Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Материалдык жана руханий оорулар




Материалдык жана руханий оорулар


Адам баласында эки түрдүү оору бар. Бирөө денебизде пайда болгон кадимки «физикалык» оорулар. Экинчиси «руханий» көңүл оорулары.

Экөө тең дарылоого, эмдөөгө муктаж. Эмделбей турган болсо күчөп кетет, илгериде чоң кыйынчылыктарга себеп болот. Ооруга себеп болуп жаткан микроптор аныкталып жок кылынмайынча дарылоо кыйындайт.

Денебизде, организмде пайда болгон ооруларыбызды тез байкайбыз, дароо убакыт өткөрүп жибербестен дарыланууга аракет кылабыз. Дененин алсыроосу, табиттин кетүүсү мунун эң ачык белгилери болуп саналат. Ооруп жатканда эң жакщы көргөн тамактарыбыз, даамына тойбогон мөмө жемиштер бизге ачуудай сезиле баштайт! Жада калса, жегибиз да келбей калат. Ден соолугубуз ордуна келгенде кайра ошол даамды сезе баштайбыз.

Дал ушул сыяктуу эле ибадаттарыбыздан даам тата албай жаткан болсок руханий оорубуздун белгиси. Ибадаттарда ушунчалык чоң лаззат, даамы бар, сөз менен сүрөттөө мүмкүн эмес. Муну бир гана даамын таткандар билет. Бал жеп көрбөгөн кишиге балдын даамынын кандай экенин кантип түшүндүрөсүз. Руханий оорубуздун эмделүүсү дене ооруларынын эмделүүсүнөн да артык мааниге ээ. Бири бир нече күндүк дүнүйө өмүрүбүз менен, экинчиси болсо түбөлүк өмүрүбүз менен байланыштуу. Кыял сыяктуу, түш сыяктуу өткүнчү өмүр менен чексиз, түбөлүк бир өмүрдү кантип салыштырууга болсун!

Руханий оорубаган, ибадаттардын даам алган заттардын бири Абу Сулайман Дарани рахметуллахи алейх болуп саналат. Ал мындай дейт:

«Намаздардагы, өзгөчө түнкү намаздардагы даам болбогондо өзүмдү дүнүйөдөн ырахат алды деп санамак эмесмин.»

Окуган намаздардан ушунчалык чоң даам алгандыктан калган даам аттууларды унутуп койгон.

Намаздан кантип даам алынбасын? Жерде жана асманда эмне бар болсо бардыгын, бүткүл ааламды жоктон бар кылган жана каалар замат жок кылып жиберүүгө кудуреттүү болгон Раббибиздин алдында турабыз. Аны менен сүйлөшүүдөбүз. Ага кайрылуудабыз...

Бардык намаздарда окулуусу важиб болгон Фатиха сүрөсүндө мындай мааниде айтуудабыз:

«Жалгыз гана сага ибадат кылып, жалгыз сенден медет күтөбүз.»

Ээлеген макамы бийик бирөө менен көрүшүү өтө кыйын. Алдын ала саат белгилөө, даярдануулар керек болот. Мындан чоң көрүшүү орундалган кезде адамда кандайдыр бир сыймыктануу пайда болот. «Баланча киши менен көрүштүм» деп мактанып, андан майнап чыгарат. Бирок, көрүшүү менен сыямыктанган ал киши дагы биз сыяктуу топурактан жаратылган. Кайра топурак болууга мажбур. Раббибиздин алдында туруп ага кайрылуу «сыймыгы» жана «макамы» канчалык бийик! Дүнүйөнүн эч бир макамы бул «сыймыкты» адамга таап бере албайт.

Намазда аттахиййатта отурганда да Сүйүктүү Пайгамбарыбызга кайрылуу сыймыгына ээ болуудабыз. Ага салам берүүдөбүз. Биз өзүбүздөн өзүбүз бул макамга чыгып жаткан жокпуз. Биз ага чакырылдык. Раббибиздин алдында Анын чакыруусу менен болуу Жаннаттан да жогору.

Дин улуктарынан бири мындай деген: «Мен намаз окууну Жаннатка кирүүнүн ордуна тандаймын. Себеби, намаз окуумду Раббим каалап жатат. Ал эми Жаннатка кирүүнү болсо напсим каалап жатат. Раббимдин каалаган нерсени напсим каалаган нерсеге тандаймын.» Руханий ооруларыбыздын кайсылар экендигин жана алардан кутулуунун чараларын руханий дарыгерлерибиз бизге түшүндүрүшкөн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш