Рия


  Динибиз биз нерсени өзүнүн чыныгы көрүнүшүнөн терс кылып көрсөтүүнү жаман мүнөз деп эсептеген. Айрыкча акыреттик ибадаттарды жана башка дагы кайырлуу иштерди кылып, адамдарга өзүнүн акырет жолунда экендигин көрсөтүп, дүнүйөлүк каалоолоруна жетүү өтө чоң күнөө. Анткени бул – дүнүйөлүк пайда үчүн динди курал кылуу, ибадаттарын адамдарга көрсөтүп, алардын сүйүүсүнө бөлөнүү болуп саналат.

  Адамдардын сүйүүсүнө жана мактоолоруна жетүү үчүн дүнүйө иштери менен аларга жакшылык кылуу да рияга жатат. Ал эми ибадатта кылынган рия андан да жаман. Аллаху тааланын ыраазычылыгын ойлобой кылынган рия баарынан да жаман. Атак-даңк үчүн вааз, насаат айтуу, диний китептерди жазуу да рия болот. Ибадаттарына рия аралаштыруунун жамандыгы тууралуу билдирилген хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

  "Адамдарга көрсөтүү үчүн намазын мыкты окуп, жалгыз калганда андай окубаган адам Аллаху тааланы мазактаган, Аны урматтабаган болот.”

  "Дүнүйөдө рия, адамдарга көрсөтүү ниети менен ибадат кылган адамга Кыямат күнү: "Эй, жаман адам, бүгүн сага сооп жок. Дүнүйөдө кимдер үчүн ибадат кылган болсоң соопторуңду ошолордон барып ал!” – деп айтылат.”

  "Аллаху таала: "Менин шеригим, ортогум жок. Мага шерик, орток кошкон адам соопторун ошондон сурасын!” – деп буюрат. Ибадаттарыңарды ыкылас менен кылгыла! Аллаху таала ыкылас менен кылынган иштерди кабыл кылат.”

  Ибадат Аллаху тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн кылынат. Башка бирөөнүн сүйүүсүнө, жакшылыгына жетүү үчүн кылынган ибадат ага сыйынуу болуп саналат. Аллаху таала ыкылас менен ибадат кылуубузду буйрук кылган. Хадиси шарифте мындай деп айтылат: "Аллаху тааланын бир экендигине ыйман келтирип, ыкылас менен намазын окуп, зекетин берген адамдан Аллаху таала ыраазы болот.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш