Жоомарттык


Пайгамбарыбыз Зубайр бин Аввам хазреттерине мындай деген: "Эй, Зубайр! Аллаху таала мал-мүлкүн өзүнүн жолунда жумшагандарды жакшы көрөт. Сараңдарды жакшы көрбөйт. Жоомарт киши Аллаху таалага тобокел кылгандардан болот. Сараң болсо толук тобокел кылбаган деген сөз. Башкача айтканда, андай адам Аллаху тааланын ырыскыга кепил экенине күмөн менен карайт.Кимдин Аллаху таалага деген тобокели толук болсо ал Бейишке кирет. Шектенгендер Тозокко барышат. Аллаху таала мындай дейт:

"Эй, кулдарым! Мен силердин Раббиңермин! Силер менин макулуктарымсыңар. Силерди мен өзүм ырыскыландырамын. Ырыскы үчүн өзүңөрдү бошко алдан тайдырбагыла! Ырыскыңарды менден сурагыла! Муктаждыктарыңарды, каалоолоруңарды мага тапшыргыла, менден сурагыла! Силер напсиңерге ээ болгула, ырыскыңарды болсо мен жиберемин.

Эй, кулум! Менин ыраазычылыгым үчүн сага бергендеримен инфак кыл, менин жолума жумша, мен да сага мээримимди арттырайын. Сен колуңду ачык кармасаң мен да ырыскыңды көбөйтөмүн. Сараңдык кылсаң ырыскыңды азайтамын. Сага берген мал-мүлктөрдү пайдаланбай, жыйнап казына жасасаң башка бербей коёмун.

Ырыскы эшиги күнү-түнү ачык. Ырыскыларды ар бир адамдын ниетине жана жакшылыктарына жана берген садагаларына жана оокат кылуусуна карай жиберемин. Башкаларга берүү, ичирип-жедирүүсү көп болгондорго көп жиберемин. Сараңдык кылгандардыкын азайтамын.”

Эй, Зубайр! Аллаху таала жоомарттыкты жакшы көрөт. Жада калса, бул жомарттык бир даана курма менен болсо да. Эй, Зубайр! Өзүң же башкаларга да жегиз! Малыңды, акчаңды катып, башкаларга жегизбесең башкалар да сенден жашырып, жегизбейт. Сараңдык кылсан сараңдык көрөсүң! Бирөөгө кыйынчылык туудурсаң сен да кыйынчылык көрөсүң!”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш