Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Көралбастык - айыкпаган жара сыяктуу




Көралбастык - айыкпаган жара сыяктуу


Ичи тардык (көралбастык) башка бирөөнүн колундагы жакшыылктардын анын колунан алынуусун каалоо болуп саналат, бул – чоң күнөө. Руханий оорулардан бири болгон көралбастык төрт бөлүккө бөлүнөт;

Биринчиси: Өзү жактырбаган кишинин колундагы жакшылыктар кетсин, керек болсо аныкы да болбосун дегендик. Бул көралбастыктын эң жаманы.

Экинчиси: Андан алынып өзүнө берилсин. Бул да жаман.

Үчүнчүсү: Ал сыяктуу өзү дагы мындай жакшылыктарга жетсин, бирок, башка жерден. Башка жерден болбой турган болсо андан алынуусун каалайт. Бул тигилерге караганда бираз жеңил болсо да баары бир арам.

Төртүнчүсү мындай дейт, «Эй, Раббим, бул кулуңа берген жакшылыктарыңды (мансап, акча) мага да бер. Бирок, андан алып эмес, башка жерден каалаймын.» Бул күнөө болбойт.

Көралбастык – бул өтө чоң күнөө. Адамдын ден-соолугун бузат, кайгысын көбөйтөт, амалдарын күйгүзөт. Хадиси шарифте мындай делди: «Оттун отунду күйгүзүп жок кылгандыгы сыяктуу көралбастык да соопторду жеп курутат.»

Дүнүйөдө ырахаттык жок. Ар кимдин өзүнө жараша кандайдыр бир кыйынчылыктары бар.  Же өзүндө же жакшы көргөндөрүнүн биринде. Көралбастык кылган кишинин болсо бул кыйынчылыктарына кошумча кимди же кимдерди көралбай жаткан болсо ошолор кол жеткирген жакшылыктар болуп саналат. Алардын жакшылыктары көбөйгөн сайын көралбастын кайгысы көбөйөт, жанынын тынчын табалбайт. Дайыма кайгы-муң менен жүрөт...

Ибни Сирин мындай деген: «Мен дүнүйө мансабы, бийлиги жана байлыгы үчүн эч кимге көралбастык кылбаймын. Минтип ойлоном: баарыбыз бир күн келет өлөбүз, көргө киребиз. Көр хадиси шарифте айтылгандай: «Же Бейиш бакчаларынан бир бакча болот же (Аллах сактасын) Тозок чуңкурларынан бир чуңкур». Напсимдин көралбастык кылгысы келген бул адам болсо бул экөөнөн бирине кирет. Эгер Бейиш бакчасына кире турган болсо бул колундагы жакшылыктардын мен кызгангыдай канчалык баасы бар эле. Тозокко кире турган болсо ага кызгануу эмес боор ооруш керек. Башкача айтканда, кандай болсо да дүнүйөнүн өткүнчү, бир күн дагы улануусу белгилүү эмес болгон жашоосуна көралбастык кылбообуз керек!» Мындай жашоонун эмнесин кызганабыз...

Мавлана Жалаледдин Руми рахметуллахи алейх Конияда бир көчөдөн өтүп бара жатып эрте жаздын күнөстүү бир күнү дубалдын түбүндө жаткан эки итти кезиктиришет. Иттер буттарын бири-биринин моюндарына коюп кучакташып уктап жатышкан эле. Шакиртинин буга көңүлү түшүп устазы Мавлана хазиретине көрсөтүп айтат:

- Устаз, кандай жагымдуу көрүнүш, минтип уктап жатышкандыгына караганда бул иттер бири-бирин абдан жакшы көрүшөт окшойт.

Мавлана хазирети иттерди карап, күлүмсүрөдү да, мындай деди:

- Азыр алардын алдында сөөк жок болгондуктан ушинтип кучакташып жатышат. Алардын жанына бир сөөк таштасаң мына ошондо көрөсүң, алардын ал достуктары кандайча душмандыкка айлана тургандыгын!

Динибиздеги кадырлуу деп саналган китептерде көралбастыктын сыяндары мындайча билдирилген:

1- Көралбастык кылган киши Раббине, Анын буйруктарына каршы чыккан болот. Себеби, көралбастыкты арам кылган.

2- Жакшылыктарын күйгүзөт жана көралбастык кылгандык дептерине жазылуусуна себеп болот.

3- Бирөөнө көралбастык кылган кемел (жетик) мусулман боло албайт. Момун момундун тууганы. Тууган тууганга жамандык кылууну ойлонбойт. Эгер жамандык кылса шайтандын кылганын кылат, ага дос болот.

4- Раббинин кылгандарын четке кагып, жактырбайт. Көралбай жаткан ошол кишинин башына кандайдыр бир кырсык келсе кубанат жана Раббине мени сүйөт экен деп ыраазы болот.

5- Көралбастык кылган адам дүнүйөдө жана акыретте кыйынчылыктарга дуушар болот, дүнүйөдө көралбай жаткан кишинин жакшылыктарынын көбөйгөнүн көргөн сайын кайгырат. Акыретте болсо сооптору анын таразасынан алынып, кимди жактырбай кызганып жаткан болсо ошол адамга берилет. Сооптору бүтсө көралбастык кылынып жаткан кишинин күнөөлөрү алынып көралбастык кылып жаткан кишинин күнөөлөрүнө кошулат.

Көралбастык кылуу менен адам ушунчалык кыйынчылыктарга, жамандыктарга дуушар болуп жатканда көралбастык кылынган кишиге анын эч бир зыяны болбойт. Ал эки дүйнөдө тең пайда көрөт.

Дүнүйөдө пайда көрөт, себеби, өзүн жактырбаган, ага жамандык ойлогон киши дайым азап ичинде болот. Жазасы бул дүнүйөдө башталат. Көралбастык кылынган кишиники болсо кызганылгандыктан жакшылыктарында азайуу болбойт. Ар бир көралбастык кылынган кишинин жакшылыктары колунан алына турган болгондо дүнүйөдө колунда жакшылыгы бар эч ким калмак эмес. Себеби ар жакшылыктын бир кызганганы табылат...

Акыретте эч бир жазасы болбосо да адам бекерден бекер өзүн ушунчалык кыйынчылыктарга кириптер кылбоосу керек. Бир күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз алейхиссалам Асхабы кирамдан сурайт:

- Муфлис (б.а., кемип калган киши) деп кимди айтышат?

Жообунда мындай дешти:

- Биз колундагы, алаканындагы мал-мүлкүнө ээ боло албай баарын жоготуп, бай болуп туруп кедей болуп калган кишини муфлис деп билебиз.

Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Менин үммөтүмөн анык муфлис мына ушул адам; кыямат күнү бир канча жакшылыктары менен келет. Намаз окуган, орозо кармаган, зекет берген, ажылыкка барган, садага берген, бирок, бирөөнү урган, бирөөнү сөккөн, бирөөнү ушактаган, бирөөнүн канын агызган, бирөөнө көралбастык кылган, бирөөнүн мал-мүлкүн жеген. Хак ээлери аны жабалакташып анын соопторун алышат. Сооптору түгөнөт, акы ээлери дагы калган болсо алардын күнөөлөрү алынат да анын күнөөсүнө кошулат.

Сооптору жок болот, күнөөлөрү да көбөйсө анын бара турчу жери Тозок. Раббибиздин мээрими чексиз, бирок, пенделердин мээримине ишенүүгө болбойт. Мүмкүн болушунча үстүбүздө кул акысы бар бойдон махшар майданында болбоого аракет кылалы...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш