Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жакшылыкты саноо менен эмес чачуу менен кылгыла!




Жакшылыкты саноо менен эмес чачуу менен кылгыла!


-Ар кыйынчылыктын, ар ийгиликсиздиктин, ар дарттын дарысы – намаз жана истигфар. Аллаху таала күнөө кылган кулун ийгиликтүү кылбайт.

-Аллаху таала күнөө кылбагандардан жана күнөө кылынбаган жерлерден ыраазы. Сиз күнөө кылбоого жана айланаңардагы адамдарды күнөөдөн коргоого аракет кылгыла.

-Аллаху таалага сыйынган адам Анын коргоосунда болот.

-Ыклас, сүйүү жана баш ийүү, бул үчөө бири-биринен ажырабаса пейз келет. Ажыраса пейз бергиси келсе дагы пейз келбейт.

-Аллаху таала бир кулунан ыраазы болсо ага бардык нерсени берген дегенди түшүндүрөт.

-Ар нерсенин, ар иштин бир максаты, кыбыласы бар. Негизги максат – ыйман менен жан тапшыруу, Аллах деп айтуу. Аллахты унутуп иш кылган адам Жаханнам отун талап кылууда. Чын ниеттүүлүк бар болсо жакшылык менен, таттуу тил менен эстетип, ага жардам кылуусу керек.

-Эки мусулман амандашып кол алышканда колдорун бири-биринен ала электе күнөөлөрү төгүлөт.

-Күнөө кылынбаган жерде хузур тынчтык бар. Күнөө кылынса тынчсыздык башталат. Күнөөлөр көңүлдү кысат, Аллаху тааланы зикир менен алек болуу адамга ырахаттык берет, күнөөлөрдү суук көрсөтөт. Бир мусулман күнөө кылбаса Жаннат жакшылыктары башталат.

-Шайтан ачуулуу маалда акылды жабат, алаканынын ичине салат, бүт нерсени кылдырат.

-Канчалаган кичине амал ниет менен чоңоёт, канчалаган чоң амал болсо ниет менен кичирейет.

-Фасык адамдар Аллаху тааланын сыпаттарына, ыймансыз адам болсо Аллаху тааланын затына душман.

-Жоомарттык менен жакшылык кыл. Бирок, колко кылба, себеби, жоомарттыктын пайдасы сага таандык.

-Мусулмандын сунган даамында шыпаа бар. Белек берүү да, алуу да сүннөт.

-Жакшылыкты саноо менен эмес чачуу менен кылгыла!

-Колуна, тилине, белине ээ болгон адамдан жамандыктар алыс болот.

-Көз экөө, кулак экөө, ооз бирөө, көп көрүп, көп угуп, аз сүйлөө керек.

-Ичи жарык адам сыртына да жарык чачат.

-Адамдын сөзү даанышман, кароосу ибрет жана укчукпоосу сабак болуусу керек.

-Кымындай тешик чоң кемени чөгөрөт.

-Бир мүшкүл ишке сабырсыздык кылуу андан да чоң мүшкүл болуп саналат.

-Насаат албаган адамды мүшкүл басат.

-Зулумдук көрсөтүп өлгүчө зулумдук көрүп өл!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш