүз керек. Хадиси шарифте мындай делген:

«Жанабы Хак бир кулуна жакшылык кылууну мурат кылганда ага кайырлуу досторду насип кылат.»

Хазрети Али (радыйаллаху анх) мындай деген: «Кайырлуу дос күткүлө, себеби, алар дүнүйөдө дагы, акыретте дагы жардамчылар. Ким карып билесиңерби, досу жок адам!»

«Мага досуңду айт, сага ким экендигиңди айтайын», - дешкен даанышмандар. Жаман дос жыландан да коркунучтуу. Жылан чакса оорутат, азабын тартасын, өтө уулуу болсо өмүрүңөн айрыласың. Биз ансыз деле дүнүйөдө түбөлүк жашоо үчүн келгенибиз жок. Бирок, жаман дос дүнүйөбүздү да курутат, акыретибизди да...

Кээ бир достор азык (аба, суу, тамак) сыяктуу, ансыз болбойт. Бир бөлүгү дары сыяктуу, керек болгон кезде изделет. Бир бөлүгү болсо оору сыяктуу, андан алыс туруунун пайдасы бар.

Андай болсо дос тандоодо эмнелерге көңүл бөлүш керек?

Баарынан мурда досуңуз акылдуу болуусу керек. Акылсыздар сага жакшылык кылам деп зыян келтиришет. Бир киши аюу менен дос болот. Ары-бери кыдырып жүрүшүп чарчашат. Тиги киши мен бираз жатып демалайын дегендей белги берет, аюу болсо макул дегендей башын ийкейт. Бир маалда уктап жаткан кишиге чымын жармашат, анын тынчын албасын деп аюу чымынды колу менен кууганга аракет кылат. Кайра келет, кайра кууйт. Акыры чымынды өлтүрүп кутулбаса болбой турганын ойлонот. Чымын келип тиги кишинин маңдайына конгон кезде аюу жерден чоң ташты алып бир согот. Баягы киши канжалап башы жарылат. Аюу болсо жакшылык кылдым деп ойлойт...

Диндар болуусу керек. Динибиздин буйруктарына моюн сунбагандар, харамдардан сактанбагандар эң чоң жамандыкты өзүнө кылган болушат. Өзүнө жакшылыгы болбогон кишинин башкаларга жакшылыгы болчу беле?

Аклактуу болуусу керек. Кыямат күнү амалдар тартылат, ыймандуу бирөөнүн сооп тарабы оор баса турган болсо кутулат. Дейли, күнөөсү оор басты, жазасын тартуу үчүн Тозокко жетеленип баратканда кымындай болсо дагы бир соопко канчалык муктаж болот. Оңду-солду элеңдеп карап, кармана турчу бир талды (шапаатчы) издейт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам»:

«Кыямат күнү таразанын жакшылык тарабында көркөм ахлактай оор баса турчу бир ибадат жок!»

Бул ниматка жетүү үчүн жакшы мүнөздүүлөр менен бирге болуу керек. Эч ким адам баласына анын досундай таасир бере албайт, энеси дагы, атасы дагы, устазы дагы...

Дүнүйөнү жакшы көрбөөсү керек. Оокатка берилген кишилер силерди өз пайдасы үчүн сатышы мүмкүн. Азыркы заманда бул көрүнүш чегинен ашкан.

Сөздүн корутундусу: жаман дос адамды дүнүйөдө шерменде кылат, акыретте болсо Тозокко жетелейт...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш