Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Расулуллахтын үч насааты




Расулуллахтын үч насааты


  Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болоруна жакын Билал Хабашиге мындай деди: "Йа, Билал! Үммөтүмө айткын, мына бул үч нерсени орундашса бардык иштеринеде ийгиликке жетишет:

Эмне кылышса да жалгыз Аллах ыраазычылыгы үчүн кылышсын!

  Адам ар бир жумушун эки максаттын бири менен ишке ашырат: Аллах ыраазычылыгы үчүн же напсинин, б.а., адамдардын ыраазычылыгы үчүн. Адамдар көрсүн, мактасын же адамдар эмне дейт сыяктуу адамдардын ыраазычылыгын тандагандардын ишин Аллаху таала адамдарга калтырат. Аллахтын ыраазычылыгын көздөгөндөрдү Өзүнүн коргоосуна алат. Ким Аллах үчүн болсо Аллах да ошол адам үчүн болот. Тегерегиндеги адамдар Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттерине: "Сиз кандай жакшы адамсыз!” – дешет. Абдулкадир Гейлани: "Силер кайдан билесиңер?” – деп сурайт. Адамдар: "Элдин баары сизди жакшы көрүп, макташууда”, - деп жооп беришет. Ошондо Абдулкадир Гейлани хазреттери мындай дейт: "Биз, адамдар бизди жакшы көрсүн деп мусулман болгон жокпуз. Аллах жакшы көрсүн деп мусулман болдук. Бул адамдарга ишенип болбойт. Бүгүн мактайт, эртең жамандайт.”

Ар дайым ынтымакта, биримдикте болушсун!

  Биримдикте, ынтымакта рахмет, бөлүнүүдө болсо азап бар. Биримдикте кубат, бөлүнүүдө балакет бар. Биримдиктен максат денелердин бир жерде болуусу эмес, көңүлдөрдүн бирге болуусу, максаттын бир болуусу. Максаты Аллахтын ыраазычылыгы болгондун жүзү ак болот, анын көмөкчүсү – Аллаху таала болот.

Эч качан тууралыктан чыгышпасын!

  Аллаху таала туура (адал) адамдардын жардамчысы. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мусулманды "Колунан жана тилинен (эч кимге зыяны тийбеген) ишеничтүү адам” деп сыпаттаган. Мусулман – адал, адептүү, туура адам деген сөз. Мусулмандын өзү туура, сөзү туура, иши, амалы туура, бардык нерсеси туура, көзү менен көңүлү ток адам, анда жалган, куулук болбойт. Тууралык, адалдык анын белгиси жана саламаты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш