Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Тообо жана истигфар




Тообо жана истигфар


Күнөө кылганда артынан дароо чын дилден тообо кылуу жана тили менен истигфар айтуу керек! Тообо бул - харам болгон бир ишти кылгандан кийин катуу өкүнүп, Аллаху тааладан коркуу, кайра ал харам ишти кылбоого ниеттенүү, чечим чыгаруу. Истигфар – күнөөнүн кечирилүүсүн тилөө, "Астагфируллах” деп айтуу дегенди билдирет. Астагфируллах – "Аллахым, күнөөмдү кечире көр” деген сөз. Ушуну менен катар истигфар кылуу күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болуучу жакшылыктарды, кайрымдуулуктарды кылуу болуп саналат. Мисалы, Курани карим окуу, садага берүү жана башка жакшылыктарды кылуу. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Тообо күнөөдөн кийин кайра ал күнөөнү кылбоо дегенди билдирет.” (И. Ахмед)

"Күнөөңөр көп болуп, асманга чейин жеткен болсо, өкүнө турган болсоңор Аллаху таала тообоңорду кабыл кылат.” (Ибни Мажа)

"Күнөө көңүлдө из калтырат, тообо жана истигфар кылганда ал так жуулат, көңүл тазарат.” (Тирмизи)

"Күндө 70 жолу истигфар кылгандын 700 күнөөсү кечирилет.” (Байхаки)

"Күнөөлөрүнө катуу өкүнүп, даарат алып, намаз окуган жана күнөөсү үчүн истигфар кылган адамды Аллаху таала кечирет.” (Насаи)

"Кыяматта амал дептеринде көп истигфар болгон адамга сүйүнчү болсун!” (Байхаки)

Барика китебинде мындай деп айтылат: "Тообо кылганда үч шартты орундоо керек:

Кылган күнөөгө өкүнүү керек!

Күнөөдөн дароо кайтуу керек!

Мындан ары ал күнөөнү кылбоого чечим кабылдоо керек!

Бул үч шартты орундабай, жөн эле тил менен тообо кылуу жалганчылык болот. Күнөөдөн кийин дароо тообо кылуу - парз. Тообону кечиктирүү, ал күнөөну кылуудан да чоң күнөө. Ал күнөө күн өткөн сайын эки эсеге арта берет. Ага (кечиктиргени үчүн) кошумча дагы тообо кылуу керек болот”.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш