Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Напсиңди жанчкың келсе




Напсиңди жанчкың келсе


 Түркистан пири атыккан улуу олуя Кожо Ахмет Яссави хазреттеринин бир кишиге айткан насааты мындай эле:

"Адеп адамдын денесиндеги рух сыяктуу. Негизи адеп Аллах досторунун көзү жана көңүл нуру болуп саналат. Эгер шайтандын башын жанчып салгың келсе көзүңдү ачып кара, шайтанды жанча турган, өлтүрө турган нерсе бул – адеп. Көзүңдү ач да Аллахтын сөзү болгон Курани каримди кара. Курани каримдин бардыкаяттары адептүүлүктү таалим кылат, адепти үйрөтөт. Сен барыңды, жогуңду, малыңды, мүлкүңдү бер да көңүл ал (адамдарды кубант). Ошол көңүл мазарда, капкараңгы жерде сага жарык берсин, нур берсин. Хактын досу болгон бир адам менен бир көз ирмем бирге отуруу бир өмүргө тете. Бирок, Хак досторунун терси болгон, таш жүрөк адамдар да бар, алар менен бирге отуруу мындай турсун, аларды көрбөө, алардан узак болуу ааламдын мүлкүнө тете. Көңүлүмө айттым: "Алдыда болууга умтулба, мээримдүү бол. Таарынта турчу, жанга бата турчу тикен болбогун. Сага эч кимден жаманыдык келүүсүн каалабасаң жаман сөздүү болбо, жамандык үйрөтүүчү, жамандык ойлоочу болбогун. Дайым салих амалдуу бол.” Көңүлүңдү Аллахты зикир кылууга көндүрсөң милдеттүү түрдө көңүлүң зикирдин бере турган нуру менен нурданат. Ал нур көңүл көзүңдүн ачылуусун камсыз кылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш