Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Биздин үстүбүздөгү акылар




Биздин үстүбүздөгү акылар


Биздин үстүбүздө акылар көп. Эң чоң акы бизди жараткан Улуу Раббибиздики. Бизди жана биздин колубуздагы нерселердин бардыгын жараткан Раббибиздин биздин үстүбүздө акысы болбой коймок беле? Анын акысы буйруктарын орундап, арамдардан сактануу болуп саналат. Пайгамбар алейхиссаламдын акысы бар, энебиздин, атабыздын, устаздарыбыздын акылары бар, кошуна акысы бар, балдарыбыздын акылары бар, жада калса, башка жаныбарлардын да акылары бар. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз эски коомдордо болуп өткөн кээ бир окуялардан сабак алалы деп бизге карата айтышчу эле. Мисалы, булардан бирөө мына бул: Биз киши чөлдө кетип бара жатып суусайт. Жолдогу кудуктардын бирөөнө кирет, суу тартып чыкса бир ит суусап турганын көрөт. Ушунчалык сууга чааңкагандыктан жердеги шагыл таштарды жалап жаткан эле. Анын абалына өтө боор ооруйт. Жанында идиши да жок болуп, айла жок сууну өзүнүн бут кийимине куюп итке берет. Ал кишинин бул кылган жакшылыгы Аллаху таалага ушунчалык жаккандыктан аны кылган күнөөлөрүн кечирет...

Дагы бир хадиси шарифте мындайча билдирилет; Эски замандарда бир аял бир мышыкка ачууланып, аны бир бөлмөгө чыгарбай, тамак да бербей камап салат. Бечара мышык акыры ачкадан өлүп калат. Анын бул иши Аллаху тааланы ачуусуна тийип, мындан улам аны Тозокко ыргытат. Боор оорубаган кишиге боор оорулбайт дешкен.

Мусулмандын башка бир мусулмандын үстүндө алты акысы бар:

1- Кездешкен кезде салам берүүсү керек. Салам берүү – сүннөт, алик алуу парз.

2- Чакырылган кезде кандайдыр кечиримдүү себеби болбосо баруусу керек. Чакырылган жерде күнөө кылынып жатпаган болсо баруу сооп болот. Эгер чакыруу үйлөнүү той тамагы болсо ал андан да чоң мааниге ээ. Жада калса, важиб деген аалымдар да бар.

3- Насаат сураса ага насаат берүүсү керек. Баарыбыз демейдегиден да көбүрөөк дайым насаатка муктажбыз, бирок, эч ким эч кимден насаат сурап жатканы көрүнбөйт. Бизге насаат айтылса да ага ачууланабыз. Акылыңа, насаатыңа тойдум дейбиз.

4- Чүчкүргөндө «Алхамдулиллах» десе «Йархамукаллах» деп айтуубуз керек. Чүчкүрүү Рахмандан, эснөө болсо шайтандан.

5- Ооруп калганда зыяратына баруусу керек. Оорулууну зыярат таза кийим менен, жарык жүз менен орундалып, ооруп жаткан адамга жага турчу сөздөр айтылуусу керек жана көпкө турбоо керек.

6- Кайтыш болсо жаназасына баруу керек. Жаназа намазын окуу милдетибиз. Анын бул абалынан ибрет алуубуз керек.

Өмүр бою айланасында өлгөндөрдү көргөн жана алардын жаназаларын көтөргөн киши дайыма ушинтип улана берет деп ойлойт. Ошол жаназасын көтөргөн киши дагы башкалардын нечен ирет жаназасын көтөргөнүн ойлош керек, бирок, бүгүн келип өзү жаназа болду. Бир күн келет биз дагы жаназа боло тургандыгыбызды унутпайлы...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш