Достун тикени


Дүнүйө жана акырет бакыты үчүн жакшылар менен бирге болуу керек. Салих (жакшы) дос тапканда ага ылайыктуу сый-урмат көрсөтүү, кемчилигин издебөө керек. Ал тууралуу суизанда (жаман ой менен күмөндө) болбоо керек. Орунсуз сөз жана иш-аракеттерин көргөндө билбестиктен, байкоосуздуктан же адашуучулуктан болсо керек деп жоромолдогон жөн. Башкача айтканда, үзүрлүү бир себеп менен күнөөсүз экендигин кабылдоо керек. Анткени, жакшы мүнөздүү адам башкаларга кечирим менен карайт, алардын кемчиликтерин жарыялабайт.

Достуктун боосу бир туугандыктай бекем болуусу керек. Бир тууганың ката кылса мисалы, өз балабыз күнөө кылып койсо аны таштап кетүүбүз керекпи?! Албетте, жок. Ага мунун каталыгын, туура эмес экендигин түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Ошол сыяктуу эле досту да катасы үчүн таштап кетүү, байланышты үзүп кетүү туура эмес. Ата-бабаларыбыз: «Жолдошун таштаган жолдо калаар», «Бөлүнгөндү бөрү жейт», - дешкен. Айыпсыз, кемчиликсиз адам болбойт. Кемчиликсиз, катасыз дос издеген адам доссуз калат. Үйдө өмүрлүк жолдошубузда, бир туугандарда, кошуналарда, бирге иштеген кесиптештерде, бирге окуган, бирге жүргөн достордо ката, кемчилик болуусу мүмкүн. Бирок, ошону менен катар көптөгөн жакшы сапаттары да болот. Жакшы сапаттарын көрүүгө, достукту чыңдоого, биримдик менен ынтымакка умтулуу керек.

Фарураддин Аттар хазреттери вааз-насаатында мындай деген: «Бир медресенин устазына анын шакирттери келип:

-Устаз, колуман келишинче жакшы окууга, сизге ылайыктуу түрдө кызмат кылууга аракет кылуудамын. Бирок, медреседеги кээ бир балдардын жагымсыз мүнөздөрү бар. Мен сыяктуу бир нече досторубуз дагы ушул медреседеги кээ бир балдардын жаман мүнөздөрүнө карата даттанышууда. Ушундай улам биз бир канчообуз медреседе жашабай сырттан каттап окусак болобу? – дейт.

-Балам, мен сага бир тамсил менен кеңеш айтайын, андан кийинкисин өзүң чечээрсиң. Аяздуу суук күндөрү билесиң, мал жандыктар жылынуу үчүн бири-бирине ыкташып, тыгыз жайгашышат. Ошол сыяктуу эле бороондун астында калган бир топ кирпи сууктан коргонуу үчүн бир жерге үйүлүп, бири-бирине жакындай калышат. Тикендери бири-бирине сайылып, ооруп кеткендиктен кайра аралары ажырай түшөт. Тоңо башташканда кайрадан биригишип, бир канча убакыттан кийин тикендеринин сайгылашканынан улам кайрадан ортолору ачылат. Сууктан коргонуу менен тикенден коргонууну тандоонун арасында толкуп, бир канча жолу ушинтип барып-келишет. Акыры досторунан келген ушул ыңгайсыздыкка чыдай ала турушкандыгын түшүнүшкөндө биригип, бири-бирине катуу кымтынып алышат. Ушундайча аяздуу сууктан аман калышат. Эгер, «тикени сагылап жатат» деп ар кайсысы өз алдынча чачырап кеткенде сууктан тоңуп өлүшмөк эле... Балам, силер дагы бири-бириңердин тикениңерге чыдай билсеңер напсиңер тарбияланат, сый-урматчылдык, биримдик менен ынтымак сыяктуу көптөгөн жакшы сапаттарга ээ болосуңар. Эгер «Мунун мындай мүнөзү бар, тигинин мурду бучук, тигинин оозу кыйшык» деген сыяктуу шылтоо айтып, ар кимиң өз башыңар менен кетсеңер суукка тоңуп жок болосуңар. Ушуну эске алуу менен чечим чыгаргыла», - дейт устаз. Муну уккан шакирт достору менен бирге өз каталыктарын түшүнүп, тообо кылып, медреседе калышат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш