Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Амалдар ниетке жараша өзгөрөт




Амалдар ниетке жараша өзгөрөт


Даанышман заттар мындай дешкен:

Ахли сүннөт аалымдары: «Бүткүл адамдар куруду, бир гана аалым болгондор (илими барлар) кутулду. Аалым болгондор да куруду, бир гана илими менен амал кылган, башкача айтканда, үйрөнгөндөрүн орундаган аалымдар кутулду. Амал кылган аалымдар да куруду, бир гана буларды ыкылас менен, башкача айтканда, Аллах ыраазылыгы үчүн орундаган аалымдар кутулду. Дүнүйөлүк пайда үчүн илим үйрөнгөн жана башкаларга үйрөткөн адам кутула да албайт, башкаларды да куткара албайт», - дешкен.

Бир зат кайтыш болуу алдында катуу ыйлайт. Уулу: «Ата, эмне үчүн мынчалык ыйлап жатасыз? Өлүмдөн коркуп жатасызбы?» - деп сурайт. Атасы мындай деп жооп берет:

«Жок, өлүмдөн коркуп жаткан жерим жок, бирок, Аллаху тааланын эсеби биз кылган эсепке окшобойт. Биз Анын билдирген нерселерине моюн сундукпу же жокпу билбейм. Сыртынан көрүнүшүндө бир нерселерди кылдык, бирок, Раббибиз бул кылган иштерибизден ыраазыбы же жокпу? Мына ушул үчүн убайым болуп ыйлоодомун.»

Бир нече убакыттан кийин бул зат кайтыш болот. Уулу бир канча күн өтүп атасын түшүндө көрөт. «Ата, эмне болду?» - деп сурайт. «Уулум, өтө жаман коркунучтан аз калганда кутулдум», - деп мындайча баяндайт:

«Аллаху таала менден: «Сага 70 жыл өмүр бердим. Себеби, дайыма сени барлыкта кармап турган мен элем. Таштап салсам өлүп жок болор элең, ансыз деле жок болчусуң. Сага ушунчалык жакшылыктарды бердим, сен мага эмне менен келдиң?» - деп сурады. «Йа, Рабби, 10 жашта атам ажылыкка алып бара баштады. 60 жолу ажылык кылдым», - дедим. Аллаху таала: «Алардын эч бири кабыл болгон жок», - деп буюрду. «Йа, Рабби, 40 жыл күн сайын орозо кармадым, түнү намаз окудум», - дедим. «Булар да кабыл болгон жок», - деди. «Йа, Рабби, зекеттеримди бердим», - дедим. «Зекеттериң дагы кабыл болгон жок. Бир гана амалыңды жактырдым. Жолдо бир тезек жаткан эле, мусулмандарга ыңгайсыздык келтирбесин деп эч кимге көрсөтпөй алдың да четке чыгарып койдуң. Мына бул кылган амалың ыкыластуу эле. Бирок, сен калган амалдарыңды башкалар көрсүн деп орундадың. Амалыңа рия (эл көрсүндүк) аралашты, бирок, бул тезекти ыкылас менен алып таштадың, ага рия аралашкан жок. Мен ыкыластуу болгон амалды кабыл кыламын, Ыкылассыз амалды кабыл кылбайм», - деп буюрду.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш