Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жаратылгандардын эң жакшысы жана эң жаманы!




Жаратылгандардын эң жакшысы жана эң жаманы!


Адам баласы жашоо үчүн күрөшүп жатып көптөгөн кыйынчылыктар жана коркунучтарга туш болот. Өрт, жер титирөөлөр, көчкү, сел, чагылган сыяктуу табият кырсыктары, эпидемия, уулуу жана жырткыч айбандар дагы канчалаган коркунучтар өмүрүбүздү кыйуу үчүн комдонуп турат. Бирок, булардын эч биринин коркунучу адамдын адамга кыла турчу жамандыгы менен салыштырууга болбой тургандыгын моюндообуз керек.

Чындыгында адам баласы башка жандууларга караганда канчалаган жогору касиети менен жаратылганына карабастан бул жөндөмдүүлүгүн өзүнө каршы колдонууда жана өз башына өзү башына балээ болууда.

Адам баласы өз акылын, бийик ой-жүгүртүү касиетин, акыл менен логикасын ар качан өзүнө зыян үчүн колдонууда. Кече болгондой эле бүгүн дагы жер жүзүндө адам балсы үчүн эң чоң коркунуч булагы Жада калса, бул коркунуч мурдагы убактарга караганда дагы да өскөн жана өсүп барууда. Адам баласынын азыркы күндө дагы эң көп корккону дагы эле адамдар. Адамдардын кээ бир катмары миң түркүн куралдарды жана методдорду колдонуу аркылуу бири-бирин контролдоодо, күнү-түнү дебей бири-бирин аңдып көзөмөлдөшүүдө. Башкача айтканда, адамдар башка адамдардын алдына дайым сак турууга мажбур болууда. Акылы жок болгон жырткыч айбандар дагы өз түрүндөгү калган жаныбаргаларга жамандык кылышпайт. Арстан арстандардын арасында арстан эмес. Жолборс дагы өз ичинде жолбостугун кыла албайт. Өзүнөн чоочун болгондорго кол салышат.

Технологиянын өнүгүүсү менен ойлоп тапкан ядролук куралдарды өзүбүз сыяктуу эле адамдарды өлтүрүү үчүн колдонуп жатабыз. Атом бомбасы кыргоол атуу үчүн чыгарылбаса керек.

Бир гана Экинчи Дүйнөлүк Согушту ала турган болсок анда өлтүрүлгөн адам саны кырк миллиондон ашык. Адам алейхиссаламдын заманынан бери карай жырткыч жаныбарлар өлтүргөн адамдын саны дагы буга жетпейт.

Руханий баалуулуктардан куру калган, ичинде Аллах коркуучу жок болгон адам – бул эң чоң жаныбар. Адамдардын арасындагы айырмаАдамчалык баалуу дагы, адамчалык төмөн, кадырсыз жандык боло албайт. Жаратылгандардын эң жакшысы жана шарапаттуусу адам баласы, эң жаманы да адам баласы!

Ой-максатсыз жашаган, дүнүйөдөн башка жашоону эсепке кошпогон адамдын канчалык баасы бар деп ойлойсуң?!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш