Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Күнөө кылуунун зыяндары




Күнөө кылуунун зыяндары


Күнөө кылган адам дүнүйө жана акыретте чоң кыйынчылыктарга дуушар болот. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Күнөө кылган кезде көңүлдө (жүрөктө) кара так пайда болот. Эгер тообо кылса ал так өчөт. Күнөө кылууну улантса ал так чоңойот жана көңүлдү толугу менен каптайт.” (Насаи) (Көңүл (жүрөк) карайгандан баштап ибадат кылуу кыйын болот, күнөө кылуу оңой болуп калат.)

"Күнөө кылууну уланткан адамдын убакыт өтүп көңүлү (жүрөгү) мөөрлөнөт. Ал адам сооп иш кыла албай турган болуп калат.” (Баззар)

"Дарттарың – күнөөлөр, дабасы истигфар.” (Дайлами)

(Адамдардын башына келип жаткан бардык кыйынчылыктар кылган күнөөлөрүнүн айынан. Истигфар кылган кезде, б.а., өкүнүп тообо кылган кезде күнөөлөрү жоюлат.)

"Өзүн күнөөлөрдөн коргобогон адамды Аллаху таала (дүнүйө менен акыретте кырсыктардан) коргобойт.”(Ибн Хузайми) (Күнөөдөн качууга аракет кылсак Аллаху таала да бизге жардам берет. Күнөөдөн тыйылууга маани бербесек кырсыктардан кутула албайбыз.)

"Адам кылган күнөөлөрүнүн айынан ырыскысынан куру калат.” (Хаким) (Күнөө кылган адамдын табышында береке болбойт. Өмүрү кыйынчылык ичинде өтөт.)

Бардык күнөөнү өтө кооптуу деп билүү керек! Момундун белгилеринин бири – күнөөсүн өтө кооптуу деп билет. Хадиси шарифте: "Момун күнөөсүн үстүндө турган тоодой көрөт, андан үстүнө кулап кетчүдөй коркот. Мунафык болсо мурдуна конгон чиркедей көрөт, азыр учуп кетет деп ойлойт”, – деп айтылган. (Бухари)

Күнөө кылууну уланткан адам унутчаак болот, акмак болуп, акылы азаят. Хадиси шарифте: "Күнөө кылган адамдын бир акылы кетет, кайтып келбейт”, - деп билдирилген. (И. Газали)

Хадиси шарифте: "Дүнүйө акыреттин талаасы”, - деп айтылган. Дүнүйөдө эмне тиксең акыретте ошону аласың...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш