Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аллаху таала сабыр кылгандар менен




Аллаху таала сабыр кылгандар менен


Акылдуу момун киши пайда менен зыянды эсептейт. Эгер башына түшкөн кыйынчылыкка сабыр кылса ала турчу сыйлыгынын жоготкон нерсесинен дагы көп боло тургандыгын билет дагы көңүлү ырахаттык табат.

Тарткан азаптарыбыз, ыздыраптарыбыз, кездешкен жамандыктарыбыз мунун баары өткүнчү. Аллаху тааланын мээрим ихсаны болсо чексиз. Чексиз нерсенин чеги жок нерсенин жанында кандай баасы болмок эле? Адам алейхиссаламдан бери жиберилген бардык самавий китептер адамдарды түбөлүк мекенге (акырет жакшылыктарына) чакыруу үчүн келди. Үч күндүк дүнүйөгө такалып калбоолору үчүн... Дүнүйө менен акырет эки токолго окшойт, бирин ыраазы кылсаң экинчиси таарынат. Мына ошондуктан, шайтан кек сактаган адамдарына акырет оюна да келбесин деп дүнүйөнү сүйдүрөт. Эгер дүнүйөнү өзүңөрнө кул кыла алган болсоңор анда жакшы, болбосо ал силерди өзүнө кул кылат. Кумар тизгини менен кекиртектен кармап, каалаган тарабына жетелейт.

ЭҢ ЧОҢ КАЙГЫ...

Хазрети Омар мындай деген: Башыма бир жамандык, кырсык келгенде үч нерседен улам шүгүр кылам:

1- Диниме келбегендиги үчүн шүгүр кылам: Эң чоң жамандык – динге келген жамандык. Бүткүл дүнүйө бир кишиники болсо, кийин буларды колунан чыгарып жиберсе эмнени жоготот? Ансыз деле ага чейин жок болчу, акыры баары бир булар анын колунда калбайт...

Бирок, бир убак намазды билип туруп казага калтыруунун зыяны канчалаган эсе көп. Акыретте бүтпөс өкүнүүгө дуушар болот.

2- Келген жамандык андан да чоң болбогондугу үчүн шүгүр кылам: Башка түшкөн кырсык эмне болсо болсун дагы да чоңу болушу мүмкүн эле. Бармагы кесилгендин бүтүндөн колу кесилип кетиши мүмкүн эле. Абу Бакр Варрак хазреттери мындай деген: Башыма түшкөн кырсыктар биринчи чоң көрүнөт. Күнөөөлөрүмдү эстеп кийин карасам аз гана болуп көрүнөт!..

Отуз жыл түрмөдө отуруусу керек болгон бир кишиге 3 жыл берилсе кубанат. Жада калса, сотко рахматын айтат...

3- Башка түшкөн кырсыктан сооп күткөндүгүм үчүн шүгүр кылам. Кыйынчылыктарга сабыр кылынса кетирген каталарыбызга каффарат болот. Раббибиз биз кылган күнөөөлөрдүн жазасын же дүнүйөдө берет, же тиги дүнүйөдө. Сүйгөн кулдарынын жазаларын бул дүнүйөдө берет. Себеби, акыреттин жазасы өтө кыйын.

Акылдуу мусулман кедейлик, оору, коркуу сыяктуу кыйынчылыкка дуушар болгондо Омар (радыйаллаху анх) сыяктуу ойлонуусу керек.

Хазрети Али (радыйаллаху анх) өз насаатында бизди катуу эскертүүдө: «Дүнүйөдө тартылган бардык кайгы азаптар Тозок азабына салыштырганга жокко эсе.»

Аллаху таала бир хадиси кудсиде мындай деген: «Кулдарымдын биринин денесине же мал-мүлкүнө жана бала-бакырасына бир кыйынчылык бергенимде өтө жакшы сабыр менен күтүп алса кыямат күнү андан эсеп суроодон тартынамын.»

Сабыр кылуу адам баласына таандык. Себеби, адам баласы ачка болот, суусайт, үшүйт, ооруйт. Периштелер болсо тамак сурашпайт, суу сурашпайт, ошондуктан сабыр кылууларына кандайдыр бир себеп жок.

Айбандар болсо акылы жок, бир нерсеге жооптуу, милдеттүү эмес. Курани каримде 70тен ашык аятта сабыр кылууга үндөлүп, буйрук кылынууда. Булардын бири «Аллаху таала сабыр кылгандар менен бирге» деген сүйүнчү.

ДҮНҮЙӨ - СЫНОО МЕКЕНИ

Сабыр үч түрдүү болот;

Биринчиси – ибадаттарды орундап жатканда кездеше турчу оорчулук-кыйынчылыктарга сабыр. Ажылыкка баргандар узак жолго, уйкусуздукка, ысыкка, адам тыгынына чыдашы керек, орозо кармагандар ачка калышат, ичпестен, жебестен ифтарды (ооз ачууну) күтүшөт... Дүнүйө - сыноо мекени. Эгер кыйынчылыктар болбосо садык адамдар риякор адамдардан кантип айырмаланат? Ибадаттар сыртынан оор болуп көрүнгөнү менен негизинде өтө жагымдуу. Рухтун азыгы болуп саналат. Ооруган адамга алгач жакшы көргөн тамактары, жер-жемиштери ачуу болуп туюлат. Сакайган кезде гана эски калыбына келет, өмүрү берекеленет.

Экинчиси - күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу. Бир момун напсине жеңилип, кумарына жетеленип артынан жүгүрүп жүрөт дейли. Бул жерде «күнөөдөн сактанууга» сабыр кылбаган адамдын тиги дүйнөдө «отто күйүүгө» сабыр кылуусу керек болот.

Үчүнчүсү - ооруларга жана башка түшкөн кырсыктарга сабыр кылуу. Оору жана дарт суралбайт, бирок, алар башка түшкөндө кутулууга аракет кылуу керек. Дарыгерге барып, тийиштүү дарысын колдонуп, тийиштүү эмдөө ишин кабылдоосу керек. Натыйжа алынса да, алынбаса да сабырдуу болуу керек. Биз Раббибизден ыраазы болсок ал да бизден ыраазы болот. Аллаху таала хадиси кудсиде мындай деген: «Ким менин казама (бергениме) таслим болбой, берген кырсыгыма сабыр кылбай жана ниматтарыма шүгүр кылбаса өзүнө менден башка бир раб (Кудай) тапсын!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш