Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Акыретте сенден муну сурашпайт




Акыретте сенден муну сурашпайт


Басрада жашаган Мухаммед бин Васи хазреттери Табииндин улууларынан болуп саналат. Дүнүйөгө кымындай маани берчү эмес, элдер да анын насааттарынан көп пайдаланышчу. Бир күнү жанына бирөө келип, бул олуя затка:

- Устаз, мага «каза жана тагдыр» тууралуу айтып бересизби? – деди.

Ага жооп катары көрүстөндү көрсөттү. Бирок, ал муну түшүнө алган жок. Ошондо айтат: «Бул маселе кеңири илимди талап кылат. Кабырда жаткандар азыр мунун менен эч алек болушкан жок. Анын үстүнө, акыретке барганда сенден муну сурашпайт», - деди.

***

Мухаммед бин Васи хазреттери бир күнү келип насаат сураган бир жаш жигитке: «Адамдарга карата тилин сактоо алтынды сактоодон да кыйын», - деп кошумчалады: «Акыретте Жаннатка кирген бирөөнүн ыйлоосу канчалык таң калычтуу болсо Жаннатка кирүүсү белгисиз болгон бир адамдын бул жерде күлүүсү да ошончо таң каларлык.»

***

Бир күнү сукбатында: «Боордошторум! Өткөн замандарда ушунчалык ыйык даанышман заттар жашашкан, башын аялы менен бир жаздыкка коюп, бирок, таңга чейин уктабастан үн катпастан ыйлашчу. Жаздыгы көз жашынан суу болор эле! Жыйырма жыл түнү ушинтип көз жашын төксө да аялынын мындан кабары болчу эмес!»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш