Ислам дини » Аалымдардын маектери » Аллаху тааланын биздин үстүбүздөгү ниматтары




Аллаху тааланын биздин үстүбүздөгү ниматтары


Аллаху тааланын биздин үстүбүздөгү ниматтары (жакшылыктары) санай алгыс санда көп, биз булардын көбүнөн кабарыбыз да жок. Мисалы, биз дүнүйөгө келүүдөн мурда бизди жаратты, жашатты, жашатууда, ушунча жакшылыктарды ихсан кылды, бизде болгон нерселердин баары - Анын ихсаны. Биз дүнүйөгө келүүдөн мурда дагы энебиздин рахиминде жатканда бизди дүнүйөдө ырахат жашай ала турган түрдө жаратты, эки кол, эки бут берди, ошол жердеги түйүлдүк наристенин акылы болсо «муну мага эмнеге тагып коюшту, кол менен бутту эмне кылмак элем, мага баары бир пайдасы жок» демек. Чындыгында эле ал жерде мунун ишине жарамак эмес, анын үстүнө ары бери кыймылдоосуна да тоскоол болмок. Бирок, Раббибиз анын дүнүйөгө келе тургандыгын, дүнүйөдө да ырахат жашай алуусу үчүн анын буту менен колдорунун болуусу керек экендигин билген жана буларды ага ихсан кылды. Дал ошондой эле кыяматта дагы түбөлүк бакытка жетүүбүз үчүн бизге кээ бир буйруктарды берди, буларды орундасаңар ал жерде да ырахат жашайсыңар деди. Мунун шүгүрүн өтөй албайбыз. Анын бизге берген жакшылыктары ушунчалык көп, буларды өтөй алуу мүмкүн эмес. Давуд алейхиссалам ушундай деген: «Йа, Рабби, алдында да үстүндө да сенин ниматын болбогон башымда эч бир кыл жок. Ушунчалык көп ниматтын шүгүрүн кантип өтөй алам?» - деди. Раббибиз: «Мен дагы кулдарыма берген ниматтарымдын каршылыгында алардын шүгүр кылууларын күтпөйм, буларга күчтөрү жетпейт, аларга бул ниматтардын менден келип жаткандыгын билүүлөрү жетиштүү.» Шүгүр кылуу дагы шүгүрдү талап кылат. Эгер, бир кул Раббине шүгүр кылып жаткан болсо бул ниматты ихсан кылгандыгы үчүн шүгүрдүн шүгүрү керек. Муну кантип орундоого болот? Кыйын, бирок, Раббибиз Керим, Рахим. Бир киши балдарына: «Балдарым, менин силерден ала турчу акым көп, силер дүнүйөгө келе электен мурда да менин силерге кылган жакшылыктарым, ихсаным бар», - дейт. Балдары атасына айтышат: «Ата, бул сөзүңүздү түшүнбөдүк, биз дүнүйөгө келгенден кийин бизди асырадың, чоңойттуң, өзүң ичпестен бизге ичирдиң, өзүң жебестен бизге жедирдиң. Дайыма биз менен алек болдуң, мунуңузга макул, бирок, биз дүнүйөгө келүүдөн мурда бизге кандай жакшылыгың тийген болуусу мүмкүн?» Атасы айтат: «Силерге салиха бир эне тандадым, силерге карата кылган жакшылыгым - ушул.»

Бизге бир үзүм нан жедирүү үчүн Раббибиз жерде жана асманда эмне бар болсо баарын иштетүүдө. Күн, Ай, булуттар, жылдыздар, топурак суу баары бизге кызмат кылышууда бизге бир үзүм нан жедирүү үчүн. Биз бул нанды гафилдик менен жей турган болсок, муну бергенди, ихсан кылганды тааныбасак, ага шүгүр кылбасак канчалык жакшылык билбестик кылган болобуз. Биздин шүгүрүбүз аз, Раббибиз да ошондой деп буюрууда: «Шүгүр кылган кулдарым аз» Эмне үчүн аз шүгүр кылуудабыз, булардын себеби эмне? Булардын бир канча себеби бар?

Биринчиси – биз буга көнүп алуудабыз, аны нимат катары көрбөй жатабыз. Мисалы, аба. Абаны дем албай турган болсок өмүрүбүз бүтөт, 10 мүнөткө кычкылтек жер жүзүнөн тартылып алына турган болсо баарыбыз өлөбүз. Ар бир мүнөт сайын биздин жашообузду өлүмдөн куткарып турган Раббибиздин бул ниматын мактап жаткан жокпуз, себеби, буга көнүп алганбыз. Мунун канчалык чоң нимат экендигин качан түшүнөбүз? Дем алалгыс ысык, тар бир жерде калганда, же бирөө келип кекиртегибизден муунткан кезде дем алуунун, аба алуунун канчалык чоң нимат экендигин түшүнөбүз. Бир кедей киши бир күнү устазына келип кедейлигинен улам арыз-муңун айтат. «Мен өтө кедеймин, мага дуба кылсаңыз, Аллаху таала мага бираз мүмкүнчүлүк берсин» деп. Устазы: «Сен кедей эмессиң», - дейт. Кедей колунда эч нерсеси жок экендигин айтат. «Макул, «сенин көздөрүң сокур болсун, он миң дирхам акча берели» дешсе сен буга макул болосуңбу?» – дейт. «Жок». «Ал эми кулактарың дүлөй болсун, мунун ордуна он миң дирхам берели дешсечи?» «Жок, буга да макул болбойм», - дейт. Тилиң чулдур болсун, ага да макул эмес. Колу-бутуң шал болсун. Аны да каалабайт. Акылыңан ажырасаңчы, ага да он миң дирхам беришсе? Ага да макул эмес. «Акылымды жоготкондон кийин акчаны эмне кылмак элем?» - дейт. Ошондо айтат: «Сен Аллахтан коркпойсуңбу? Ушул санагандарым эле алтымыш миң дирхам баасында. Мынчалык ниматты сага бекер тартуулаган Раббибиз, сен болсо дагы эле кедейлигиңе даттанып жүрөсүң.»

Аллаху таалага шүгүр кылууну каалап жаткан болсок кээ бир себептерге жармашуубуз керек, мисалы, көрүстөнгө баралы, ал жердеги кайтыш болгондорду зыярат кылалы, аларга окуй турчуларыбызды да окуйбуз, алардын буларга муктаждыгы биздин жеп-ичүүбүзгө муктаждыгыбыздан да көп. Ошол эле убакта алардын абалынан өзүбүзгө ибрет (сабак) алабыз. Биз да алар сыяктуу болобуз, себеби, алар да бир кездерде биз сыяктуу эле болушкан, жеп-ичишчү, күлүшчү, жүгүрүшчү, азыр болсо топурак астында жатышат. Ошол эле акыбет биздин башыбызга да түшмөкчү. Ибрет алуубуз керек. Кайтыш болгондордун арасында бул дүнүйөгө бир күнгө да болсо келүүнү каалабаган эч биринин болбогондугун ойлоо керек. Салих болгон киши дүнүйөгө кайтууну каалайт, бираз болсо да дагы сооп табайын, даражам бираз болсо да көтөрүлсүн деп. Азап ичинде болгондордун да дүнүйөгө келүүнү каалоолору ансыз деле белгилүү. Ал да келип тообо кылып, ибадат кылып, бул кыйынчылыктан кутулууну каалайт. Аллаху таала бизге бул ихсанды берип турат, жашоодо болуубузду насип кылды. Буга канчалык шүгүр кылсак аз. Табиндин улууларынан Рабиб бин Хайсен хазреттери рахимахуллаху таала бар эле, Абдуллах бин Масуд хазреттери ага мындай деген: «Пайгамбарыбыз алейхиссалату вассалам сени көрсө өтө жакшы көрмөк», - деди. Анын өтө жакшы абалы бар эле. Ал үйүнүн бир бурчуна кабыр (көр) каздырып, кээде ал көргө түшүп, өзүнүн өлгөндүгүн ойлоп, андан кийин «Йа, Рабби, мени кайра дүнүйөгө кайтар, бул сапар дагы да жакшы болом, ибадаттарымды аксатпайм, харамдардан сактанамын, бирок, бир мүмкүнчүлүк бер», - дейт. Албетте, бул мүкүнчүлүк эч кимге кайра берилбейт, бирок, ал зат бул аяти кариманы окугандан кийин өз өз-өзүнө айтат экен: «Макул, сага дагы бир мүмкүнчүлүк берилди, бир күн дагы жашайсың», - деп ошол көр сыяктуу казып койгон жерден турат. «Көрүнөн чыккан киши эмнелерди орундай турган болсо, кандай ибадаттарды кыла турган болсо сен да ошолорду кыл, сага дагы бир мүмкүнчүлүк берилди», - дечү.

Түрмөлөргө баралы же ал жердин кандай экендигин ойлонолу, алардын абалын көрөлү, бизди Аллаху таала эркин кылып жаратты, эркин болуп жашообузду мурат кылды, буга көп шүгүр кылалы.

Ооруканаларды зыярат кылалы, ошондой оорулуулар бар, абалдары өтө начар, алардын абалын көрүп өз абалыбызга шүгүр кылалы. Таң аткыча туйлап, ошондой катуу азап чеккен оорулуулар бар, ооруну тыйган дары куйса экен деп аз да болсо оорусунун басылуусун эңсейт. Дары куюлса 1-2 саат бираз оорусу тынса дүнүйөнүн баарын өзүнө берген кишидей кубанат, бирок, ал баары бир ал дарынын таасири кайтканда кайра эле оорусу баштала турганын билүүдө. Биз болсо башыбызды жаздыкка коюп, эч ойгонбостон таң аткыча ырахат уктай алуудабыз, бул үчүн Аллаху таалага канча шүгүр кылсак аз.

Пайгамбарыбыз алейхисссалату вассалам уйкудан ойгонгондо: «Хамд болсун Раббиме, бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилтти», - деп айтчу. Себеби, уйку өлүмдүн тууганы, уктап жаткан киши өзүн билбейт, өлгөн киши сыяктуу. Бул анын акыркы уйкусу болушу мүмкүн, ойгонбошу мүмкүн. Канчалаган жер титирөөлөр болууда, уйкуга жатышат, бирок, ойгоно алышпайт. Эгер биз уйкудан ойгоно алган болсок, бул – Раббибиздин чоң ихсаны. Шүгүр кылуубуз керек. Ушундайча, ооруларды көргөндө абалыбызга шүгүр кылуубуз керек.

Шүгүрдү кантип орундаса болот? Шүгүр тил менен да кылынат. Йа, Рабби сага хамд-шүгүр кылам, шүгүрүңдү өтөөгө күчүм жетпейт десе болот. Амал менен да шүгүр кылынат, бир күнү Хазрети Аиша энебиз мындай деген: «Пайгамбарыбыз алейхиссалату вассалам уйкудан ойгонуп, даарат алды да намаз окуду, ушунчалык узак намаз окуду, эч качан мынча узак намаз окуганын көргөн эмесмин, Жараткандын буйругу келип кайтыш болдубу деп тынчсызданып, буттарын кармасам кыймылдады. Андан кийин намазды бүтүргөндөн кийин сурадым: «Сиздин мынчалык узун намаз окуганыңызды көргөн эмес элем, тынччылыкпы?» - деп сурадым. Ошондо: «Мен шүгүр кылуучу бир кул болбоюнбу, йа, Аиша», - деди.» Шүгүр кылган кул ибадат кылат, Аллаху таалага моюн сунуу менен шүгүр кылууда. Бардык дене мүчөлөрүбүздүн шүгүрү өзүнчө өзүнчө. Көзүбүздүн шүгүрү - арамдардан сактануу, жүрөгүбүздүн шүгүрү - эч кимге кек сактабоо, хасед (көралбастык) кылбоо, колу-бутубуздун шүгүрү - аларды арам жерлерде колдонбоо, бул сыяктуу бардык мүчөлөр Раббибиздин ыраазылыгынын чегинде колдонулса мунун шүгүрү өтөлгөн болот. Эң чоң жакшылык болсо - ыйман жакшылыгы, Курани карим ниматы, Аллаху тааланын бизге ихсан кылган ахли сүннөт итикады (ишеними). Бир күнү Иса алейхиссалам бир жерден өтүп баратса бир кишинин дубалдын түбүндө шал болуп отурганын көрөт, «алхамдулиллах, алхамдулиллах, алхамдулиллах» деп жаткан эле. Иса алейхиссаламдын буга назары бурулат да сурайт: «Жанабы Хактын сенин үстүңдө кайсы ниматы бар, шүгүр кылып жатасың? Колдоруң да кыймылдабайт экен, көздөрүң да көрбөйт экен. Үйүң да жок бул дубалдын түбүндө отурасың? Кайсы ниматына шүгүр кылуудасың?» - деп сурайт. Айтат: «Жанабы Хактын мага берген ниматы өтө аз кишиге берилген, марифатын, сүйүүсүн мага берди, жүрөгүмдө Анын сүйүүсү бар, ошол үчүн канчалык хамду-санаа кылсам аз», - дейт. «Туура, анын сүйүүсү бардык ниматтардан бийик», - деп колдору менен масх кылат. Иса алейхиссаламдын мужизаларынан бири - ооруларга шыпаа болчу. Тиги киши сопсоо болуп турат, ыйман шүгүрүн ансыз деле мактап жаткан киши ушинтип ден-соолугуна да жетти.

Аллаху тааланын шүгүрүн өтөп, Аны дайыма эстейли, Раббибиз ушул абалда өмүрүбүздү өткөрүүбүздү, ыйман менен акыркы демибизди берүүбүздү бизге ихсан кылсын.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.