Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Убакыт алтын сыяктуу




Убакыт алтын сыяктуу


Даанышмандар мындай дешкен:

Дүнүйө өмүрү өтө кыска. Акыретте колго тийе турчу түбөлүк ниматтар мына ушул кыска өмүрүбүдөгү эмгектенүүбүзгө байланыштуу. Аллах сактасын, түбөлүк азаптар да ушундай. Бир күнү Пайгамбарыбыздан (алейхиссалам): «Йа, Расулаллах, дүнүйө менен акырет арасындагы аралык канчалык?» - деп суралганда: «Көз ачып жумгучалык жакын», - деп буюрду.

Адам баласынын эң баалуу барлыгы – убактысы. «Убакыт – накит» делген, «накит» – бул алтын жана күмүш акча болуп саналат. Убакытты бошко сарптоо акчаны бошко сарптоо сыяктуу. Акча бошко сарпталганда колдогу байлык текке кетет. Ал эми убакытты бошко сарптаганда болсо өмүр байлыгы текке кетет. Дүнүйөдө айтылган бир калимаи таухид же бир жолу Аллах деп айтуу акыретте таразаны өзгөртүүсү мүмкүн. Ошондуктан, баалуу өмүрүбүздүн ар көз ирмемин жакшы пайдалануубуз керек. Жолдо, үйдө, жумушта, ар бир мүмкүнчүлүктө Аллах деп айтуу, салават айтуу, тообо истигфар окуу бизди аазаптан куткарышы мүмкүн. Пайгамбарыбыз мындай деген:

«Беш нерсе келүүдөн мурда ушул беш нерсенин кадырын билгиле:

1- Карылык келүүдөн мурда жаштыктын,

2- Оору келүүдөн мурда ден-соолуктун,

3- Бош убакытсыздыктан мурда бош убакыттын,

4- Кедейликтен мурда байлыктын,

5- Өлүүдөн мурда өмүрдүн, дүнүйөдө акыретти табуунун кадырын билгиле!»

Соодагер болгон бир шакирт устазынан: «Узтаз, баланча жумуштарды кылып, көп акча таап мусулмандарга пайдалуу болууну каалап жатам», - дегенде устазы кичине кагазга «Тазалан» деген бир гана сөздү жазып карматат. Соодагер төрт-беш жыл бул кагазды жанында алып жүрөт, бирок, баарына көңүл бурса да тазалана албайт. Бир күнү устазына абалын түшүндүрүп: «Эмне үчүн тазалана албай жатам», - деп мунун хикматтуу сырын сурайт. Устазы айтат:

«Бир досуң динсиз. Досту жакшы тандооң керек. Себеби, Пайгамбарыбыз: «Адамдын дини досунун дининдей болот», - деген. Расулуллахтын сөздөрүндө кымындай күмөн кылган адам ыйманын жоготот. Ошондуктан, Асхабы кирам кокустан болсо да жок деп айтып албоо үчүн ооздоруна таш салып алышчу. Бул жагынан алып караганда жакшы дос тандоо керек. Эгер бирөөнүн досу намаз окубаса, ишеними же ахлагы бузук болсо анын да бузула тургандыгы анык. Себеби, бир баштык алманын ичинде бир чирик алма бар болсо калган тазалардын баарын бузат. Ошончолук таза алмалар биригип бир чирик алманы калыбына келтире алышпайт. Себеби, адамдын напси капыр болгондуктан ыймансыздык оңой жана тез жайылат. Жакшы касиеттердин жайылуусу болсо өтө кыйын болот. Марифат - кыйын ишти орундай алууда.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш