Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Өзүн кемчиликтүү деп билүү




Өзүн кемчиликтүү деп билүү


Даанышман заттар айтышат:

Эки түрдүү акыл бар. Акл-и салим жана акл-и саким. Акл-и салим диндин ар бир өкүмүн ойлонуп отурбай эле дароо кабылдайт. Бул акыл пайгамбарларда, кутман сахабаларда, аалым жана олуя заттарда болот. Акл-и саким болсо - калган адамдардын акылы.

Аллаху таала ким эмнени кааласа ошону жаратат. Абдан сүйгөн пенделеринин каалоолорун кээде жаратпайт. Анткени, алардын ошол каалоолору жаш баланын чокко, отко жакындоосу сыяктуу. Ушундай кылган балага албетте эне-атасы аны сүйгөндүгү үчүн тоскоол болот. Аллаху тааланын дагы сүйгөн пенделеринин кээ бир каалоолорун жаратпоосу дал ушуга окшош. Ыймансыз адамды болсо сүйбөгөндүктөн, анын дээрлик ар каалаган нерсесин жаратат.      

Кандайдыр бир кайгы, бир кыйынчылык бар болсо, күнөөнү эч кимден издебешибиз керек, өзүбүздөн издешибиз керек. Анткени, Аллаху таала кулдарына зулумдук кылбайт. Динибиздин ичинде эч кандай зыян жок жана болушу да мүмкүн эмес. Динибиздин сыртында дагы эч кандай пайда жок жана болушу да мүмкүн эмес. Кыйынчылыктан кутулуунун жолу - көп-көп истигфар кылып, өзүн эсепке тартуу, күнөөнү өзүнөн издеп табуу.

Имам Раббани хазреттерине бир шакирти кат аркылуу: "Устазым, катуу ооруп жатамын”, - деп, дартын айтат. Жообунда: "Сенин башка бир ооруң бар. Эмне себептен ошол оорудан кеп кылбай жатасың? Ошол ооруң менен өлө турган болсоң Тозокко кетесиң. Сенин жүрөгүң (көңүлүң, дилиң) оорулуу”, - деп жазат. Ошол шакирт катасын түшүнүп, дароо кайра кат жазып: "Ооба, жүрөгүм катуу оорулуу, мага дуба кылсаңыз!” – деп кайрылат. Имам Раббани хазреттери төмөндөгү жоопту жазат:

"Сен оболу мына бул нерселерди кылгын, ошондо дубага татыктуу болосуң:

1 – Адам алгач күнөөсүн, оорусун кабылдоого тийиш. Оорум жок деген адамга дары белирмек беле?

2 – Өкүнүп тообо кылууга жана күнөөдөн баш тартууга тийиш.

3 – Тили менен Аллаху таалага жалбарууга тийиш!

Мына ушул үч шарт орундалса кылынган дуба кабыл болот. Бул үч шарт орундалбаса дубанын пайдасы болбойт.”

Адам өзүн канчалык кемчиликтүү деп билсе, дин боордошун ошончолук туура, ардактуу жана урматтуу деп билет. Бул дагы анын кутулуусуна себеп болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Чындык өзү жакта болсо дагы күнөө менде, сеники туура деп айткан адамга Бейиште сарай берилет, мен буга кепилмин”, - деп буюрган. Күнөөсү жок, бирок, талашып-тартышуу узап кетпесин, көңүлү оорубасын деп, дин боордошунуна "Күнөө менде, сеники туура” деп айтууда. Анткени, эмне максатта болсо болсун, талашып-тартышууга киришилгенде каршыдагы тарап күнөөлөнгөн болот же сен билбейсиң деп айткан болот, натыйжада көңүлү сынат.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш