Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бизге бул дүйнөгө жаратылуу максатыбызды Пайгамбарлар үйрөтүштү




Бизге бул дүйнөгө жаратылуу максатыбызды Пайгамбарлар үйрөтүштү


Жаратканыбыздын биздин үстүбүздөгү жакшылыктарын санап бүтүрө албайбыз. Биз билбеген жакшылыктары биз билген жакшылыктарынан да көп болгондуктан аларды кантип санай алмак элек... Бул жакшылыктардын чоңдорунун бири – акыл. Бирок, акыл өзү жалгыз эч нерсе кыла албайт, анын да жете албаган нерселери бар жана алар көп. Муну Улуу Раббибиз билгендиги үчүн бизге мээримдүүлүк кылды жана эң чоң жакшылык катары бизге Пайгамбарларды жиберди, китептерди түшүрдү.

Акылыбызга таштаганда жакшы менен жаманды, жакшылык менен жамандыкты кантип айырмалай алат элек, көзүбүз менен көрбөгөн нерселерди кантип таанымакпыз? Мисалы, Ыймандын шартарынан бирөө болгон периштелерге ыйманды кантип табат элек? Раббибизди жана Анын сыпаттарын, Кыямат күнүн, кайра тириле тургандыгыбызды жана кылган иштерибизден эсепке тартыла тургандыгыбызды алар билдиришпегенде акылыбыз менен кантип түшүнө алат элек?

Пайгамбарлардын саны жүз жыйырма төрт миңден ашык. Булардан үч жүз он үчү Расул. Пайгамбарлардын бардыгы тең ыймандын алты шартын (тактап айтканда, Амантуну) коомборуна билдиришти, буларга ыйман келтирүүгө аларды чакырышты. Ошондуктан да, Пайгамбарлардан бирөөнү моюндабоо бардыгын моюндабагандык болот.

Нух алейхиссалам кылымдар бою коомун ыйманга чакырды. Бул узак убакытта 80 чакты кишинин ыйман келтирүү менен сыймыктангандыгы кабарланган. Тогуз жүз элүү жыл аларга мөөнөт берилүүсү Улуу Раббибиздин эң чоң ихсаны. Кулдарына азап берүүнү каалаган жок, түбөлүк бакытка жетүүлөрүн каалоодо...

Ад коому Нух алейхиссаламды, Семуд коому Салих алейхиссаламды, Лут коому Лут алейхиссаламга баш ийишкен жок. Булар үчүн да өзүнчө «Пайгамбарларды моюндашкан жок» деген сөз Курани каримде өтөт. Бүткүл Пайгамбарлардын араларында айырым болбостон билдиришкен нерселери мына булар:

1- Бизди жана бүткүл ааламды жараткан жана тирүүлүктө жашаткан Раббибиздин бар экендигине жана бир экендигине ыйман келтирүү. Андан башкага сыйынбоо, адамдардын өз колдору менен жасап алган жана өзүнө да пайдасы болбогон таштардан, бактардан үмүт күтпөө.

2- Раббибиздин буйруктарын, эмнелерди кылуубузду, эмнелерди кылбообузду билдиришти. Кандай кылганыбызда Бейишке же Тозокко кире тургандыгыбызды үйрөтүштү...

3- Жаратылуубуздагы максатыбызды алардан үйрөндүк. Жерде жана асманда эмне бар болсо бардыгы биз үчүн жаратылган, бизге кызмат кылышууда. Бизди дагы Аны таанып, Ага ибадат кылуубуз үчүн жараткандыгын билдиришти.

4- Биз жашап жаткан бул дүнүйөдөгү өмүрүбүздүн өткүнчү экендигин, сынак бере турчу бөлмө экендигин үйрөндүк. Чыныгы жашоонун акырет жашоосу экендигин дагы ошошл мубарек заттардан үйрөндүк. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ыйык сүннөттөрүн үйрөнүп, аларды турмушунда колдоно алгандарга эки дүйнөдө бакыттын эшиктери ачылмакчы...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш